“Рух дүйнө – Кыргыз таануу өнөр кечеси”

d180d183d1859-Майда мамлекеттик Тарых музейинде Адам таануу аалымканасы Тарых музейи менен биргеликте “Рух дүйнө – Кыргыз таануу өнөр кечеси” аттуу маданий кечени өткөрөт. Кеченин максаты – улуттук руханий азыктар тууралу дилдешүү.

“Рух дүйнө – Кыргыз таануу өнөр кечеси” алгачкы ирет өтүп жатат. Улуттук тилектештик биримдигинин жетекчиси Кадыр Кошалиевдин пикиринде – учурдагы экономикалык, саясий кризистердин чордонунда – эң башкысы руханий дүйнөнүн кризиси жатат:

– Бүгүнкү күндөгү бардык кризистер – руханий кризистен улам келип чыгып жатат деп ойлойм. Бул өнөр кеченин негизги максаты – жан дүйнөгө руханий азык тартуулоо. Негизги өзөгүндө концерт жүрөт, бирок аты айтып тургандай, кыргыз рухуна байланышкан маселелерди көтөрүп, суроо-жооп иретинде, викторина иретинде өтөт кече. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар да бар.

Кечеде кийинки учурларда көп ойнолбой калып бараткан темир комуз, кыл кыяк, үйлөмө өңдүү улуттук аспаптар ойнолот. Белгилүү ырчы-комузчу, ЮНЕСКОнун салттуу ырлар боюнча сыйлыгынын ээси Нурак Абдракманов бул кечеде “Атилла хан”, “Улуу тоолор” чыгармаларын аткаруу менен, ал жетектеген ырчы-комузчулар ансамбли да өнөрлөрүн көрсөтөт. Нурак Абдракманов кыргыз рух дүйнөсүнүн байыркылыгын белгиледи:

– Өздүк маданиятыбызды, өз жүзүбүздү жоготсок, башка элдерге сиңип жоголууга туура келет. Кайра калыбына келбейт. Кыргыз эли дүйнөдөгү эң байыркы эл экенин, 2200 жылдыкты өткөргөндө эле түшүнбөдүк беле. Эми кыргыз элинин дареги ага чейинки доорлордон да чыгып жатпайбы. Демек, ошондон бери жоголбой келген рух дүйнөбүздү эми жоготсок, бул биз үчүн кечиримсиз. Келечек муундун нааласына калабыз.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 08.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.