Саффо же Псапфо Б.з.Ч. VII кылым, Греция

Ашыклыкка гимн

Кудайбы дейм: сени менен олтурган,
Кумар жазып, колтугуңа кол сунган,
Көзүң көрүп, сөзүң угуп жалынган,
Махаббатка малынган!

Ал өпкүлөп уурутуңан, жылмайган,
А мен байкуш жыргалыңан кур калам:
Көрсөм сени ооз ачалбайм жалдырап,
Калат денем шалдырап.

Кан дүркүрөп кулак укпай, тил дудук,
Карек өчүп какшып калган бир кудук,
Өрт тийгендей өнө боюм бүт сенек,
Бүт титиреп бүктөлөт.

Калчылдатып басат мени кара тер,
Кадам бассам алуучудай кара жер,
Денем муздап, куусаң чөптөй кубарам,
Мен бир өлүк сулаган.

(Эрнис Турсуновдун котормосунда)

“Жаңырык Апта” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.