ЧЫҢГЫЗХАНДЫН махабаты

15_01_00Өткөн жылы массалык маалымат каражаттары “Жылдын мыкты китеби” деп баа беришкен Асыкбек Оморовдун “Чыңгызхан” китеби эле. Ачык асманда чагылган чартылдагандай эле Асыкбек мырзанын бул китеби адабий чөйрөбүздө чоң резонанс жаратты. Чыңгызхандын жашоосунун бир бөлүгү болгон анын махабаты, аялдары тууралуу автор менен баарлаштык.

Чыңгызхандын сүйүүсү тууралуу айтып берсеңиз.
Албетте, Чыңгызхан да махабат даамын таткан. Ал тестиер кезинде эле атасы Есугей менен кыз тандап алыска бара жатып бир үйгө түнөп калышат. Ал үйдүн Бөртө деген кызын өзүнөн эки-үч жаш улуу болсо дагы Темучин жактырып калган. Эртеси атасы Есугей ал үйдүн ээсине куда түшүп, монголдордун салты боюнча Темучинди ошол үйгө келечекте калың төлөө максатында 2-3 жыл иштөөгө калтырып кеткен. Кийин биртоп жылдар өтүп Темучин Бөртөгө үйлөнүп жашап калганда, меркеттер түн ичинде Темучин жашаган айылга кол салып, Бөртөнү алакачып кетишкен. Негизи, бирөөнүн сулуу аялы болсо, ал айылды чаап, аялдарын алакачып кетүү көчмөн монгол салтында көнүмүш иш катары эсептелчү. Кийин Темучин жалпы монгол урууларын: кейреттерди, меркеттерди, тайчыктарды, наймандарды жана татарларды бириктирип 1206-уй жылында жалпы курултай өткөрүп, Чыңгызхан (Жеңгизхан өз аты) атка конгондо ушундай монголдордун жаман салттарына биротоло бөгөт койгон. Кийин бир жылга жетпеген убакта өзүнүн досу Жамуха менен биригип, меркеттерди түн ичинде чаап, аялы Бөртөнү куткарып алган. Эгер Темучиндин Бөртөгө болгон аруу сүйүүсү болбогондо өз керт башын тобокелге салбай, кол шилтеп деле коймок.

Ал сүйүүсүнөн жаралган балдар кимдер?
Бөртө Темучиндин биринчи алган аялы, же байбичеси болгон. Жалпы көчмөн түрк элдеринин аттуу-баштуу, белгилүү адамдарынын байлык, бийлик энчиси жалгыз гана байбиченин балдарына таандык болуп, ал эми кийинки алган аялдардын же болбосо токолдон тараган балдарга энчи тийчү эмес. Ошол себептен Бөртөдөн тараган балдардын улуусу Жоочуга кийин бийлик энчиси катары Чыгыш Европа аймагын, экинчи уулу Чаатайга Орто Азия менен Мавераннахр аймактарын, үчүнчү баласы Өгөдөйгө – жалпы Улуу Монгол империясын Каракорум шаарынан башкартып, ал эми эң кичүү баласы Төлөйгө – ата мурасы катары жалпы Монгол талаасын бийлик энчиси кылып берген. Ал эми бешинчи баласы болуп Бөртөдөн Темулун деген кыз төрөлгөн. Темулунду уйгур ханына аялдыкка берген. Негизи көчмөн түрк элдерде кыз балдарды жанында жашаган коңшу мамлекеттердин хандарына тартуу кылышып, тынччылыкта жашайлы дешкен жана ал кыз балдардын аттары санжыраларда айтылбай келген.

Чыңгызхандын небере-чөбүрөлөрүнөн баатыр кыздар чыкканбы?
Албетте, чыккан. Өгөдөй хандын биринчи баласы Күйүк хандын Хайду деген баласынан 4 эркек бала: Шапар, Орусутту, Байкагар, Сарбан деген балдарынан кийин бешинчиси баатыр кыз Кутлан Шага деген болгон. Ал баатырлыгынан 26 жашка чейин турмушка чыккан эмес. Ал кезде 18ден ашкан кызды “карадалы” деп коюшчу. Кутлан Шага атасынын ордосундагы уйгур улутундагы катчыга турмушка чыккан.

Чыңгызхандын энеси жөнүндө эмне дейсиз?
Чыңгызхандын энеси Оэлун (Гао Марал) Есугейдин экинчи аялы болгондуктан токолу катары жашаган. Оэлун монголдордун меркет уруусундагы Чиледи деген адамдын аялы болгон. Учурунда Чиледи монголдордун салты боюнча уруулар арасынан эң сулуу кызды тандап, анын ата-энесинин алдына белек-бечкек алып барып, ал жакта болочок күйөө бала катары алардын кол алдында иштеп келген.

