Сынчынын сыңар өтүгү майрык

Мурда-кийин жазып көрбөсөм да өткөндөгү “Аалам” 12.03.2009 №18 санына жарыяланган “Аксарай акындары адабияттын баркын кетирүүдө” аттуу макала жан дүйнөмө бүлүк салды. Жазат десе эле оюна келгенди жазып, сындайт десе эле оозуна келгенди оттош керекпи? “Жамандын бир өнөрү артык”, же “Атың чыкпаса жер өрттө” сыңары. “Мурду кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деген заман келдиби? Айтор, кандай айтса да жарашат. Сөзүм кургак болбош үчүн башынан түшүнүк берейин.

Газета бетиндеги “сынчы сымал” авторлордун берген сыны: “Эл акыны наамын алышкан М.Абылкасымова “Үшүк”, Э.Ибраевдин “Насыйкат” деген ыр китебин барактаганда” дейт. Ой тобо-о, ушул жашка келип, Эсенгул агабызды сыйлап-урматтап, бир куплет ыры чыкса да таазим кылып окуган мен “Насыйкат” деген китеби бар экенин уккан да, көргөн да эмесмин. Алда кургурум ай, жок дегенде китепти туура окуп алып сынтаксаң боло! “Насыйкат” эмес, “Насыят” деген ырлар жыйнагы бар. Уялбай-этпей “кимдир-бирөөнүн” акындын тирүүсүндө алалбай калган кегин алып алган сыяктуу сезилет. Мидин Алыбаевдин “Тянь-Шань сууң мүрөк, ташың алтын” деген лейтмотивин кайталап, “ташың алтын, сууң мүрөк” деп Ата мекенге жалынат дейсиң.

Акын ыр жазууда илхам деген келет, оюндагысын, жүрөгүндөгүсүн берет, бирөөнүкүнө окшош сөз чыкпаса, ыр жазбаш керекпи? Анда бирөөң “алтын апа” деп жаз, экинчиң “күмүш апа” деп жаз, үчүнчүң “калай апа” деп жаз деп акындарга сөздөрдү бөлүштүрүп берсеңчи. Акылы жок, кудайдан коркпогон кишинин колунан келет мындай иш. Маркум деп сын айтасың уялбай, ал сага каяша айта албайт деп жазганыңбы. Опол-тоодой өрнөктүү журттун көзү өтүп кеткен орошон акынын арбагына акаарат келтиргендей, анын чыгармачылыгына сын тагымыш эткидей ээнооздуктун да чеги болоорун билбейсиңби? Улуу адамга “таш ыргыткан” сендей жазмакердин ысмын төрт-беш ылымталаш, бозо, кожо досторуңан башка ким билет? Өөдөсүнгөн бечарам, айга дымак ыргытканды коюп, өзүңүн кудурет, дараметиңе карап алсаң боло?

Эсенгул Ибраевдин артында калдайган калың журт турат. Менин агалашым же аталашым эмес, мен сүйгөн акын, тили жумшак ташка тамга баскандай сөздөрү алтын. Акындын тирүүсүндө жанына барып, кол алыштың беле? Ким экенин билесиңби? Бакай атадай акылдуулугун, кереметтүү, тизмектелген акыл-насаат сөздөрүн уктуң беле? Андай кыйын болсоң, жамгырдан кийин козу карындардай жайнаган азыркы кээ бир саны бар, сапаты жок ырларга, жума сайын жарык көргөн китептерге асылып, сындап жатып алсаңчы.

Токтогул атындагы сыйлыкты А.Акаевдин убагында эмес, азыркы ажобуз К.С.Бакиев өз колу менен Эсенгул агабыздын көзү өткөндөн кийин жубайы Саткын апага тапшырганын да кошо айта кетейин.

Эгерде Э.Ибраевди Акаевдин Арзыматы десеңер, жазмакерлер, катуу жаңылышасыңар. Кайсы бир жылы Кочкордо чоң жыйын болуп калды. Ажосу, кожосу баштаган 15-20 миңдей адам чогулду. Сөз кезеги келип, акын агабызга сөз берилди. Көпчүлүк деген көпчүлүк да, ызы-чуу, күрү-гүү болуп жаткан эле. Акын сөз сүйлөп, коңур үнү менен ыр окуй баштаганда тып-тыпч болуп, чымын учса угулгудай абалга келди. Калп дешсе ошол жыйында катышкан миңдеген адамдар айтышаар.

“Жандүйнө жаңырыгы” деген поэмасын окуп жатып, күнөөң Ажоңдо да бар, – деп ажобуз А.Акаевге сөөмөйүн кезеп туруп калганда, ажо селт этип, кожолору элтейишип, элдин дүр эткен кол чабуулары коштогон эле. Акын бир аз тынчтанып: “Кожоңдо да бар”, – деп уланткан. Колу менен Ажону кезеп, күнөө сенде, кошоматчыларыңда деп жаткан акын Арзымат акынбы? Тапкан экенсиң, Арзыматты. Эсенгул агабыздын көзү тирүү болсо наамга да таңсык эмес эле. Ошол наамдарды силерге бөлүп бермек. Ушул макаланы, каяшаны жазып жатып автордун өзүн байкуш Арзыматка теңегим келди.

Аягында айтаарым, “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” же “Жылкыңа карап ышкырсаңчы” демекмин.

Бааркүл Назарова, “Аалам” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.