Иннокентий Анненский (1855-1909)

* * *
Талаасында жымыңдаган дүйнөнүн
Бир Жылдыздын атын улам кайталайм.
Себеби эмес Аны катуу сүйгөнүм,
Жөн гана мен башкалардын чарчагам.

Эгерде мен жүрөк сыздап кыйналсам
Жалгыз Андан издейм даба бул дартка.
Себеби эмес күндөй болуп Ал жанган
Жөн гана күн кереги жок Ал барда.
(Которгон Марат Токоев)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.