Ошентип, Есугей деген баатыр бир күнү аң уулоого жигиттери менен чыгып, Чиледи менен Оэлун арабада (каңк) кетип баратканын көрүп, Чиледиден Оэлунду тартып алат, Чиледи качып кутулат. Есугейдин биринчи аялы Сочигел деген болгон. Андан Бегтэр, Балгутай, Боорчу, Желме деген эркек балдар болгон. Ал эми Оэлундан эркек балдар Темучин, Хасар жана Темуге деген кыз бала болгон.

Монголдордо дагы кыргыздыкындай калың төлөө салты болгон турбайбы?
Монголдор менен кыргыздардын түпкү атасы бир. Жашоо салты, сөөк коюу салттары да окшош болгон. Ошон үчүн белгилүү тарыхчы В.В.Бартольд: “Монгол, кыргыз бир эле улут” – деп жазып кеткен. Атургай мурунку кылымдарда сүйлөгөн диалектикасы да окшош болгон. Кийин монгол талаасына Төлөйдүн балдары Хибулай (Кубулай) хан Кытайга кирип кетип Улуу Монгол империясын башкарып, кийин Монгол талаасына калмактар көчүп кире баштап тили менен дини өзгөрүп калганы ошол себептен.

Биз жогоруда айтып кеткендей Чиледи Оэлундун калыңын төлөө үчүн дагы биртоп жыл бекер иштеген. Есугей ал экөөнүн арабада кетип баратканын көрүп, жигиттери менен качыра берип, Чиледи качып баратканда Оэлун бир жоолугун ыргытканга үлгүргөн. Мындай жышаана көчмөн элдерде менин жытым жыттанган кийим сени менен, мен дайыма сени менен биргемин дегенди түшүндүрүп, сүйүүнүн бир белгиси катары баамдалчу.

Темучин (Чыңгызхан) кандай үйлөнгөнү тууралуу жана салтын айтып берсеңиз.
Бөртө Темучинден 2-3 жаш улуу болгон. Бөртөнүн атасы Дей-Сечен деген киши сөзүнө туруп, кызынын Темучинге турмушка чыгышына макулдук берип күткөн. Ал жерден монголдордун салты боюнча өздөрүнүн үйлөнүү тойлорун өткөрүшөт да кайра жолго чыгышат. Биздегидей калыңдын ордуна сеп берип, дүр-дүйнө, идиш-аяк, төшөк, боз үй жабдыктарын беришпейт. Болгону кыз-күйөөгө анын ата-энеси колдо бар кийимдерди тартуу кылышат. Ошол салтка ылайык кундуздан тигилген көркөмдүү чапандарды кийгизет. Эгер Темучин үйлөнгөндө атасы Есугей тирүү болсо, мындай чапанды кудасы катары тартууламак.

Чыңгызхандын Бөртөдөн кийинки айымдары ким болгон?
1202-ит жылы Он-хан Темучинди чыгыштагы татарларды чаап алууга жөнөтөт. Темучин татарларды жеңгенден кийин жалпы монгол элинин курултайын чакыртат. Курултайда согушта жеңилген татарлар душман катары басмырланбай, башка уруулар менен бирдей укукта болоору жарыя айтылат. Курултайдан кийин Темучин татардын ханынын кыздары эже-сиңди Есуй менен Есугенди токолдукка алат. Есуй Есугенден эки жаш улуу болгон. Темучиндин татар уруулардын арасында да аброю бийиктеген. Ошол кездерде татарлардан кыз алуу монголдор үчүн жетишкендик катары да каралчу. Чыңгызхандын империясында татар аялдарынан чыккан балдар кийин Батый хан менен бирдикте Европаны башкарып келишти. Элдин көпчүлүгү мунун зили монголдон, мунун зили татардан дешип адашып келишти. Анткени менен бул эки элди бир атанын балдары катары бириктирүү оңойго турган жок, алар ич ара баары бир бөлүнүп турушчу. Кийин 1206-уй жылында Темучин Чыңгызхан (Жеңгизхан) атка конгондо Кытайдын Чжунтун шаарын жеңгенден кийин Алтын хан Чыңгызхандын өзүнө хан тукумунан эң сулуу кызды тартуулаган…

Чыңгызхан 1227-каман жылында оорудан көз жумганда Есуй деген татар аялы Онон дайрасына сөөктү алып келип, дайранын нугун бурдуруп ошол жерге көмдүрүп, кайра дайраны көмүлгөн сөөктүн үстү менен агызып таштаган.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.