Чыңгыз баскан из менен

Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
О.Тенти: – Сиздер андан мурда кеңешкен экенсиздер да?
А.Казат: – Ооба, мурда болгон. Ал пленумга Чыкем катышкан жок. Анан эле бизди ошол Михалковдун орун басарлары Суровцев жана башкалар эле да. Алар да өз баласындай мамиле кылышып бизге:
– Машина аласыңарбы,- деп калышты. Ошентип, мага бир машина бөлүп берди. Косыгиндин колу менен Кыргызстанга бир “Волга” берилиш керек экен. Ошону СССР жазуучулар союзуна берилип, алар чечим чыгарып мен алышым керек экен. Ошону менен биз эски союзда калдык. Аңгыча СССР тароонун алдында Горбачевдин президенттик совети жоюлуп калды. Ушундан соң Чыңгыз Төрөкулович Люксембургка элчи болуп кетпедиби. Ал киши кетип жатканда мен Кыргызстанда депутат болуп калдым. Акырында союздан мен да кетип, ал эми Жолон байкуш каза таап калды. Анан Асан катчы болуп шайланып калды да. Чыңгыз Төрөкулович союздун төрагасы болуп кала берди.

О.Тенти: -Ардактуу төрага болду да?
А.Казат: – Ооба, ошондой жагдай түзүлүп калган кез болчу.

О.Тенти: – Казыке жашоо деген өтө берет тура. Эч кимдин үч уктаса түшүнө да кирбеген совет бийлиги өз жашоосун аяктап кете берди. Жакында АКШнын белгилүү мамлекеттик ишмеринин айтканын угуп отуруп таң калдым. Ал: – Бу Советтер Союзунун кулашын эч ким күткөн эмес деди. Бул ошол эле СССРдин кулашына кыйыр да, түз да кызмат кылган адамдын биринин айтканы. Чыкемдин Москвада президенттик кеңештин мүчөсү болуп бир жарым жылча иштептир. Ошол учурда экөөңөрдүн карым-катышыңар үзүлгөн жокпу?
А.Казат: – Үзүлгөн жок, эми ошол жылдардагы окуяларды бул жерде сөз кылуу анча кажет туудурбас. Экинчиден, ал менин компетенцияма да кирбейт, ушул себептен сөздү башка жакка бургум келет. Ошентип, убактылуу комитет түзүлүп СССРди кайра калыбына келтирели деп Янаевдер аракет жасашты. Биз Кыргызстандын атынан 25 депутат Москвага, Кремлге барып иштеп калганбыз. Ар бир союздук республикадан 25 кишинин СССР Жогорку Советинин мүчөсү кылып шайлап СССР Жогорку Советинин депутаты деген статус менен барып отурдук.

О.Тенти: – Эми ошондо жазуучулардан канча киши элеңер?
А.Казат: – Жазуучулардан жалгыз мен кирдим. Аңчыга болбой СССРди Белоруссиянын Белобеж токоюнда үчөө кулатышпадыбы? Ошондон соң, ар кимибиз Ата -Мекенибизге келип иштей баштадык. Күндөрдүн биринде Чыңгыз Төрөкулович:
– Казат Люксембурка келип кетпейсиңби,-деп чакырып: -Көрүп эс алып, жүрүп кет, чарчадың. Мен да эл-журттту сагындым. Кыргызстанга командировкага барууга азыр шарт жок,- деген өтүнүчүнөн соң мен бардым. Мен анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп калгам. Чет мамлекеттерде депутатты сенатор деп кабыл алышат. Анан Люксембурга барып Чыңгыз Төрөкуловичке учурашып, аерде беш күнгө мейман болдум. Күндөрдүн биринде Чыкем тамашалап: Мен сага бир бешбармак жасап берейин койдун этинен,-деди. Ашпозчусу бар экен, ал кишиге: – Койдун этин алып кел,-деп жиберсе керек? Анысы бир койдун этин алып келдим деп, ал да келип калды. Анысын кадимкидей эле, кыргызча сууга бышырыптыр. Аны да Чыкем тигинт, минт деп бышыртса керек. Анан табакты толтура этин алдыма коюп койду. Карасам чоң-чоң жиликтер, көзүмө анча-мынча ириктигинен да көлөмдүү. Аны бир чети таңдана карап отурам. Анан: – Бу Люксембургдун кою ушундай чоң болушат бекен,-десем эле күлдү. Бул сөзүмө Чыкем: – Сен алды менен жеп көрчү, койдун этиндей бекен, же башкача бекен, мен сени сынап көрөйүн,-деди. Мен бул сөзгө унчукпай жеп көрсөм, койдун эти десем койдун этине да окшошот. Бирок, койдун этинен айырмасы бардай. Чын-чынына келгенде анча айырмачылыктары деле билинбейт. Бирок, ошондо да анча окшобой турган жактары бардай. Анан Чыкем күлүп: -Бул жакта койдун эти сатылбайт, бул ламанын эти. Лама деген тиги Африканын кою да. Койдун этин каалашкандар ушул сен экөөбүз жеп жаткан ламанын эти деп түшүндүрүп жатпайбы?

О.Тенти: – Койдун ордуна ламанын этин алып жешет экен да?
А.Казат: – Анан экөөбүз күлүп-жайнап далай кеп-сөз ортого салып отурдук. Ошондо эле Чыкем этти деле көп жебей, негизинен жашылча жеп отурган эле. Мен ошондо этти өтө аз жегенин баамдап туруп: – Чыңгыз Төрөкулович, чындыгында эт жеген элдин баласысыз, генефондуңузда койдун, жылкынын, уйдун эттери, казы, карта, чучук дегендер бар. Аны эмне кыласыз, сизди үйрөтө албаймын, алардын баарын менден жакшы билесиз. Мунун баарын жей берип, жашылчадан көтөрүм болуп калбайсызбы,-десем: – Эми эмне кылам ушундай болуп жатат,-деген сөзүнөн улам ойлосом ошол кезде эле кант оорусу башталып эле эмес, кыйла күчөп жүргөн кези экен да! Аны а киши эч убакта айтпайт да.

О.Тенти: – Айтып, даттанып көргөн киши эмес да.
(Уландысы бар)

Тенти ОРОКЧИЕВ, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.