Лицейдин ойчулу дүйнөдө үчүнчү орун алды

kayrat11-13-апрелде Түркиянын ордо калаасы Анкара шаарында мектеп курагындагы ойчулдардын (Dreamline) эл аралык 5-олимпиадасы болуп өттү. Анда Нарын кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучусу Кайрат Турдалиев үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль менен сыйланган. Мындай маалыматты лицейдин деректири Халил Коч билдирди. Береги эл аралык деңгээлдеги чоң жарышка дүйнөнүн 28 мамлекетинен мен ойчул дегендер катышкан экен. Натыйжада, дүйнөдө физика боюнча үчүнчү ойчул окуучу деп табылган К.Турдалиев 350 доллар менен сыйланып, сертификатка эгедер болгон. Ал эми Кайраттын мугалими Ахмед Рифаи Асланга 150 доллар сыйлык берилген. Ойчул окуучунун жана мугалиминин Түркияга сапар карытып келишине лицей 1000 доллар, Нарын облустук акимчилиги губернатордук кордон 25 миң сом, ал эми Нарын шаар мэриясы 3 миң сом демөөрчүлүк көрсөтүшкөн.

Күмөндөр Усуптегин, Zaman-Кыргызстан”, 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.