Билим берүүнүн философиясы жана технологиясы эмнеде?

“Билим берүү системасын реформалоону жыйынтыктоого, окутуунун мазмунун, каржылоону өзгөртүүгө мезгил келип жетти”, – деп баса белгилешти Бишкек шаарында 13-майда өткөн “Билим берүүнүн философиясы жана технологиясы” аттуу III илимий симпозиумдун катышуучулары.

Симпозиумга республиканын баардык аймактарындагы мектептердин жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери, жетекчилери, билим берүү тармагында эмгектенгендер жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Катышуучулар төрт: Билим берүүнүн педагогикалык терминология маселелери; Билим берүүнү каржылоо маселеси; Жогорку билим берүүнүн мазмунун жана технологиясын өркүндөтүү проблемалары; Жогорку билим берүүнүн мазмунун жана структурасын жаңылоо маселелери деген секцияларга бөлүнүп иш алып барышты. Анда билим берүүнү азыркы замандын талабына ылайык жаңылоо, өзгөртүү, сапатын жогорулатуу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Асылбек Жоодонбеков, КББАнын илимий кызматкери, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун “Шоокум” журналынын илим бөлүмүнүн башчысы:
Бул коомдук фонддун максаты келечектеги кыргыз жаштарынын өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө улуттук билим берүү системасын калыптандыруунун үстүндө иштеп, бир топ аракеттерди көрүп келебиз. Бирок тилекке каршы, жасалып жаткан иштерден да кемчиликтер кетип жатат. Ошондуктан бул симпозиум республиканын баардык аймактарындагы практик мугалимдердин, теоретиктердин, окумуштуулардын башын кошуп, алардын билим берүү системасын, билим берүүнүн философиясын, технологиясын жакшыртууда кандай жакшы жактары бар, кандай сунуштарды, практикаларды киргизе алаарын билүү, ийри отуруп түз кеңешүү максатында уюштурулду. Бул менин уюштуруучу катары айткан сөзүм.

Катышуучу катары азыр тез аранын ичинде коомчулуктун педагогикалык сабатын ачыш керек дагы билим берүүнү кескин түрдө рыноктук экономикага тууралашыбыз керек деген сунушумду киргизээр элем. Керек болсо Конституциядан баштап, бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү абзел. Биз мыйзамга эмес, мыйзам бизге иштеши керек. Ошондуктан билимдин сапатын көтөрүүдө эң биринчи кадам ушул маселенин үстүндө иштөө болуп саналат. Экинчиден, мектептерди заман талабына жараша өзгөртүү керек. Ал үчүн жеке менчик мектептерди ачуу зарыл. Андай жеке мектептерди жалгыз Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларда гана эмес, айыл жерлеринде мектеп болбосо дагы класстарды ачуудан башташыбыз керек. Себеби бүгүнкү күндө ата-энелер балдарына сапаттуу билим берүүгө даяр. Бирок алар мектеп саясатынын жакшы жүргүзүлбөй жаткандыгына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелип калууда.

Азыр мамлекетте бир миллиондон ашык окуучу бар. Мамлекеттин анын баарын ойдогудай абалда кармап турууга алы жетпейт. Бир окуучуга ашып кетсе жылына үч миң сом бөлүнөт. Ал өтө аз. Ошондуктан рыноктук системаны киргизип, билим берүү саясатын даректүү жүргүзүү керек. Ар бир аймакка бир, экиден мамлекеттик мектептерди калтырып, калганын жеке, менчик мектеп кылыш зарыл. Ошондо гана мамлекеттин карамагында калган мектептер жогорку деңгээлге чыгат дагы, аны кайра кайтарып алуу оңой болот. Анткени мамлекет толук кандуу айлык акы, китеп, зарыл каражаттар менен камсыз кыла алат. Ал эми калган түйшүктү коомчулукка, ата-энелерге жүктөсө алар өздөрү эле көтөрүп кетет. Такыр колунда жокторду болсо мамлекет окутсун. А бизде болсо колунда бары деле, колунда жогу деле мамлекеттин мойнуна минип алган.

