Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй

Эл ар качан элдин атын чыгарган эренин, калктын кадырын арттырган көсөмүн, кайталангыс өнөрлүү инсандарын көзү тирүүсүнө караганда, кийин мезгилдин сынагынан өткөндөн кийин ого бетер даңазалап, туу тутуп, урпактарга, элге кызмат кылуунун үлгүсү катары ыйык тутуп, даанышман залкар деп атап келатат. Бүгүн биз эскере турган инсан да кыргыздын чыгаан уулу, кайталангыс талант – Сүймөнкул Чокморов.
Сүймөнкул аганын көзү тирүү болгондо быйыл жетимиш жашка толмок. Бирок, улуу таланттардын өмүрү ченелүү болот турбайбы…

Актер, сүрөтчү гана эмес, акын болчу
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргызда ат коюу ошол убактагы окуяларга байланыштуу болгон экен. Анан Сүймөнкулдун туулган мезгили турмуштун кыйынчылык, саясий карама-каршылык убагына туура келет. 1939-жылы репрессиядан, ачарчылык жылдардан кийин өлкөдө кичине болсо да тынчтыктын, токчулуктун жыты сезиле баштайт. “Элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун” деген тилекте атасы Чокмор жаңы төрөлгөн наристесинин атын Сүймөнкул деп коет. Сүймөнкул он бир биртуугандын онунчусу. Үйдө эркектердин эң кенжеси болгондуктан атасы “көкүрөк күчүгүм” деп эркелетип, ар убак жанына эрчитип алчу экен. Ал алты жашынан мектепке кирген. Ал учурда мектептер жети жылдык болгондуктан Сүймөнкул 7-классты ийгиликтүү аяктап, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтөт. Аны бүтүрүп, Кыргыз ССР маданият министрлигинин жолдомосу менен Ленинграддагы И. С. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан окуусун улантат. Толук билим алган соң Фрунзедеги өзү окуган окуу жайга мугалим болуп иштейт. Иш билгилиги, өнөрүнүн арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ушул жылдан тартып киного тартылууга кадам таштайт. Бирок, тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштаган эмес.

Ал бала чагында эле көп нерселерге умтулган экен. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, Сүймөнкул да өзүн ар өнөрдөн сынап көргөн. Жашоо, турмуш, жаратылыштын кубулушу аны ар түрдүү ойго кабылтканы үчүн ар түркүн кубулуштагы сүрөттөрдү гана тартпастан, өз туулган жерин сүрөттөп, ыр да жазып көргөн. Өнөрдүн кайсы жагы жөндөмдүү болсо, адам ошол тарапка ооп кетет тура. Сүймөнкул да сүрөтчүлүк өнөргө басым жасагандыктан анын акындык өнөрү кала берген.

Анын калемине таандык ырлардын бири
“Өскөн жер”

“Ала-Тоо кыргыз жеринде,
Ойдуң саздын жээгинде,
Туулуп, өсүп жетилгем.
Туулган жердин ташы алтын,
Жашымда өскөн жерлерим,
Такыр кетпейт эсимден.

Адыры сулуу белестер,
Жерим сонун элестээр.
Токою калың бетинде,
Жайдын толук кезинде.
Арашан ичин суу бойлоп,
Жүргөн кездер эсимде.

Бетегелүү белдериң,
Атыр жыттуу желдериң,
Ала-Тоо кыргыз жергеси
Алтын-Төр бийик төрлөрүң.
Кем калышпайт алардан
Айылым Чоң-Таш – өскөн менин жерлерим.”

Бул ырды Сүймөнкул 14 жашында жазган. Ал чоң турмушка болгон алгачкы кадамын туулуп өскөн жеринен баштаган.

Сүймөнкулдун жашаган доору эң татаал, кыйынчылык мезгилдин тушуна туура келген. Бала кезинде согуш жылдарын, кийин ачарчылык, согуштун убагында кыйраган эл чарбасын кайрадан калыбына келтирүү жана башка кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Ал учурда окуп, билим алуу, турмушуна жол салуу дегенге жетишүү кыйын болгон. Сүймөнкул ошол каардуу мезгилдин запкысына карабай өз максатына жеткен. “Зор атак-даңк оор сыноодон жаралат” деген кеп бекеринен айтылбаган чыгар.

