Кыргыз акындары эл аралык фестивалга катышат

Кыргыз акындары Бактыгүл Чотурова менен Рахматулла Козукеев бүгүн Түркиянын Сарыгүй шаарында ачылып жаткан түрк тилдүү акындардын эл аралык фестивалына катышат. Фестиваль атактуу түрк акыны Юнус Эмреге арналып өтүп жатат. Кыргыз акындары ал жакта ыр окуп, “Манас” айтышмакчы.

Акын Бактыгүл Чотурова менен төкмө акын Рахматулла Козукеев Сарыгүйдөгү Юнус Эмреге арналып өтүп жаткан эл аралык фестивалга Кыргыз маданият жана маалымат министрлиги тарабынан жиберилип жатат. Маданият жана маалымат министрлигинин маданият саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мелис Айдаркулов – Түркия мамлекети кыргыз элинин маданияты менен адабиятына көңүл буруп, колдоп келатканын белгиледи:

– Түркия мамлекети жалпы эле түрк тилдүү мамлекеттердин, анын ичинде кыргыз элинин маданиятына, адабиятына көңүл буруп, мындай фестивалдарга жол чыгымдарын көтөрүп чакырып келатат. Акындарыбыз Түркияда 10-майга чейин болушат. Алар ырларынан окушуп, “Манастан” айтып, залкарларыбыздын күүлөрүнөн чертип беришет.

Акын Бактыгүл Чотурова атактуу түрк акыны Назым Хикметтин ырларынан кыргызчага которуп жүрөт. Түркияга сапар алдында Бактыгүл Чотурова “Азаттыктын” угармандарына түрк жазуучусу Решат Нури Гүнтекиндин “Боз торгой” чыгармасынан улам жазылган ырынан узүндү окуп берди:

Шамалын Түркиянын кууп жетип,
Кыргыздын тоолорунан куштай учсам.
Измирде жүрөмбү- дейм – жүрөктү эзип,
Көчөлөр сагынычка толуп чыккан.

Жүрөгүм тынч болалбайт деги менин,
Жетелеп Кямранга барчу жакка,
Жолугуп колун кармайм Фэриденин,
Пальмалуу аллеяңда Корсиакка.

Төкмө акын жана манасчы Рахматулла Козукеев Сарыгүй шаарында өтүп жаткан маданият жана көркөм өнөр эл аралык фестивалында төкмөлүк өнөрүн тартуулап, “Манастан” үзүндү айтмакчы. Рахматулла Козукеев “Азаттыкка” фестивалдын катышуучуларынын алдында айтчу саламдашуу ырынан үзүндү келтирди:

Оболу баштап Атам бир,
Бисимилла деп иш баштап,

Оомийин деген батам бир.

Асмандан тийген Күнүм бир,
Сүйлөп турсаң түшүнөм,
Таржымасы тилим бир.
Башкасын башка коеюн,
Баш ийип келген дилим бир.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 05.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.