«Кыргызстанда спорт туризми жана саякат» республикалык фотокөргөзмөсү үчүн фотосүрөттөргө конкурс жарыяланды

Кыргызстанда «Кыргызстанда спорт туризми жана саякат» республикалык фотокөргөзмөсү үчүн фотосүрөтчүлөргө конкурс жарыяланды. Көргөзмөнүн башкы уюштуруучусу Кыргызстандын туристтик-спорттук бирлиги болуп, иш чараны Кыргызстандын Фотожурналисттер бирлиги менен Шаардык туристтик клуб колдоого алууда. Бул туурасында Кыргызстандын туристтик-спорттук бирлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнү уюштуруунун максаты жана милдети саякаттоо жана сергек жашоо образын жайылтуу, спорт туризминин түрлөрүн пропагандалоо, Кыргызстандын кооз жерлерин жалпы коомчулукка көрсөтүү, табигатка таттуу мамиле кылууга көңүл буруу, туристтик фотосүрөттөрдү жайылтып жана мыкты авторлорду аныктоо болуп саналат. Конкурс бир катар номинациялар аркылуу жыйынтыкталат. Алардын ичинде саякат, таймаштар, жүрүштөр, Кыргызстандын жаратылышы, экстремалдык фотосүрөттөргө байгелер каралган.

Белгилей кетсек, конкурска бардык үйрөнчүк жана адис фотосүрөтчүлөр катыша алышат. Алардын ар бири тандоо этабына санариптик форматтагы 480 х 620 өлчөмүнөн чоң эмес 15 фотосүрөттү берүүлөрү керек. Конкурска келип түшкөн сүрөттөрдүн мыктылары калыстар тарабынан аныкталып, көргөзмөгө коюлат. Калыстар тобунун курамына өкмөткө караштуу дене тарбиясы жана спорт, жаштардын иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин деректири Александр Воинов, Кыргызстандын Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов, Жогорку Кеңештин депутаттары Орзубек Назаров, Борис Сан, Кыргызстандын туристтик-спорттук бирлигинини президенти Юрий Альков жана бир катар фотосүрөтчүлөр – Сагын Айылчиев, Алимжан Жоробаев, Сергей Крюковдор бар.

Тандоо туруна катышуу үчүн фотосүрөттөр ушул жылдын 5-ноябрына чейин уюштуруу комитетине жиберилиш керек.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.