Бай баласы Баян – Тургун Бердалиев

Оору менен алышып, ажал менен күрөшкөн талант

КР эмгек сиңирген артисти, театрда да, кинодо да өз орду бар талант Тургун Бердалиев быйыл 62 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. 1970-жылы Алматы шаарындагы театралдык институтту бүткөндөн кийин кыргыз академиялык драма театр сахнасынан чыгармачылык чыйырын баштаган. Куттуу сахнада 39 жыл жашап, жүздөн ашуун унутулгус образдарды элге таанытып, театр искусствосун көрөңгөсүн байыткандардын бири. 1991-жылы театр фестивалда “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклинде Дүлөй чалдын ролун мыкты ойногону үчүн республиканын мыкты актеру дипломун алган. Бир канча эларалык фестивалдарга катышып, театр сынчыларынын мактоосуна арзыган.

Тургун Бердалиев театрда гана эмес, кыргыз киносуна да зор салымын кошкон. 17 жашынан кино дүйнөсүнө аралашып, “Түштүк кызы”, “Ар кимдин өз жолу бар”, “Саманчынын жолу”, “Уркуя”, “Мен Тянь-Шань” тасмаларында комедиялык жана драмалык ролдорун чеберчилик менен ойноп, кыргыз кино тарыхында из калтырган. Кыргыз театр жана кино маданиятына жасаган эмгеги жана таланты үчүн 1979-жылы СССР Совет министринин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланып, 1995-жылы КР эмгек сиңирген артисти, 2002-жылы “Кыргыз киносунун отличниги” наамын алган.

Көздөн жаш тегереткен “Ак Мөөр”

Тургун Бердалиев радио, телевидениеде рекламалык роликтерге тартылып, кино, сатира жанрына үзбөй катышып турган. Бирок өз оюн айтып, гезит бетине чыкканы сейрек кездешчү. Өмүрүнүн акыркы жылдарында кайсы бир гезитке чыгармачылыгы туурасында “Ак Мөөр ” тасмасында байдын Баян деген баласынын ролун ойногом. Азыр “Ак Мөөрдү” көргөндө көзүмөн жаш тегеренет. Анткени ошондогу залкар артисттердин барысынын көзү өтүп кетиптир. М. Рыскулов, Т. Турсунбаева, Д. Күйүкова, Б. Бейшеналиев, С. Жумадылов, И. Эшимбеков, айтор бүт эле жок. Алар кыргыз киносуна кандай гана эмгектерин сиңиришти эле…” деп айтып бергени бар. Эми өзү да ошолордун катарында… Тургун ага журналисттерге “эгер мен артист болбосом, барыбир чыгармачыл адам болмокмун. Мектепте окуп жүргөндө фотоаппарат менен сүрөт тартканга кызыгып, мектептин фото кабарчысымын. Ал кезде оператор болсом деп кыялданар элем. Киного түшүп калган кезде режиссерлор “сенден мыкты артист чыгат” десе баш-отум менен актерлукка бел байлап алгам. Театр, искусство адамдары байлыкка кызыкпайбыз. Элдин кабыл алганы, алардын кол чабуусу биз үчүн байлык, майрам” деп айткан эле. Тургун ага чыгармачылыкта эл залкар таланттарды көзү тирүүсүндө барктап албаганына абдан кейичү. Бирок, көзү тирүүсүндө өнөр адамына кандай сый-урмат керек болсо, ошонун баарына бөлөндүбү, жокпу?..

Көшөгө артында

Турмушта жөнөкөй мүнөз күткөн Тургун Бердалиев эки уулдун атасы. Көчөдө тааныгандар өз атынан атабай, “Ак Мөөрдөгү” “ата, катын алам баратат” же “Уркуядагы” “Теке” деп айтышчу. Тааныгандардын мындай мамилелерине терикмек турсун, кайра ичинен ыраазы болуп, көчөдөн таанышып, сүйлөшөм дегендерге каршылык көргөзгөндү билчү эмес.

