“Балага, бакытка бергис дүйнө бар” Дооронбек Садырбаевди эстегенде…

4Белгилүү кинорежиссер, саясатчы Дооронбек Садырбаевди эскерип жаткан күндөрү анын саясатка али аралаша элек, чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн кезинде, 1993- жылы алынган маек көзүбүзгө чалдыгып калды. Ошол күндөрдөн бир элес катары Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылык жана инсандык түйшүгү тууралуу интервьюну “Ааламдын” окурмандарына да айрым кыскартуулар менен сунуштап турабыз .

Дооронбек агай,кайда жүрөсүз, эмне иш жасап жатасыз?
Бишкекте жүрөм. Өткөн жылдын (1992- жыл.- Ред.) 11- майында официалдуу түрдө өкмөткө кызмат кылбай турганымды билдиргем. Ошонун кесепетинен болсо керек, мени куугунтуктоолор, моралдык басынтуулар күч алды.

Бул “Кайран эл” аттуу фильмиңизден улам болсо керек?
– “Кайран элдин чыр- чатагына чейин эле башталган ал. Жазып да чыктым,СССР жашап турган кезде да айтып жүрчүмүн. Мен дүйнөнүн көп мамлекеттеринде болуп, ошолорго да салыштырып көрдүм. 70 жыл ичинде бизде үч тармак күчтүү өнүктү. Булар: билим берүү, саламаттык сактоо, адабият, искусство. Айтматовдой жазуучулар 300-400-500 жылда барып бир жаралат экен. Эгерде адабият өнүкпөсө кандай болот? Биз бар үчүн, эл бар үчүн Айтматовго окшогондор суурулуп чыгып, бийик чокудан карап калышты. 70 жылдык тарыхта мындай мисалы бар өлкөлөрдү анча билбейт экенмин.
Учурунда, СССР бар кезинде Кыргыз киноматографиясынан тың режиссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, операторлор К.Кыдыралиев, Н. Борбиев чыкты. Булар Кыргыз Республикасынын болор- болбос мүмкүнчүлүктөрү делген нерселерди жасады. Опера- балет, драмалык театрлар Орто Азиядагы күчтүү театрлар эле. Мен саясатчы эмесмин. Ушулардын баары жок болуп кетип жатканын сезип, өнөргер адам катары ыйладым, кимдир- бирөөлөр менен уруштум, акаарат келтирдим. Бул тууралуу кезинде Жумагуловго, Масалиевге билдирдим. Бирок тилим жетпеди окшойт.

– Анда эмне, мурдагы жетишкендиктерди кемитпей өнүктүрүү үчүн СССРди сактап калууну жактадыңызбы?
– Жо-ок. Коммунисттик партиянын күрөө тамырын козгогондордун эң алгачкыларынан болчумун. Билим берүү, искусство, адабият кайсы система болсо да жашашы керек. Сунуш да киргиздим. Мисалы “Акбаранын көз жашына” 310 миң сом сарптаганбыз. Ага колдоо көрсөтүлсө, 15-20 миллион сомдук киреше алып келмек болучу. Бирок ал үчүн өкмөт салыгын төмөндөтпөй койду. Ушул тармакта жетишилген деңгээлди сактап калалы, мунун жолун билебиз десек да эч нерсе жасашпады. Ошентип, коммунисттер менен да, демократтар менен да кол үзүүгө туура келди.

Сизди ошондо колдогон кесиптештериңиз же башка адамдар болбодубу? Жакшы иш үчүн жалгыз күрөшкө чыктыңызбы?
– Жалгыз чыктым. Бир гана Мелис Айдаркулов колдоду.
Усубалиев кеткенден кийин эч кимдин иши болбой калды. Басма сөздүн таасири төмөндөдү.
Андан кийин Ош окуялары болуп кетти. Пендемин да, жөн жүрбөй, аерден да кино тарта койдум. Чындык нерсенин көп кереги жок экен. Ошто нелер гана болбоду. Укук коргоо жагында оош- кыйыштар, хаос, баары болду. Мен деле асмандан түшө калган пайгамбардын баласы эмесмин да, өзбектерди көрүп, алар менен ыйлап, кыргыздарды көрүп, булар менен ыйлап, улам бирине жан тарткан жерлерим бар. Кыскасы материалы оор эле. Гезит- журналдарга берип жүрдүм. Ага 16- жылдан баштап кошуп, кээде чеки сүйлөп, кээде кызуу кандуулук кылсам, кылгандырмын. Кулагың болгондон кийин угат экенсиң, көзүң- болгондон кийин көрөт экенсиң, мени “опурталдуу нерсе баштапсың, 16-жылды тартпай эле жөн турбайсыңбы” дегендер болду.

Өткөн жылдын июнь айларында “Коломто” аттуу студиямды текшеришип, маземди алышты. Менин жеке өзүмө эч нерсенин кереги жок. Илгери эле академиктер араң алган 500 сомду борбордук телевидениенин президиумунун мүчөсү катары алчумун.

