Жазуучу, кинодраматург Талип ИБРАИМОВ: “аял менен арак көйгөйүн көп тарттым”

Мыкты чыгарманын финалы күтүүсүздөн төбөгө муш жегендей отургузуп коерун Талип Ибраимовдун (“Периште жана абышка”) чыгармалар топтомун окугандан кийин абыдан түшүндүм. Көзүңдү умачтай ачып, жинди болгондой ордуңан тегереткен мындай автор дүйнө адабиятынан эмес, кыргыз адабиятынан кезиккенине – төбөм көккө жетти. Бизде бир эле Айтматов эмес, Айтматов дүбүртүн өчүрбөс даа бир сүрөткер Талип Ибраимов экенин тоготпогон эл экенибизге бали. Бирок буга ичиң да сыйрылат. Балким 2006-жылы Орусиянын “Русской Премии” аттуу эларалык адабий сыйлыгын ойдо жок жерден жеңип албаганда бу кишини деле катарыбыздагы көп жазуучунун бириндей назарыбызга илбей коет белек, жокпу… Адабиятка келгенде орусуң эмне деген эл? Пушкин, Толстой, Достоевский, Тургенев, Гоголь, Чехов, Бунин, Астафьев өңдүү, деги койчу арбир доордо үйүр-үйүрү менен чыккан жазуучу-акындарды дүйнөгө берген элдин адабий дымагы асмандан жерге түшүп, Ибраимовго сыйлык ыйгарганы кокустук эместир… Адабияттагы эчбир визиттик карточкасы, эчбир Кыргыз эл жазуучусу наамы жок Ибраимов 70ке таяганда эмне болуп Орусиянын адабий чөйрөсүнө дүң болуп таанылганы туурасында масилет куруу үчүн улагасын аттап, чебер жазуучунун шооратын атпай-журтка кенен жеткирели деп, сөздү мындай баштадык…

– Диоген чак түштө колуна шам көтөрүп алып адам издегендей, мен да кээде жакшы маектешти издегим келет. Ушунча болуп кыргыз жазуучуларынын көбү менен адабий маек курдум, мыкты сүйлөп бергендери аз. Көбү жасалма сүйлөп, жадагалса өмүр баянын да кызыктуу айтып бере алышпайт. Алар менен сүйлөшүп же чыгармачылык лабораториясын ачалбайсың. Кыскасы, көбү менен сүйлөшкөндөн кийин көп учурда олжосуз мергендей шаабай сууп калат. А сиз менен кызыктуу маек курарыма ишенип турам.
– Аларыңдын көбү билимсиз да. Мени көбү эмне үчүн сүйбөйт? Барына чындыкты айтсаң, жакпайт. Өзүм шар ооз эмесминби, эмне айтсам да буйтаңдатпай, түз качырам. Алардын ой жүгүртүүсүн да алдын ала билем. Аларың маа демектен Сократ, Платон болуп кетсин, урганым барбы, айтчумду айтып, кычуумду кандырып алам. Эң башкысы – адамдардын оюн түзөп, чындык аркылуу көзүн ачып турсам болду да. Жазуучуларыңды айтпайын, азыркы нак сыноо заманында киночулардын ичинен Марат Сарулу менен Актан Арым Кубат гана таланттуу жигиттер. Экөө тең визуалдуу маданиятты жакшы өздөштүргөн. Калгандары аман болсун.

– Темир Бирназаровдун чыгармачылыгына да көзүңүз түз эле го?
– Барына эле көзүм түз, бирок Темириңдин амбициясы чоң неме. Чыгармачылык ойлору да бийик.

– Чыгармачылык амбициясын айтып атасызбы же…
– Ал жигит чоң билимге кенедейинен талпынган эмес. Чоң билимди ал сыртынан гана түшүнөт. Болбосо талантында айып жок, өзүм да аны жакшы көрөм. Азыр өзүм “Манас” университетинде сабак берип аткандыктан – теория багытындагы китептерди көбүрөк окуганга мажбур болуп атам. Карап отурсам, буга чейин киночуларга айтып келген сындарым туура эле багыт экен. Мурда болгону искусство теориясын ырааттуу окубагандыктан өзүмдүн билимиме баа берчү эмес экем. Жаш кезде кургак учук менен ооруп калгандыктан көп нерсени окуй берип, чоң билимге жетип алган окшойм. Курсташтарым окуу программасы менен гана чектелсе, а мен китептен китепти тандап окуп, көркөм адабияттан философияга чейин кирип кетипмин. Орус адабияты биякта калсын, алардын далайын окуп, Хосе Ортега-и-Гассет, Фроммдун философияларынан өйдө окуп чыктым. Бирок билим дегендин бир жаман жери – билимсиздерди көрсөң эле куйкаң курушуп, урушкуң келе берет. Билимсиздер менен бирдеңке да талаша албайсың. Бирдеңке десең, “кыйынсынба” дешет. Аларды макташ эле керек, айтор эч кимге жакпайсың.