Адамгерчилиги жана жакшы-жаман сапаттары
Сүймөнкул жайбаракат, токтоо адам болгон. Биртууган агасы Намырбектин эскерүүсүндө ал басканда да шашпай, кез-кезде токтоп бир нерселерди ойлоп туруп калчу. Ал адамдарды бир көргөндө эле жакшы, жаманын ажырата билчү. Бирок, кандай адам болбосун жакшы мамиле жасачу. Буга сүрөтчүлүктүн, чыгармачылык дүйнөнүн таасири тийгендир. Бирөө менен сүйлөшүп олтурганда да жанындагылардан сөз талашпастан, сөзгө төркүн берген мыкты сапаты бар эле. Сүймөнкул тааныштары же жакындары менен жолукканда өзүнчө бир майрам болчу. Өзү тоону, токойду, талааны кыдырып жүргөндү укмуштуудай жакшы көрчү.

Кинодо бир топ мыкты образдарды өтөсүнө чыгара аткарган талант мергенчилик, балык уулоо дегенди жети желмогузундай көрөр эле. Чыккан чөп менен аккан суудан башкага зыян кыла албаган жан болуптур. Жада калса чымын-чиркейди да өлтүрө алчу эмес. Ошондуктан мал сойгонду үйрөнгүсү келбей, мал союлганда башка жакка басып кетчү. Ал үчүн бүтүндөй жан-жаныбарлар ыйык сезилчү. Сүймөнкул жайбаракат сүйлөгөнү менен үнү бийик болгон. Созолонто ырдап, комузда кол ойното чер жазчу. Кайсы бир жылы догдурга көрүнгөндө өпкөсү начар экенин угуп, “Кап, ырчы болсом болмок. Чоң ырчылардын көөдөнү чоң, өпкөсү чың болот экен” деп айтчу экен.

Сүймөнкул Чокморов тарыхты кызыга окуган. Солто элинин акылмандары Жангарач баатыр менен Байтик баатырды “Эл баккан, эл коргогон инсандар” деп жогору баалачу. Казак элинин улуу окумуштуусу Чохан Валихановдун солто эли тууралуу жазгандарын Алмата шаарынан алдырып окуган. Анын эң жаман көргөнү – үйдөгү ызы-чуу эле. “Акыл менен бүтпөгөн иштин аягы чууга барып такалат” деп көп айтчу. Кийин оорукчан болуп калганда жини бат келгени менен сыртына билгизбегенге аракет кылып, бирөөгө кыжыры кайнаганда “ушундай да болобу?” деп тим болчу. Негизи жашоодо сергек, эмгекчил адам болгон. Ат мингенди беш жашынан үйрөнүп, чаап жүргөндү жакшы көрүп, ат үстүндө өзүн абдан эркин сезчү. Анан күндүн кечи менен таңдын атышын аябай зарыгып күтчү, себеби ошондой маалда ар түркүн сүрөттөрдү тартар эле.

Сүймөнкулга көралбастык жасап, жамандык издегендерге ичинен капаланганы менен, “өз пейилинен табат” деп эрегишчү эмес. Анын бир артыкчылыгы бирөөнүн көңүлүн калтырчу эмес. Жамандык кылгандарды кечире билген. Ичкиликке да жок, чылым да чекпеген адам болсо да ичкендер менен тамашалашып отургандан каччу эмес. Бой көтөргөндү билбеген карапайым адам эле.

