КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов Эл аралык Махмуд Кашгари атындагы сыйлыктын лауреаты болду

14-майда Махмуд Кашгари Эл аралык фонду (Баку) «Махмут Кашгари жана түрк – исламдык маданият» темасы боюнча симпозиум өткөрөт. Симпозиум учурунда Кашгари атындагы сыйлыкты берүү аземи болот.

2009-жыл үчүн сыйлыктын лауреаттары болуп:

– Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов,
– Казахстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Оразуллин,
– «Авразия» Жазуучулар союзунун (Түркия) төрагасы Якуб Делиорманоглы,
– Акын Чыңгыз Алиоглы (Азербайжан) мына ушулар аталышты.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 08.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.