Маркум Койсун Карасартованын баскан жолу

Койсун Карасартова 1926-жылы 1-январда Ат-Башы районунун Кошой айлында малчылык менен дыйканчылыкты бирдей аркалаган катардагы үй-бүлөдө туулган. Бала кезинен көркөм өнөргө жакын К.Карасартованын эмгек жолу 14 жашында эле башталган. Чыгармачылык турмушунда элүүдөн ашык ар кандай ырларды аткарып, жүзгө жакын драмалык образдары жараткан. 1937-жылы Нарында уюшулган колхоз-совхоз театрына кирип, эң алгачкы жолу драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» драмасында башкы каарман Какейдин ролун жаратып театр искусствосунда тушоосу кесилген.

1948-жылы баш кошкон жубайлар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын аткарган элдик тамашалуу ыр-бийлери, дуэттери аркылуу миңдеген көрүүчүлөрдүн терең урматтоосуна татышкан. Кош жылдыздар 4 уул 3 кызды тарбиялап өстүрүп, билим берип ар бирин өз тууруна кондурушту.
Өнөр адамы К.Карасартованын театр искусствосундагы эмгеги бааланып КР нын «Ардак громаталар», юблейлик медалдар менен сыйланып, эмгек сиңирген артистка жана КР нын «Эл артисти» деген наамдарга татыктуу болгон.

Naryn.KG, 12.05.09-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.