М. Абдраев атындагы музыкалык мектептин тарбиялануучуларына музыкалык аспаптар тапшырылды

Бүгүн Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке Кытайдан алып келинген 8 кылкыяк жана 2 виолончели тапшырылды. Кытайдын маданиятка көмөктөшүү жана колдоо фондусу Кыргызтанда музыкалык билимди өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтылды. Мектептин деректири А.Асакеевдин сөзү боюнча, музыкалык жаңы аспаптарды алуу окуучулар үчүн сөзсүз маанилүү окуя экендигин, анткени кийинки 50 жылдын ичинде жаңы аспаптар болбогондугун белгиледи. Ушул кезде М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте бардык республикадан 450дөн ашык бала билим алууда.

А.Мураталиева, МТ, “Кабар” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.