Эркиндикке ээ болгондон бери бардыгы болуп “Манас” эпосунун 9 тому чыгарылган

Суверендүү Кыргызстандын 15 жылынын ичинде бардыгы болуп “Манас” эпосунун 9 тому чыгарылган. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигине Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун деректрии Абдылдажан Акматалиев билдирди. Анын сөзү боюнча бүгүнкү күндө жазма жана кыскартылбаган түрдө түп нускасында эпостун 17 тому даярдалган. Алардын ичинен С.Орозбаковдун 6 томдугу жана С.Каралаевдин вариантында 3 томдук жарыкка чыккан. Каржы каражатынын жоктугуна байланыштуу калган 8 тому токтоп турат. Революциядан, башкача айтканда 2006-жылдан кийин бул максатка президенттин фондусунан 1 млн сом бөлүнгөн. Ушул каражатка С.Орозбаковдун варианты боюнча эпостун бешинчи жана алтынчы томдору басылып чыккан.

А.Мураталиева, МТ, «Кабар» МА, 19.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.