Кыргыз Эл артисти Койсун Карасартова менен коштошуу митинги бүгүн Нарын облустук театрында өттү

d0bad0bed188d182d0bed188d183d183Кыргыз Эл артисти Койсун Карасартованы акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө КРнын маданият жана маалымат министирлигинин өкүлү, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Салтанат Эсенаманова жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«КР сы чоң жоготууга учурап жатат. Бала кезинен баштап искусствого бүт өмүрүн арнап, кайсы ырды аткарбасын, ырдабасын жараткан образы өзүнчө спектакль эле. Койсун Карасартованын басып өткөн жолу унутулбай, маданият тармагындагы изи кийинки муундарга үлгү болуп, элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Жаткан жери жайлуу болсун», – деп билдирди сөзүндө С. Эсенаманова. Киндик каны тамган Ат-Башы районунун Кошой айлына көзү тирүү кезинде эле бир көчөгө аты берилгенин маалымдады аталган айыл округунун башчысы Жакшыбек Нуркасымов.

Ал эми уулу Турусбек «Апам эмгекчил, ак көңүл, жумуш дегенде жанын ташка салып иштеген адам эле. Жаш кезинде араба менен эл кыдырып өнөр тартуулап жүргөн учурларында менин арабадан түшүп калган учурларым болгон» – деп эскерди.

Naryn.KG, 12.05.09-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.