ЖЫГЫЛГАН АЙДЫ КӨРДҮК, ТУРГУЗБАДЫК…

tattybybyАк булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат…
Ооба, ак булутту аралап бараткан ай сыяктуу Таттыбүбүнүн ажайып ажары өзү сүйгөн асманга төөнүп кеткендей. Кыргыз киносунун жылдызы, сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо 12-июлда 65 жашка чыкмак. Аз жашаган өмүрүндө зор бийиктикке жетип, эл оозунда калган таланттын аялуу өмүрүнө, аялдык татаал тагдырына көз чаптырып өтүүнү туура таптык.

Соң-Көлдө өткөн балалык
12-июль. Жайдын толук күндөрү­нүн биринде жарык дүйнөгө жар салып перзент келди. Эшикте ойноп жүргөн агалары купуя кубанычты туйгандай, бири-бирине жылмая карашты. Атагы таш жарган болочок сахна жылдызы ушинтип жарык дүйнөгө келген эле. Чоң атасы Турсунбай үч эркектен кийин келген кызга Таттыбүбү деген ысымды ыроолоду. “Таттыбүбү төрөлгөн күн күнү бүгүнкүгө чейин эсимде,- дейт агасы Нуркан. – Анын ыңаалаган ыйы азыр да кулагымда тургансыйт. Апамды төрөтүп жаткан аялдар бизге сүйүнчүлөп, оозубузга май томуруп салганы да эсимде. Таттыбүбү төрөлгөндөн баштап эле үйүбүзгө кут киргендей болду.”

tattybyby2Талантка кандайдыр бир деңгээлде үйбүлөсү да таасир берсе керек. Чоң атасы Турсунбай дабанга аты чыккан чоң комузчу болсо, атасы Мырзаалы кадимки Токтогулдун шакирти болгон экен. Ал эми ажайып сулуулук Таттыбүбүгө апасы Калыйбүбүдөн мураска калган. Ушундай өнөрлүү үйбүлөдө эрке өскөн Таттыбүбү агаларын ээрчип эркекче кийинип, эркекче ойноп чоңоёт. Агаларынын ичинен өзгөчө жакыны Нуркан эле.

Убакыт өтүп, Таттыбүбү көргөн көздү суктандырган сулуу кыз болуп чоңоёт. “Шайдоот, ачык-айрым Таттыбүбү ар дайым жароокер жылмайып турчу. Анан ийрим деген нерсени калтырчу эмес. Ырга, бийге, волейболго, баскетболго катышып, бийиктикке секирүү боюнча алдына киши салчу эмес. Өзү дагы бойлуу эле”,- деп эскерет агасы Нуркан.

Он алты жашта келген атактуулук
Таттыбүбү 15 жашында республикалык кароого катышып, “Гүлкайыр” деген ырды аткарып, эл көзүнө түшөт. Агасы Нуркан аспапта ойноп коштойт. Ошол замат комиссиянын жетекчиси ага-карындашты Москвага окууга чакырышат. Бирок ошол эле учурда атайын Таттыбүбүгө киносценарий даярдалып, “Салиманын ыры” деген кыска метраждуу фильм тартылмай болот. Бул он алты жаштагы Таттыбүбүнүн атактуулукка карай бет алган биринчи кадамы эле. Фильмди Кара-Балтада тартып жаткан учурда Ташкент театралдык институтунан таланттуу улан-кыздарды жыйнап жүргөн топ келип калат. Башкы ролду ойногон кызды көрүп, алар да дароо окууга чакырышат. “Биз мурун Москвага барабыз деп дегдеп алган элек. Ошондуктан Ташкентке барбайбыз деп так кесе айттык. Алар болсо “ата-энеңерге жакын болосуңар. Жок дегенде экзамен тапшырып койгула” деп көндүрүштү. Мейли деп экзамен тапшырып, өтүп кеттик. Кызыгы, биз менен жүргөн Сүйүнбек деген жээнибиз бар эле. Анын артисттик өнөрү күчтүү болсо да, бою кичинекей деп экзаменден кулатып коюшту. Үчөөбүз Жумгалдан бери келип, биртуугандай болуп калган элек. Таттыбүбү болсо “Сүйүнбек барбаса, мен да барбайм” деп ыйлап жатып алса болобу. Айла жок Сүйүнбекти да өткөрүштү. Ошентип, киного тартылып айылга бардык. Тим эле баатырларды тоскондой тосуп алышты. Биз болсо ата-энебизге Ташкентке окууга өткөнүбүздү айтпайлы деп чечтик. “Бизди киного кайра чакырып жатат” деген шылтоо менен экөөбүз ата-энебизди алдап, Ташкентке кетип калдык. Ошентип, студент болгонбуз” деп эскерет агасы Нуркан.