– Кыргыз коомчулугу сизди таланттуу киносценарист катары гана жакшы тааныйт. Бирок бизге жазуучу катары дээрлик таанылбаганыңыз менен эки жыл мурда Орусиянын “Русская Премия” аттуу эларалык адабий конкурсуна катышып, абройлуу сынактын жалгыз лауреаты болуп калдыңыз. Бул ийгилик сизге кантип келди?
– Мен өзүм чыгармачылыкка өтө кеч аралаштым. 33-34 жашыма чейин Академияда илимий кызматта жүрдүм. Өзүм да башынан тентек элем, ал жактан Азиз Сариев кууп чыкты. Бирок ырас эле кылды. Себеби кыргыздардан эң биринчи мен гана Хосе Ортега-и-Гассет, Фроммду окуп чыктым деп башкаларга кыйынсынып, душмандарымды көбөйтүп алыпмын. Анын үстүнө Турар Кожомбердиев экөөбүз бир айылданбыз, теңтушпуз. Ал да таланттуу, мен да таланттан куру эмесмин дегендей. Ал да тентек, мен да. Анан эки жинди кошулса… Экөөбүз тең ичебиз, экөөбүз тең олбурлуу балбан, далбаң…

– Демек, башынан эле тентек экенсиз да…
– Ох-хо… Жеткен суукуйду жинди болчумун да. Атам башка ургулап эле “келесоо, келесоо” дей берчү. Укум-тукумубуздун барысы “Талип жинди, көкмээ” дей берип, өзүмдүн да “мен келесоомун” деген комплексим бар болчу. Ошондон уламбы, өзүмдү ушуга чейин келесоо деп жүрүп, асманга жулунган жан эмесмин. Жазуучу болом деген оюмда да жок болчу. Жазуучулар элге акылдуу сөз сүйлөп жүрсө эле аларды билимдүү деп ойлопмун. Көрсө, жазуучу дегениң мээси толук адамдардан чыкпайт окшойт. Кинодраматургиясына аралашкандан баштап кыргыз жазуучуларынын көбү билимсиз, талантсыз экенине көзүм жетти. Бир гана Ашым Жакыпбеков барынан кыйын болчу. Бара-бара орустар “таланттуу экенсиң” дешип, режиссерлор да менин эле оозумду карай баштады. Себеби, көбүнүн сценарийлерин мен оңдоп чыкчумун. Көрсө, сөз тандаганга келгенде, калем кармагандын бары эле сөз менен иштебейт экен. Сөз жазуу мээнет экенин көбү түшүнбөйт. А мен текст менен иштегенде, катырчумун.

– Бирок ушуга чейин эмнеге чыгарма жазууга чыгынган эмессиз?
– Өмүрүмдүн көбү ичкиликтин аркасы менен өтүп кетти. Ичкенде да бир ай ичем, ага чейин кагаз иштерим үйүлүп кетет. Эптеп анан жумуштан куулуп калбас үчүн жанталашасың. Бая ичип жүргөндө аркимден карыз акча ала берип, бир жагынан карыздардан кутулуш үчүн иштейсиң. А чыгармачылык жөнүндө кайдан ойлоносуң, карыз доолагандар күнүгө коколоп атса. Арагы аз келгенсип, аялдарга андан бетер жакын болчумун.

– Аялзатка ычкырыңыз бош беле?
– Бош деле эмес, бирок аялдарды абыдан жакшы көрөм. Өзүм романтик болгон үчүн өмүр бою аялдарды жакшы көргөнүм калган жок. Аял десе оозум кургачу. Айтор, аял менен арак көйгөйүн көп тарттым. А сен жазуучулугумду сурайсың…

