Александр Пушкин

(1799 — 1837)

«Анжело» поэмасы (которгон Шаамерчем)

 

* * *

Мен сизди сүйөт элем, балким сезим
Дагы эле жүрөгүмдө өчө электир.
Бирок мен аны сизге билгизбеймин —
Мен сизди капаланткым келбейт эч бир.

Мен сизди сүйөт элем үмүт үзүп,
Бирде азып, бирде алдырып кызганычка.
Сүйүүмдөй эң бир таза, эң бир назик
Сүйсө экен сизди бирөө бул жазмышта.
(которгон Марат Токоев)

 

СҮЙГӨМ СИЗДИ…

Сүйгөм сизди: сүйүүм балким, дагы эле
өчүп калбай, жүрөктө тур кызыл чок;
Бирок эми бүлүк салбайт ал сизге;
Эми сизди мен алагды кылгым жок.

Сүйгөм сизди арсар үмүт, ичимден;
Кээде сестенч, кээде кызганч басса да
чын берилип өзүңүздү сүйдү элем,
эми мендей сүйө алса экен башка да!..
(кыргызчалаган Шаамерчем)

 

АЙКЕЛ

Тургуздум айкелимди – киши үзүлбөйт,
Колунан келбейт андай түк эч кимдин;
Бийиктиги – калпагың жерге түшөт,
Улуктугу- шоона эшпейт Искендериң…

Жок, өлбөйм эч, кан-жаным кооз ырда,
Житибейт да чирибейт эч арбагым .
Өчпөйт менин атагым калганда да
Жер үстүндө тикендей сыңар акын.

Дүңгүрөп улуу Орус кыйырлары,
Жаңырат менин ысмым не бир калкта;
Дымактуу славян уулу, финдер дагы,
Даңкташат жапан туңгуз, чөл калмак да.

Даңкташат узак жылдар ырларымды,
Ак пейил, аруу ойлор ойготконум,
Байкушка ырдан колум сунганымды,
Азаттык күүлөрүмдү катаал доордун.

Моюн сун, о ырпери, бу- тагдырың
Сөккөнгө калтаарыба, так талашпа,
Мактоого, жалаага да алынбагын,
Акмакка теңелбегин, араздашпа.
(кыргызчалаган Шаамерчем)

 

ТАБЫШМАКТУУ ГҮЛ

Катырылган гүлдү көрүп
Калтырылган китептен
Ажайып бир ойлор келип
Кыялдарга баттым мен:

Кайда, качан, эмнеге
Гүл китепке түштү экен?
Жатпы, өзбү- кай пенде
Кайсы жаздан үздү экен?

Учурашуу белгисидир?
Ажырашуу арманыбы?
Же кыялкеч жалгыздап бир
Шибер, бакка барганыбы?

Бозой кайда? Кыз кайда?
Тапты бекен таалай – бак?
Соолдубу же алар да
Ушул сырдуу гүл сымак?..
(кыргызчалаган Шаамерчем)

 

ТАБЫШМАКТУУ ГҮЛ

Катырылган гүлдү көрүп
Калтырылган китептен
Ажайып бир ойлор келип
Кыялдарга баттым мен:

Кайда, качан, эмнеге
Гүл китепке түштү экен?
Жатпы, өзбү- кай пенде
Кайсы жаздан үздү экен?

Учурашуу белгисидир?
Ажырашуу арманыбы?
Же кыялкеч жалгыздап бир
Шибер, бакка барганыбы?

Бозой кайда? Кыз кайда?
Тапты бекен таалай — бак?
Соолдубу же алар да
Ушул сырдуу гүл сымак?..
(кыргызчалаган Шаамерчем)

 

ЭМЕНДЕР КӨЛӨКӨСҮ

Түн кирди Грузия кырларына,
Арагва бет алдымда жатат агып.
Кайгырам, бирок кайгым нурланууда,
Элесиң ал кайгымды кылып жарык.
Өзүңдөн, бир өзүңдөн… тарткан жапам,
Кыйнаган эч нерсе жок кошул-ташыл.
Сүйгөндөн жүрөк түтөп бара жатам,
Сүйбөшкө эч бир мүмкүн эмес азыр.
Которгон Жалил Садыков

 

 

Соц тармактар:

Александр Пушкин: 2 комментария

  • 15.08.2011 в 21:48
    Permalink

    БУл ырдын Э.Турсуновдун котормоу боюнча вариантына мен обон жазып ырдап журом.

    Ответ
    • 16.08.2011 в 08:13
      Permalink

      Эгер обонго салынса, анда накта кыргызчаланган экен. Негизи Турсунов агай — кыргыз котормочуларынын дөө шалысы. Эми поэзияда бир ырдын бир нече котормосу болушу — кадыресе көрүнүш. Ар ким ар кандай которот, бирине бул жакса, экинчисине башкасы. Менимче, поэзиянын жагымдуулугу, артыкчылыгы да ушунда — ар ким өзүнө жаккан нерсени, жан дүйнөсүнө жакын нерсени таба алат.

      Ответ

Добавить комментарий