Кандай болгон күндө да жумушсуз калбайт элем. Бул үчүн жаман- жакшы айтышып кереги жок экен.

– Элге кайрылып, “Кайран эл” үчүн жыйналган акчалар эмне болду?
Чогулган 147 миң сом элге кайра кайтарылып берилип жатат. Алардын кимден түшкөнүн тактап, ээлерине тапшырчу кишилер бар.

Эмне себептен мурун алган ардак наам, сыйлыктарыңыздын баарынан баш тартып, Жогорку Кеңешке өткөрүп бердиңиз?
– Рыноктук мамилеге өткөн болсок, рыноктогуча жашайлы.

Сиз ал сыйлыктарды ак ниет эмгегиңиз менен алган жок белеңиз?
– Өз эмгегим менен алгам. Бирок баары эле өз эмгеги менен алышкан эмес да. Ашыралы Айталиевдин ырларын биз 40 жылдан бери оозубуздан түшүрбөй ырдап келсек дагы, ага пенсияга кетээринде гана эмгек сиңирген артист деген наам берилди. Океевдер өз эмгеги менен жетишсе, канча ортозаарлар эт менен челдин ортосунда жүрүшөт. Канча таланттуулар өз баасын ала албай жүрүшөт?

Коомдук түзүлүш жаңыланса эле СССР жашап турган кезде алынган бийик даражаларды, наамдарды баары эле өткөрүп салыш керек дейсизби?
– Албетте,баары жаңыдан, нөлдөн башташ керек. Ошондо теңчилик болот.

– Жетишээрлик тажрыйбасы, аты, даңкы бар Садырбаев менен ишин жаңы баштаган режиссерлорду бирдей коюп, нөлдөн баштап иштетүү теңчиликке жатабы?
– Теңчиликке жатат. Океевдин аты чыкканда ал 25 жашта гана болучу. Жаштардын жаштык жалыны, күчү, кайраты бар.

Биз мурунку коомдо туулуп- тарбияландык. Жаңы коомду бизден кийинкилер куруп башташы керекпи?
– Жок. Мен Садырбаевди Океевден кийин кетириш керек деп жаткан жокмун.

Азыр кандай иштердин үстүндө иштеп жатасыз?
Чечен фирмасына үч сериялуу фильм тартып жатам. Түркияга бир документалдуу фильм тартып жатам.

Азыр кайда жашайсыз?
– Бишкекте. Бирок Грозныйда да квартирам бар.

Гамсахурдиа менен коңшу турасызбы?
– Ооба.

– Ал кандай адам экен. Азыркы саясатка көз карашы кандай?
– Басма сөз беттериндеги интервьюларымда көбүн чагылдыргам. Гамсахурдиа бул деңиздеги бир тамчы, окумуштуу адам. Негизи мен Шеварднадзеге ишенбейм.

Сиз Чечнядан саясый баш паанек сураганыңыз чынбы?
– Саясый баш паанекти мен Чечнядан эмес, башка мамлекеттерден сурагам. Чечнядан Гамсахурдиа сураган.

– Генерал Дудаев менен кандайча таанышып калгансыз?
– Мен аны мурунтан эле тааныйм.

Анын жүргүзгөн саясатына кандайча карайсыз?
Мен саясатка кийлигишпейм деп сөз бергем. Дудаев да кааласаң Чечняда жаша, каалабасаң өзүң бил деген. Болгону кино тартып жүрөм. Азыр республикага мурун келип, ошо бойдон жашап калган чечендер тууралуу фильм тартып жатам. Биздин эле Бишкектеги мечитте иштеген идеальный, сулуу абышка бар экен, сакалы тимеле күмүштөй.

Кино тартып жүрүп өзүмчө кейийм: чечендердин тагдырына караганда 16- жыл бери эле жакта калат экен, чечендердин канчасын кырып, жок кылышкан.

– Сизди Чечняда кыргыз элинин өкүлү катары көбүрөөк сыйлашабы же режиссер катарыбы?
– СССРде таралган чечендердин ичинен Кыргызстандагылары өлүм- житимсиз жакшы жашашкан. Кыргыздар 44- жылы өздөрү нанга жетпей жүрүп, акыркы нанын чечендер менен бөлүшкөн. Кээ бири бир бөлмөлүү тамда туруп да, чечендерди үстүнө киргизип алган. Мен Грозныйда калпак кийип чыккан күндөрү чечендер баса калып, ызаат көрсөтүшөт.

– Сиз биздин республикадагы саясый абалга кандайча баа бересиз?
Саясатка кийлигишпейм деп айтпадымбы.

Саясатка байланышпаган тармак, кесип жок, анан сиз саясаттан тышкары жашай аласызбы?
Саясатка байланышпаган темалар да бар искусстводо. Бул- махабат, тирүүлүк…

Сиз ишиңиздин кызыкчылыгы үчүн бардык нерсени жасоого барат белеңиз?
– Чыгармачылыкта внутреннее состояние, ички сезимдин бир күчтүү абалы деген түшүнүк бар, эгер ушул абал келип калган болсо, чыгармачылык үчүн Жогорку Кеңешти бүтүндөй ага алмаштырып жибермекмин. Деги мен апенди, “Дон Кихотмун”.