Тургун менин тагдырыма капысынан аралашты

Зухра Жаманкулова, Тургун Бердалиевдин өмүрлүк жары: “Ой-боюма койбой ала качкан”

Тургун менин тагдырыма капысынан аралашты. Бир жолу чала-була көргөм, экинчи ирет жолугушканда ала качып кетип, өмүр бою бирге жашадык. Жаштар сымал сүйлөшүп, ысык сезимдерге байланып баш кошпогондуктан, башында бири-бирибизге көнө албай кыйналган учурлар болду. Биз үйлөнгөн жылы Тургун “Ак Мөөр”, “Уркуя” тасмаларына тартылып, жылдыз оорусу менен ооруп турган убагы. 70-80-жылдар ортосунда кино искусствосу жаңыдан пайда болуп, элдин арасында өзгөчө күчкө ээ, “киного тартылыптыр же кинонун бетачары” дегенде башкача мамиле. Кино искусствосу кол жетпестей көрүнүп, тасмага түшкөн актерлор да саналуу. Корифейлерди, анан экинчи, үчүнчү муундагы актерлорду элдер таанып, кай жерде болбосун урмат-сыйга бөлөп, өзгөчө жылуу мамиле менен кабыл алар эле. Мен белгилүү, таланттуу адам менен жашоо кандай кыйын экенин ошондо билдим. Тургун да кур калбай, таланты, дарамети менен кинодо жылт эткен роль болсо да тартылып жүрдү. Ал убакта театрга А. Чокубаев, С. Бийназаров, Ж. Козукеев сыяктуу өзүнчө күчтүү муун келген. Көбү Т. Турсунбаеванын курсташтары. Ошолордун арасында Алматыдан бүтүп келген жалгыз Тургун эле. Анда азыркыдай техниканын гүлдөгөн мезгили жок, театрды эл абдан аздектечү. Тургун кесиптештери менен 2-3 айлап гастролдоп кетип, үйбүлөдөгү түйшүк, эки уулду тарбиялоо да менин милдетим болду. Тууган, жоро-жолдош, алыш-катыш жүгү мойнумда. Негизи актерлордун кесиби аларды туугандарынан кол үздүрүп, жакындар менен катыштырбай калат экен. Ушундай нерселердин айынан экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр көп болуп, мүнөзүбүз да таптакыр төп келчү эмес. Жаңы баш кошкондо таптакыр көнө албадык. Кийин балалуу болгондо бардыгын мойнума алып, актерлордун турмушун түшүнүп, кечиримдүүлүк, сабырдуулук менен мамиле кылып калдым.

Ишсиздин “жолдошу” инсульт окшойт

Аңгыча коом, заман алмашып, актерлорго жаман болду. Айрымдары ичкиликке берилип, таланты талкаланып жок болду. Театрга киши келбей, кино тартылбай калды. Ушул убакта Тургун да мүнөзү өзгөрүп, денсоолугу начарлап, ичкиликке да берилип, бир ирет инсульт болду. Балдарым да чоңоюп калгандыктан үйбүлөбүз менен атабыздын абалын туура түшүнүп, жөлөп-таяп мамиле кылганыбыздан Тургун сакталып калдыбы дейм да. Кийин театр жанданып, элдер спектаклге келе баштаганда кайрадан ишке киришти, бирок жаш өтүп кетет экен. Мурдагыдай боло албай, кирди-чыкты иштеп, аз да болсо ролдорду ойноп, бүт өмүрүн театрга арнады. Ошентсе да драмалык актер катары мүмкүнчүлүгү ачылбай кетти, драмалык ролго татыктуу экени “Апамдын махабаты” спектаклинде Аскардын образын жараткандан кийин билинди. Аскар-Тургундун биринчи аткарган оң каарманы. 2007-жылы түркмөн режиссеру Какажан Ашыров койгон “Чынгызхандын ак булуту” спектаклинде Олуянын образы акыркы ролу болду. Эпизоддук болгону менен чоң маанини камтыган драмалык, трагикалык зор образ. Кирип-чыгып, аз сөз сүйлөгөнү менен абдан иштептир. Бирок сахнада чоң чеберчилик, ички динамика менен ойногондуктан, образы күчтүү чыкты. Негизи ушул спектакль абдан мыкты коюлган. Театрда актерлор оң, терс каарман деген сыяктуу өзүнчө ампулага бөлүнөт. Режиссерлор да бөлүнгөн боюнча оңоюна карап тарта бергендиктен, көп актерлордун таланты толугу менен ачылбайт. Мисалы Россияда Лебедев деген актер болгон. Дайыма мастандарды, терс каармандарды ойногон. Себеби өңү ошого окшош болчу. Бирок режиссер анын ошол образын алмаштырып, карама-каршы образдарды берген. Чурикова деген актриса акылсыз айымдардын образын жаратуу менен баштаган. Бактысына Панфилов деген режиссер чыгып, Жанна Д Аркты жана башка мыкты ролдорду ойноду. Эң негизгиси, актерлор менен иштешүү зарыл тура. А кыргыздар оңой жагына карап, актерлорго ылайыктуу ролдорду берип, спектаклди жеңил чыгарышат экен. Муну айтканым, Тургун бою узун, келбети келишкен актер эле да. Келбетин өзгөртүп, театрда болобу, кинодо болобу мыкты ролдорду ойнотсо болмок. Тилекке каршы, анын чыныгы жүзүн эч ким байкап, маани бербегени өкүнүчтүү. Эгер режиссерлор жүзүн ачып бергенде мындан да мыкты, мындан да зор образдарды жаратмак.