Тасма артындагы тагдырлар
Талант – бул кудайдын берген олжосу, касиети. Сүймөнкул Чокморов өзүнүн актердук жөндөмдүүлүгүн Ленинградда окуп жүргөндө 24-25 жашында баамдаган. Кандайдыр бир күч түрткү берип, кино-актер болууну эңсеп, кинодогу актерлордун аткаргандарын туурап, өз алдынча машыгып жүрчү. Ошентип “көрүнгөн тоонун алысы жок” демекчи, окуусун бүтүп келгенден кийин Болот Шамшиев менен таанышат. Кино тармагынын ары жак, бери жагын таанып, билет да киного тартылуу тилеги орундап, “Караш-караш” тасмасында башкы каармандын ролун ойнойт. Алгачкы ролун мыкты аткарган үчүн тез эле кино-актер катары таанылып чыгат. Режиссерлор да “асмандан издегенибиз жерден табылды” деп Сүймөнкулга чоң ишеним артышты. Ролдорду Сүймөнкул “өзүм ойнобосом ойдогудай болбой калат” деп дублерсуз аткарчу. Ушул себептен киного тартылам деп денсоолугуна көп запкы тийгизген. “Жамийла” тасмасына тартылып атканда бөйрөгүнө катуу суук тийип, ооруканага жатып дарыланып атып тартылып бүткөн. Кийин “Жалаң эркектер” тасмасында баш каарман Касымдын образын жаратууда Токтогул ГЭСинде тоодон тартылып атып аскадан учуп, анда да ооруканага жатып калат. Ошентсе да кинолорго тартылып, мыкты сүрөттөрдү жаратып, кино фестивалдарга катышып, бир топ өлкөлөргө конок болуп келген. “Денсоолугум начар, оюмдагы нерселерге жетишим керек” деп жүрүп денсоолугуна таптакыр көңүл бурбаптыр. 1981-жылдан баштап Сүймөнкул Чокморовдун оорусу күчөп жакшы боло албай, врачтардын сунушу менен Москвага барып дарыланууга туура келет. Кийин Сүймөнкул ооруп, киного тартыла албай калганда Төлөмүш Океев: “мындай асыл адамдар дүйнөгө чанда эле жаралат. Аяш керек, сакташ керек эле. Биз сактай албадык!..” дегени бар.

Алгачкы махабаты
Сүймөнкул өзүнүн айылдашы Асымкүл менен окуп жүргөн кезинде эле бири-бирин жактырышып, сүйлөшүп, айылда жетелешип басып, алыска кетсе кат алышып турганын апасы, биртуугандары да билчү. Сүймөнкул Ленинградда окуп жүргөндө Асымкүлдү кыргызчылык кылып башка бирөө ала качып кетет. Сүймөнкул алгачкы сүйүүсү болгон Асымкүлдүн сүрөтүн курстук иши катары тарткан. Кийин турмушка чыгып кеткенин уккандан кийин турмушуна жолтоо болбоюн деген ойдо “кыргыз кызы Бурулча” деп которуп койгон. 1966-жылы өзү менен бирге окуган Салима аттуу кызга үйлөнөт. Экөө уулдуу болуп, атын Бактыгул коюшат. “Кыргыз жүзү Сүймөнкулдун жүзүндөй” демекчи актер өзү келбеттүү, келишкен адам болгондуктан ага көз арткан кыздар ого эле көп болуптур. Ошондуктан анын 1978-жылы туулган Эргул аттуу уулу бар. Көзү тирүү кезинде баласы экенин танбай, колунан келген жардамын берип турчу экен. Бирок ден соолугу улам начарлаган сайын үй бүлөсүнө көңүл бурганга алы келбей калган.

Тагдырдын жазмышы
Сүймөнкул Чокморов бөйрөгү ооругандыктан дарттын азабын абдан тарткан. Катуу ооруп Москвадагы борбордук оорукананын хирургия бөлүмүнөн бөйрөгүн 55 жолу опперация жасалыптыр. Улам опперация жасала бергендиктен вена тамырларынан соо жер калган эмес. Анан ошол вена тамырларын жаңыга алмаштыруу үчүн 1992-жылы 56-операцияга кирет. Актердун оорусу мүнөт санап күчөгөндүктөн аны Москвага алып бара алышкан эмес. Бул жактагы хирургдар опперация жасагандан кийин Сүймөнкулдун абалы жакшы болбоду. Оорусу күчөгөндөн күчөп отуруп ошол жылы сентябрь айында бу жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сүймөнкул Чокморовдун үзүлүп бараткандагы акыркы керээз сөзү, “Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегимдин барысын өнөрканама таштадым” деген сөз болгон. Сүймөнкул өзүнүн кыска өмүрүндө беш жүзгө жакын сүрөт жараткан.

P.S. Намырбек Чокморовдун “Сүймөнкул Чокморов” аттуу китебинин негизинде даярдалды,
«Айат пресс» гезити (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.06.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.