Профессор Исак Бекбоевдин сайты

“Кыргыз маданият борборунун” кыргыз тилдүү сайттар тизмеги дагы бир сайт менен толукталды (блогдун оң капталында). Бул «Профессор И.Бекбоевдин методикалык өнөрканасы».

Аталган сайтта сайттын максаты тууралуу төмөнкү сөздөр айтылат:

Азыркы мезгилде информатикалык технология турмуштун кайсы гана чөйрөсү болбосун сүңүп кире баштады. Айрыкча интернеттен пайдалануу инсандар үчүн ар тараптуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүп олтурат. Мына ушундай абалдан билим берүү системасы да куру калган жок. Билим берүү системасында окутуу процессин уюштурууда компьютердик технологиянын колдонулушу күндөн-күнгө өрчүп өркүндөп бара жатат. Бирок, мындай жаңылыктар өлкөбүздүн бардык аймактарын толук камтыды деп айтышка али эртедей.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой СССР тарагандан бери «маалымдуулуктун жетишсиздиги» («информационный голод»), бөтөнчө билим берүү системасында эмгектенген кызматкерлер үчүн өздөрүнүн адистик ишмердигин ар тараптуу өркүндөтүшүнө залакасын тийгизип келе жатпайбы. Мурдагыдай адистер, алардын арасында мугалимдер үчүн керектүү жана зарыл болгон эне тилиндеги жаңы кошумча окуу китептеринин, методикалык колдонмолордун, мезгилдүү басылма каражаттардын ж.б. саны жетишээрлик болбой, азайгандан азайып жок болуп баратканы байкалат. Бир жагынан муну түшүнсө болот, себеби бул мүчүлүштүктү жоюуга керектүү каражат менен каржылоонун жоктугунда. Эптеп бир азыраак каражат таап айрым басылмалардын анча-мынча чыгарган колдонмолоруна деле, байкуш мугалимдердин көпчүлүгү ээ боло алышпайт, себеби сатып алууга алардын айлык маянасы жетпейт.

Ушундан улам “ушундай болуп калды” деп эле алакан жайып олтуруп калбастан, өлкөбүздүн айрым патриот инсандары, атап айтканда улуттук деңгээлдеги патриоттук духу бийик инсан Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Улуттук илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, педагогика илимдеринин доктору Исак Бекбоев бул кыйынчылыктан чыгуунун дагы бир оптималдуу жолун тапты. Бул жол мектептердин математика мугалимдерине, алардын адистик чеберчилигин төмөндөтпөстөн кармап калышы үчүн жардам ирээтинде кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тиет го деген үмүт менен «бүткүл дүйнөлүк жөргөмүш торчосу» (всемирная паутина) деп аталган Интернетти пайдалануу болуп эсептелет. Анткени, ал күн деле алыс эмес, өлкөбүздүн бардык аймактарындагы мектептер буйурса жакынкы жылдарда бүт компьютерлештирилет.

Бул айтылгандарды ишке ашыруунун мазмуну мындай.

Мектептердин математика мугалимдерине методикалык жактан жардам көрсөтүү максатында, кыргыз тилинде интернеттен «Бекбоевдин усулканасынан» – деген «сайт» ачылып, андагы беттерде негизинен мезгил-мезгили менен жаңыланып туруучу төмөндөгү багыттар боюнча материалдар жарыяланат:

а) математиканын жалпы методикасына тиешелүү классикалык белгилүү маалыматтардын кыскача баяндамалары; жалпы педагогикалык проблемаларга байланыштуу жаңылыктар;

в) математиканын атайын (специальная) методикасына карата, б.а. математиканын мектептик курсунда каралуучу негизги бөлүмдөрүндөгү теориялык маалыматтардын системалаштырылышына карата баяндамалар;

г) математиканын айрым (частная) методикасына, б.а. мектеп математикасынын конкреттүү темасын кантип окутса, өздөштүрүү натыйжалуу боло тургандыгын көздөгөн болжолдуу сабактын өтүлүшүн иштеп чыгууга карата маалыматтар;

д) математика илимине зор салымын кошкон атагы дүйнөгө таанымал инсандардын (окумуштуулардын) өмүрүнө жана ишмердигине байланыштуу кыскача баяндамалар;

е) «сайтка» кирген окурмандар менен интерактивдүү байланыш түзүү, б.а. жарыяланган материалдарга карата окурмандардын ой-пикирин билүү, жогоруда аталган багыттарга тиешелүү беттердеги материалдар боюнча окурмандар да өздөрүнүн баалуу иш тажырыйбаларын сунуш кылабы деген ойдо эки тараптуу байланышка чыгуу.

Ушул мазмундагы иштерди жүзөгө ашырууда Исак Бекбоевичтин жетекчилиги астында, анын шакирттери өздөрүнүн иш-тажырыйбаларын пайдалануу менен мүмкүн болушунча бардык күч-аракеттерин жумшашат.

Шакирттеринин атынан,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин
профессору, п.и.к. Б.Келдибаев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.