Сиз дүйнөлүк масштабдагы саясый лидерлер менен жолугуп, интервью алдыңыз. Ушулардын ичинен кимге көбүрөөк артыкчылык берээр элеңиз?
– Гамсахурдиа, Дудаев, Хастулатов ж.б. ичинен Т. Усубалиевге бөтөнчө баа берээр элем. Бул көз- карашы бийик, жогорку маданияттуу адам. Албетте, бирок биздин көз- карашыбыз келишпейт.

Кыргызстандагы кайсы инсанга баа бересиз?
– Кыргызстанда азыр бир гана гений бар. Генийлердин жок дегенде бирөө тирүү кезинде өзүнүн гений экенин билип алсын. Ал- Кубатбек Жусубалиев. Ал башкача орбитанын кишиси.

Сиздин кайсы жанрдагы чыгармаларыңыз өзүңүзгө жагат? Көркөм, теле, документалдуу фильмдериңизби, ырларыңызбы же журналисттик ишмердигиңизби?
– Мен ырдын техникасын жакшы билем. Кино тартууга мүмкүнчүлүк беришпегенде ички бугумду ошентип чыгарчымын. 16- 17 сааттан иштейм. Хобби деген менде жок.

Ушундай режим менен көпкө чыдай аласызбы?
Ушундай режимсиз көпкө чыдай албайм го. Балага, бактылууга бербес өзүмдүн сөзүм, ырларым- ал менин чыгармачылыгымда. 76 документалдуу, 12 көркөм телефильм жараттым. Кээде туруп, бу дүйнөдөн өтүп, карып баратканыма кейийм. Кээде өз жанымды өзүм кыйгым келет. Бечара болдум, карама- каршылыктуу тагдырга кабылдым.

– Тарыхта өзүңүздү кимге окшоштурасыз?
– Мага окшош бир гана адам бар. Ал- Дооронбек Садырбаев. Башкаларга окшошо албайм го.

Чыгармачыл адамдардан кимди баалап, идеал тутасыз?
– Инсан катары Александр Сергеевич Грибоедовду баалайм. Ырларын окуп көргүлө. Сүрөт тарткан, музыка жазган. Түкөмдү ( Т. Сыдыкбеков-ред.) айта кетсем болот. Өзүмдү Алыкулга окшоштурам.

Режиссер, актер, деги чыгармачыл адам болбосоңуз ким болмоксуз?
– Врач болмокмун. Мединституттун 4- курсунан таштап кеткем.
Сиздин ой- пикирлериңизге каршы чыгып, бирөө төгүндөй алабы?
Жөн гана күчкө салып, мени эч ким жеңе албайт. Андан көрө чекеме тырс эттирип койсун.Эгерде кемчиликтеримди далилдеп, негиздеп берсе бир жөн. Василий Шукшин ташталканымды чыгарып, бир жолу аябай сындаган. Кыргыздардан деле болгон. Бирок кийин алар сатып кетет.

Жаңы тарткан фильмдерди тапшырып жатканда диссертация жактап жаткан сыяктуу. Ошол учурларда күчкө салып, кыйнап койгон учурлар болот.

Сизге окшогон инсандардын баары чет жерлерге кетип калса, эл- жер эмне болот?
Мен өзүмдү чыгаан адаммын деп эсептебейм. Экинчиден азыр Кыргызстанда кино тартуу мүмкүнчүлүгү жок. Мен артыман кинотармагында такыр эле ээн жерди калтырып кетпейм да. Кино тартуу өнөрүндө менден кыйын Шамил Жапаров деген жигит бар, мени менен теңтайлаша турган Бакыт Карагулов, болуп- толуп турган Үсөн Жээнтаев, Айбек Жангазиев бар. Бир чети шакирттериме жол ачайын дедим. Кезинде Океев турганда бизге эч качан орун бошочу эмес.

Менин көп болсо үч кинолук өмүрүм калды. Ошолорду тартып элиме беришим керек. Ал кинолорду Америкада тартамбы же башка жерде тартамбы, баары бир атым кыргызга калат. Өлсөм өлүгүмдү кыргыз жерине коюшат. Рерихти бүт дүйнө орус катары билет.

Негизи мен тынччылыкты сүйгөн адаммын. Ал- бул деген менен эгер азыр Акаевден бөлөк диктатор жетекчи келгенде, найза көтөрүп чыкмакмын. Бизде демократия, Акаев бар үчүн жер кезип, дүйнө аралап жүрөм. Албуут эмес элем, турмуш мени ошого үйрөтүп койду.

Маектешкен Айгүл Бакеева, «Аалам»
(«Бишкек шамы», 1993- жыл, «Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.