Бир нече эл агартуу жана маданият кызматкерлери сыйлыктарга ээ болушту

Өткөн ишемби күнү (16-май) Бишкектеги “Достук” мейманканасында өткөн “Эркиндик” саясий партиясынын IX курултайында партиянын бир нече аймактардагы эл агартуу жана маданият тармактарында иштеген мүчөлөрү өз кесибиндеги мыкты эмгеги үчүн мамлекеттик наамдарга жана сыйылыктарга ээ болушту.

КР Билим берүү жана илим министринин буйругу менен төмөндөгүлөр “Эл агартуунун отличниги” деген наамга ээ болушту: Элмира Абакирова – Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими; Айзада Өмүрзакова – баткен районундагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими; Арапатхан Абитова – Базар – Коргон районундагы С.Далбаев атындагы орто мектебинин мугалими.

“КР Маданиятынын мыкты кызматкери” деген наамга республикабыздын ар кайсы аймактарында маданият үйү жана китепканаларда иштеген төмөнкү кызматкерлер ээ болушту: Орозгүл Камчыбекова, Кубанычбек Алгожоев, Батмабүбү Белекова, Сейилкан Айталиева, Мырзали Жеенбаев жана Данияр Шабданалиев.

Ал эми айылдык акын жана журналист Эргешали Элбеков КР Президентине караштуу Улуттук кыргыз тили комиссиясынын алтын медалы менен сыйланды.
Аталган наамдарды жана сыйлыктарды “Эркиндик” саясий партиясынын лидери Шамшыбек Өтөбаев тапшырды.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.