“Шакен жылдыздары” кинофестивалына Кыргызстандан үч фильм катышат

d188d0b0d0bad0b5d0bdVII эл аралык “Шакен жылдыздары” кинофестивалына Кыргызстандан үч фильм катышат. Фестиваль 16-майдан 22-майга чейин Алматыда өтөт. Тандоо турунда белгилүү киноведдерден турган комиссия иш алып барган. Анын курамына Ханса-Йохима Шлегел (Германия), Лейла Аранышева (Казакстан) жана Казак улутттук искусство академиясынын кинофакультетинин деканы Гулжамал Наурызбаева кирген. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинен билдирди.

Кыргызстандык режиссерлордун үч эмгеги эки конкурстук программага кирди. “Анимация” номинациясында Изат Абдраимовдун “Гүл” жана “Ширенке” мультипликациялык фильми, “Кыскаметраждуу ойномо фильм” номинациясында Максат Калдаровдун “Караниет” фильми катышат.

“Шакен жылдыздары” эл аралык кинофестивалы 2003-жылы негизделип жыл сайын өтүп турат. Ал Борбор Азиядагы жаш кинематографистердин жана дебюттук фильмдердин сынагы болуп саналат. Кинофестиваль белгилүү казак актеру Шакен Аймановдун ысымынан аталган.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 12.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.