Парижде Ч.Айтматовду эскерүү кечеси өтөт

fraКыргызстандын Брюсселдеги элчиси Жыргалбек Азылов кечээ Бельгияга НАТОнун семинарына келишкен кыргыз журналисттерине кыргыз элчилиги июнда ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди. Иш-чарага катышууга ЮНЕСКОнун башкы катчысы Коитиро Мацуура чакырылган, ошондой эле башка расмий адамдар, Парижде аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, ошондой эле Кыргызстандан артисттер келишет. Кыргызстандын элчилиги кечээ Брюсселде семинарга келишкен журналисттер үчүн атайын кабыл алуу уюштурду. Чыңгыз Айтматов узак мезгил Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигин башкарып турган, ошондой эле Кыргызстандын Франциядагы, Нидерланддардагы жана Люксембургдагы, ошондой эле НАТОдогу жана ЮНЕСКОдогу иштерин жүргүзгөн. Түндүк-Атлантика келишими уюмунун түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган жана кечээ Брюсселде башталган НАТОнун семинарына Кыргызстандан барган журналисттер катышууда.

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.