Үчүнчү маселе, нормативдик документтерди дагы кайрадан карап чыгып, заман талабына ыйлайык кылып иштеп чыгуу зарыл. Ал эми төртүнчү проблема, мектеп менен турмушту, мектеп менен жашоону айкаштырып, даяр маалыматтарга гана ээ болбостон, окуучулардын алган билимдерин практикада, тактап айтканда, жашоодо пайдалана тургандай кылышыбыз керек. Ал үчүн бүгүнкү билим берүүнүн саясатын, философиясын, технологиясын, методикасын өзгөртүү зарыл.

Абакир Мамытов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти:
Симпозиум аты айтып тургандай эле өтө терең, олуттуу маселени камтып отурат. Анткени замандын талабына ылайык маал-маалы менен билим берүү системасын модернизациялап турушубуз керек. Чындыгында коомчулукта бул жаатта реформа жүрүүдө, бирок жыйынтык чыкпай жатат деп көп эле айтылып жатат. Бирок бизде реформалоо тээ 1992-жылы эле башталган. Окутуу түп тамырынан бери өзгөрүп, рыноктук экономикага өткөнгө ылайыкташтырылган. 2003-жылы дүйнөлүк талаптарды эске алып билим берүүнү ошого ыңгайлаштырып оңдогонбуз. Ошондуктан мен реформа деген сөздүн ордуна модернизациялоо деген сөздү колдонуп келе жатам. Бирок бизде салмактай турган, багытын өзгөртө турган маселелер дагы эле көп. Мисалы, билим берүү тармагынын эң маанилүү компоненти болуп – окутуунун мазмуну эсептелет. Эми ошол окутуунун мазмунун өзгөртүүгө учур келип жетти. Мурда көбүнчө билимге басым кылып окутуп келсек, эми мындан ары окуучунун компетенциясын калыптандыруу маселесенине өтүшүбүз керек. Анткени жаттап алган билим эмес, турмушта пайдаланууга пайдасы тийген билим чыныгы билим болуп эсептелет. Теорияны билген балага караганда, турмушта ошол окуган билимин колдонуп кеткен балдар көбүнчө турмушка ыңгайлашып оокат кылып кетет.

Мектептик билим берүүдө үч багыттагы компетенцияны калыптандыруу маселеси турат. Бул, биринчи, коммуникативдик компетенция, экинчи, маалыматтык компетенциясы, үчүнчү, ар кимдин чыгармачылык жол менен өнүгүү компетенциясы. Буга жараша ар бир предмет өзүнүн концепциясын кайра иштеп чыгышы керек. Бул кайра жаңы программа, жаңы окуу куралын, жаңы методикалык көрсөтмөлөрдү талап кылат. Биз ушул маселелердин тегерегинде иштешибиз керек. Ал үчүн бизге “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду сыяктуу уюмдар зарыл. Бул симпозиумдун уюштуруучулары ишкер жаш жигиттер экен. Дүйнөлүк тажрыйбада мындайларды “билим берүүнүн социалдык портнерлору” деп коет. Булардын бизге келип, түйшүгүбүздү сурап, кол кабыш кылабыз дегени жакшы көрүнүш.

