Улуттук китеп палатасына 70 жыл

Кечээ Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасынын 70 жылдыгына арналган салтанат болду. Анда китеп тармагында иштеген бир нече кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Китептерди жогорку сапатта чыгарышкандыгы үчүн “Бийиктик”, “Турар”, “Учкун”, “Реаритет” ж.б. бир нече басмалар он миң сомдук сыйлыкка татыктуу болушту. Конкурстун баш байгеси 20 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыгы менен “Китеп дүйнөсүнө саякат!” аттуу эң мыкты сапаттагы китепти жарыкка чыгаргандыгы үчүн “Кутаалам” басмасына ыйгарылды. Китеп көргөзмөсү ачылып, бул күн китеп майрамына айланды.

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.