– Мага жазуучу катары кызык болуп атпайсызбы.
– Кызыксаң мындай анда. Бир күнү карасам, алтымышка келип калыпмын. Эки жагымды карасам, бары эле менден акыл сурайт. Мына анан өзүмдү өзүм сыйлай баштадым. Демек, акылдуу экем, эмнеге жазуучу болбойм дедим. Анан классикалык прозага өтөйүн десем, мага андай жарашпайт экен. Кайта чыдабай кетип, баягы Талип болуп эле жиндилигимден өтөрү жок окшойт деп, сөгүнө баштадым. Бир күнү анан чоң режиссерлорубуздун бири “сценарий жаздым эле окуп бербейсизби” дегенинен карап чыксам, болбогон бирдеңкени былжыраптыр. Оозум кычышып, айтпаганды айтып, ашата сөксөм, “өзүң кыйын болсоң ушуга чейин эмнени кыйратыпсың, эмнени чыгардың” дебеспи. Мына анан “опа-аа” дедим. Чынында башкаларга кыйын сынып жүрүп, өзүм эмнени кыйраттым? Алтымыштан ашып калсам да силерди шашпагыла дедим. Ичим ошондон кийин чындап ачышты. Канча халтурщиктин сценарийлерин кайтадан жазып жүрөм, эмне өзүмдүн колуман бок келбейби? Болуптур, 5-6 кинолорум бар экен, бирок алардын режиссеру өзүм болбогондон кийин, кой дедим. Акыры чыгындым да, эч жакка чыга элек 2-3 сценарийимди повесть кылып жаза баштадым. Бүткөндөн кийин Светлана Суслова “келчи” деп жүргөнүнөн, бүткөн повесттеримди алпарып берсем, окуп чыгып, мактап эле жатып калды. Ошо менен “Литературный Кыргызстан” журналына четинен чыга баштады, бирок Кыргызстанда мени Суслова менен келинчегимден башка мактаган киши болбоду. Кыргыздар байкаган деле жок. Мен го жүрө бердим. Бир күнү эле Суслова “чыгармаларыңды Москвага конкурска жиберсеңчи, сен сөзсүз сыйлыкка илинесиң. Азыр сендей кыйын жазуучулар дүйнөдө аз” деп бүйрүмдү кызытып салды. Үйдө болсо жеңең жанымды койбой, “жөнөт” дейт. Бул да өтө билимдүү, маданияттуу адам да. Болуптур деп жибердим. Бир жыл өттү. Баягы Москвага жөнөткөн повесттеримди унутуп деле койгом. Бир күнү эле мени кармай албай жүрүшүп, Москвадан үйгө телефон чалышыптыр. Өзүм да бир жерде отурбайм. “Эларалык адабий сынакта сиздин чыгармалар эң бийик балл алгандыктан жеңүүчү болдуңуз” деп калышты, “а болуптур” дедим. Ошентип биринчи жылы эмес, экинчи жылы абройлуу сынактын жеңүүчүсү болуп калдым. Бирок жаш улгайып калгандыктанбы, анчалык деле кубанган жокмун. Тескерисинче, арман кылат экенсиң. Жаш кез болсо, учуп-конуп жүрбөйт белем. Ошо жаш кезде эмнеге келжиреп жүрдүм экен, эми минтип жетимишке келгенде сыйлык алганыңдын эмнеси укмуш.

– Китеп 2000 нуска менен чыккан экен, кандай таркады?
– Китебим чыгары менен тез эле ошо Москванын өзүнөн таркап кетиптир. Аларда эми китепкөйлөр көп да. Ал эмес өзүмдүн колумда 2-3 эле китеп калды, башка жок.

– Маркес Нобель сыйлыгын алгандан кийин журналисттер анын апасына барып, уулуңуз дүйнөнүн эң абройлуу сыйлыгын алып отурат. Сиз эми уулуңуз жөнүндө айтып берсеңиз – десе, “…ошол кара жерге кирсин. Үйдө болгон шерменденин барын чыгарма кылып жазып салыптыр” деген экен. Анын сыңарындай повесттериңиздин ичинде өзүңүздүн турмушту жазган чыгармалар барбы же жалаң башкалардын турмушубу?
– Башкалардын турмушун жазгыдай көзү ачык эмесмин го. Ар бир каарман аялбы, эркекпи, бары өз жандүйнөм. Башкы каармандар – жаным менен бирге болгон адамдардын образы. Турмушта далай кишилерди угасың, көрөсүң, акыры ошолор мага өтүп, чыгармага айланып кетти.

– Чыгарма жазып отургандагы эргүүңүз кандай? Туталанып, ары-бери басып иштейсизби, же жылбай отурасызбы?
– Үйдө акча-тыйын кенен болуп, санаа тынч кезде 10 күнчө чыкпай иштейм. Андан ашык иштебейм. Үйдө акча жок кезде, чыгарма жазуу эч бир ойго да келбейт. Мүмкүн бул жаман адат, бирок үйүңдөгүлөр акчасыз отурса, эң жаманы ошол го. Азыр эми шашпай отуруп иштегенге үйрөнүп атам.
(Уландысы бар)

Олжобай ШАКИР, “Айат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.