Ысламидин Ташполотов, ОшМУнун профессору, физика-математика илимдеринин доктору:
Бизге азыр эки нерсеге көбүрөөк көңүл бурууга туура келип жатат. Биринчиси, билим берүүнүн философиясы, экинчиси, анын технологиясы. Философия дегенди биз мурун баардык илимдерди камтып турган бир илим деп түшүнгөнбүз. Бирок азыр биз дүйнө кайда кетип баратканын байкап турушубуз керек. Учурда дүйнөдө глобализация, биригүү процесси жүрүп, илим, билим токтоосуз өнүгүп жатканда Кыргызстан да андан артта калбоосу, ошону менен тең өсүп-өнүгүүсү керек. Анын түрдүү жолдору бар. Биринчиси, албетте, балдарды тарбиялап, өнүктүрүп-өстүрүп, ал аркылуу билимди, экономиканы өнүктүрүү болуп саналат. Анткени азыр баардык нерсеге ээ боло алабыз. Мисалы, каражаттарды сатып келишибиз мүмкүн, же динибиз, тилибиз, маданиятыбыз болушу мүмкүн, бирок ошол алып келген нерсени ишке ашырган – бул Адам болгондуктан, биринчи ирет ошол адамды өстүрүп, белгилүү бир деңгээлге жеткиришибиз керек. Албетте, бул жагынан бизде да бир топ иштер жүрүп жатат. Бирок ошондо дагы бир жаңы багытка көбүрөөк ыкташыбыз керек болууда. Ал азыркы – нанотехнология. Анткени нанотехнология бүгүнкү күндүн философиясы болуп жатат. Башкача айтканда, ал баардык предметтерди камтыган өзүнчө бир багыт, илим болуп калды. Он, он беш жылдын ичинде көп сапаттардын өзгөрүүсү алдында турабыз. Ошол өзгөрүүгө нанотехнологиянын салымы чоң. Биринчи салымы, мурун биз маалыматты цифрага алмаштырып жүргөн болсок, бүгүнкү күндө нанотехнологиянын жардамы менен материяны цифрага алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ал аркылуу адамдын мээсинен баштап бүт баардык органдарын өзгөртүп жатабыз. Адамдын билимин дагы, өзгөчөлүгүн дагы, деги эле баардыгын башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Эми кептин баардыгы кантип башкарабыз, мына ушунда жатат. Биз азыр адамды баардык жактан башкара турган нерсени “молекулярдык роботтор” деп атадык. Ар бир молекуланын өзгөчөлүгүн билип алып, аны манипуляция жасап туруп, мээден тартып баардык органдарга киргизип алсак, ал адамдын баардык органдарын башкарып турат. Билбеген нерсеси болсо ошол билимди киргизип алып билдиргенге жардам берет ж.б. Ошондуктан эртеңки билим берүү тармагынын философиясынын бир омоктуу багыты – нанотехнологияны мектептен баштап жогорку окуу жайга чейин киргизүү маселесин чечип алышыбыз керек. Ошондо гана билим берүүнүн философиясы жана технологиясы өз максатына жетет.

Абдыкадыр Каримов, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору:
Азыркы жаштардын форум өткөрүп жатканы мактоого алаарлык жумуш. Бирок ушундай жыйындарга чакырылган бийлик башчыларынын убакыт таап келе албай калгандары өкүнүчтүү болууда. Биздин чыркырап жатып чыгарган чечимдерибиздин, сунуштарыбыздын аларга жетип жатканы же жетпей жатканы, алардын ага көңүл бөлүп жатканы же каралбай калып жатканы биз үчүн ачык бойдон калууда. Анан эле аттуу-баштуу кишилер баш болуп баарыбыз эле билим берүү системасы коррупцияга батып кетти, деңгээли төмөндөп кетти, сапат деген такыр жок деп жамандап, кыйкырып эле калабыз. Чындыгына келгенде кептин баары уюштуруу маселесинде болууда. Ушул маселе туура эмес чечилип жатат. Эгерде биз Кыргызстандын келечегине чындап күйсөк анда мектепке чейинки билим берүү маселесин токтоосуз чечишибиз керек. Экинчи, аралаш системадан чыгуу зарыл. Азыр симпозиумда айтылгандай башталгыч классты биринчиден бешинчи класска чейин кылып, ал эми тогузунчу класска чейин милдеттүү түрдө окутуп, калган эки классты ата-эненин шартына жараша кылыш керек. Анткени мамлекет мурункудай 11-класска чейин окута албайт. Анан мыкты окуган, таланттуу балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды грант менен окутуу зарыл. Ал эми жогорку окуу жайларына болсо бакалаврларды гана даярдоого уруксат бериш керек. Ал эми магистр, аспиранттардын баардыгын Илимдер академиясына берүү бир топ олжолуу болот. Себеби азыр жождор колунан келсе да, келбесе да аспиранттарды, кандидаттарды даярдап жатышат.

Азыр каржылоо маселесин өзгөртүүгө да мезгил келип жетти. Жеке адамдын каражатын жожго эмес, мектепке жумшоо механизмин киргизүү зарыл. Анткени биз мектепти оңдомоюн эч качан жогорку билимди оңдой албайбыз.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.