Ооруну сурасаң, айыкканга тете

Өмүрүнүн акыркы жылдарында оору менен абдан алышты. Жүрөгү ооруп, мүнөзү өзгөрүп, ооруга моюн сунуп калган. Ошентсе да театрда ролдорун төшөктө жаткан жеринен туруп келип ойноп жүрдү. Катуу ооруп атып “Чынгызхандын ак булуту” менен Түркияга кеткенде “бир нерсе болбосо экен” деп тынчсызданып, аябай коркком. Анткени андан мурда үч-төрт ирет реанимацияга жатып, врачтар мага “адам болбойт” деп айтып, кадимкидей даярданып калганбыз. Бирок бир жылдын ичинде үч жолу катуу ооруну жеңип, бутуна туруп кетти. Түркиядан ооруп келип, ооруканага жатып калды. Анан Ч. Айтматовдун 80 жылдыгына карата өткөн “Арт Ордо” фестивалында “Тургун, ойной албай калып, кесиптештериңди жаман абалга калтырып жүрбө, ордуңа башканы даярдатсаңчы” дегениме болбой, болгон күчүн жумшап ойноду, бирок жакшы болбой калганын театр сынчылары айтышты. Алар Тургундун оору менен алышып, ажал менен күрөшүп жүргөнүн кайдан билсин.

Ажал улук, өлүм ак

“Арт Ордо” фестивалынан кийин төшөккөжатып калды. Курман айттын убагы эле, үч күн үйдө болгон соң ооруканага жеткиздик. Реанимацияда жатканда Тургунга талантын баалап, Айтматов фонду тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшырышты. Он беш күн урологияда жатып, бөйрөгүнүн ооруганына карабай, төртүнчү жолу ооруну жеңип, туруп кетти. Ушунча жыл бирге жашап, кайратынын күчүн ошондо билдим. Жаңы жылды биз менен чогуу тосуп, бир ай үйдө жатты. Көчөгө чыгып, кээде театрга баш багып жүрдү. Бирок дарт дегенге айла жок экен, кайра ооруканада он эки күн реанимацияда жаткан соң, “болбойт” деп чыгарып беришти. Үйгө бир түнөп, ошо менен көз жумду. Кыйналып атканда жашоодон үмүтүн үздү окшойт, мага, балдарына акыркы минуталарда “мен эмне кемчилик кетирсем кечиргиле, силерге ыраазымын” деп ыраазычылыгын айтты. Албетте, өлүмдөн эч ким качып кутула албайт. Бирок, ажалга моюн сунуп атканда кечирим сурап, ыраазычылык билдирген адамдар чанда болот эмеспи. Тургундун ушул сөздөрүнө ыраазы болдук. Балдарына акыл-насаатын, мага керээзин айтып, анан комага түшүп калды. Ал да биздин ыраазычылыгыбызды алып, жаны жай таап кетти.

Атадан артык уул

Уулдарыбыз ата кесибин аркалаган жок. Тургун да актердук татаал, оор турмушту балдарына каалабады. Улуу балабыз филолог, бирок күч структураларында иштейт. Кичүүсү КМУУнун алдындагы Мамлекеттик башкаруу жана менеджмент институнун аяктап атат. Армен Джигарханян “актердун эң чоң эмгеги өзүн адам катары сактап калыш” деген. Көрсө актерлор улам бир образга берилип, турмушта өзүн жоготуп коет тура. Булардын кесиби сахнада жеңил көрүнгөнү менен көшөгө артында түйшүгү абдан оор. Айтылбаган, жазылбаган канча сыры бар, көралбастык, ич күйдүлүк деген болот. Тургун ушунун барысын балдарына каалабады окшойт.

Бурул МУСАБЕКОВА, “Айат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.