«Айтыш фильм» кино студиясынын режиссеру Акжол БЕКТУРГАНОВ: «Дагы бир тасма жаралат»

Акжол тасма тартып режиссерлук гана иш менен алектенбестен, актер катары өзү тасмага да түшүп жүрөт. Садык Шер Нияздын «Парз» фильминде баш каармандын образын жараткан.

– Акжол, сыйлыгың кут болсун! Биз билгенден бул сенин биринчи сыйлыгың эмес, кубанып турсаң керек?

– Рахмат. Буга чейин кыска метраждуу тартылган тасмаларым үчүн ар кандай сыйлыктарды алганым чын. Бул жолу да кыска метраждуу тасмалардын 21-фестивалы өтүп, менин фильмим француз-немис бирикмесинин «Арте» кино фондунун сыйлыгын алды. Ийгиликтер болгондо албетте кубанбай койбойт экенсиң.

– Эми алдыда кандай жаңылык жасайын деп атасың?

– Учурда бир фондго кайрылып, жардам сурап атам. Эгер ошол нерсе ишке ашып, финансы маселеси чечилип калса дагы бир кыска метраждуу тасма жаратам. Азыр сценарийи иштелип аткан кез.

– Сценарийдин кыскача мазмуну кандай, эмне деп аталат?

– Бул деле социалдык маселени камтыган тасма болот. Азырынча аталышы тактала элек. Сценарий толугу менен иштелип чыккан соң ойлонуп, анан жакшы бир тема коебуз да.

«Айат», («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.