Жуурулушса талант менен сулуулук
Ташкенттеги театралдык институтту бүтүп келгенден кийин Таттыбүбү Кыргыз драма театрында иштеп калат. Ал кезде аты таанылган артисттер жаңы таланттарды “шефке” алып таптап чыгарышчу. Таттыбүбүнү көрөрү менен Бакен Кыдыкеева “шефтикке мен алам” деп өзүнүн кол алдына алат. Ошол кезден тартып Таттыбүбүнү өлгөнгө чейин үстүнө түшө калып коргоп келген жалгыз гана кесиптеши Бакен Кыдыкеева болгон дешет. Таттыбүбүнүн театрдагы эң биринчи эмгеги “Кызыл жоолук жалжалым” пьесасындагы Аселдин ролу эле. Ошонун атынан кызынын атын Асел коёт. Ушундан соң куду дүрт эткен өрттөй таланты ачылып, тез эле убакытта Таттыбүбү деген ат кыргыз жеринде дүңгүрөйт. Сырткы сулуулугу эле эмес, талантынын күчтүүлүгүнөн башкы ролдордун биринин артынан бирин жаратат. Башкы ролдор жалаң Таттыбүбүнүкү болуп, ал катышат деген пьесаларга эл кезекке туруп калышкан. Муну менен эле тим калбастан, театрга удаа эле киного сунуш түшө баштайт. “Кыргыз керемети” деген атакка ээ болгон ошол 60-70-жылдары кыргыз кино дүйнөсүн дүйнөлүк аренага тааныткандардын бири Таттыбүбү Турсунбаева эле. Эң биринчи аткарган ролу “Акмөөр” болгон. Андан кийин эле «Уркуя», «Кызыл алма», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу”, «Сүйүү жаңырыгы» кинолоруна тартылат.

Арманда кетти бир ак куу…
Сулуулукту аянбай берип, атакка жеткиргени менен Жараткан Таттыбүбү­нүн аялдык бакытын, инсандык тагдырын жарды кылып койгондой. Таттыбүбүгө кимдер гана кол сунбаган. Бирок ошол көп адамдын ичинен Таттыбүбүнү аздектеп, өмүр бою сүйгөн киноактёр Болот Бейшеналиев эле. Болот менен Таттыбүбү “Акмөөр” тасмасында бирге тартылган. Балким, ошол чыныгы сүйүүдөн улам фильмдеги роль өзгөчө жандуу аткарылса керек. Эки таланттын тагдырлары бирикпей, так эле фильмдеги Акмөөр менен Болот сыяктуу өмүр жолдору “мунарык, мунарык” деп кайчы өтүп кеткендей.
Ал кезде жылдызы жанып турган актриса кимиси чыныгы сүйүүсүн, кимиси жөн гана кооз сөздөрдү айтып, алдап жатканын таназарына албаса керек. Жанына жаш кезинде жакын барып, “бактым бол” деп чакырган Болоттун сунушуна эмнегедир макул болбогон экен… Бир жагынан жеке турмушу өзү каалагандай болбой, күйөөсү Имаш менен ажырашып тынса, экинчи жагынан көрө албастыктын курмандыгы болгон тура. “Булбул сайраган жерде бака чардабайт” дегендей, Таттыбүбүнүн нукура таланты, сулуулугу атаандаштарынын тамагына туруп калган сөөк болгон окшобойбу. Өйдөлөп баратканыбызды буттан тартып, кулап бара жатканыбызды тебелеп-тепселеген көрпенделик ай…

Таттыбүбүгө биринчи жолу моралдык сокку “Акмөөр” тасмасы тартылгандан кийин болгон экен. “Мына, Лениндик сыйлык берилет. Приказ чыкты” деп жатып эле орто жерден Таттыбүбү куру кол калат.”Уркуя” тасмасында да Токтогул сыйлыгына режиссёр, оператор ээ болуп, “Уркуяны” Уркуя кылган Таттыбүбү унутта калат. “Манастын уулу Семетейде” да Каныкейдин ролу Таттыбүбүгө даярдалып жатып, берилбей калат. Таттыбүбү бул катаал жашоонун темирдей мыйзамдарынан жабыркап, өзүнөн-өзү чүнчүп, өзүнөн-өзү качып, терең орго түшүп бара жатканда, кол сунган жан болбоптур.

Табиятынан баладай ишенчээк, жан дүйнөсү назик жан бул соккуларды көтөрө албады. Ийилип сынып берди. Эрегишкендерге ушул гана керек эле. Талантын кор тутуп, театрдан “жараксыз актриса” деп чыгарганга чейин барышкан экен. “Арак ичти”, “моралдык жактан бузулду” деп уудай ушакка чылашты. Сыймыгын, даңкын, чекеге бүткөн шорун, арылбас арманын көтөрүп жүрүп чарчаган Таттыбүбү 37 жаш кырчын курагында агасынын айтуусу боюнча, киши колдуу болуп кете берди…

«Таттыбүбүм -аткан таңым, көк асманым»
Таттыбүбү эженин өмүрүнүн урунттуу учурларын агасы Нуркан баяндап берди.

– Агай, эженин мүнөзү тууралуу айтып берсеңиз.
– Таттыкем жумшак, ак дил, назик жан эле. Балалыгындагы эркелиги кийин жароокер жылмаюуга айланды. Эл Таттыбүбүнүн тышкы сулуулугуна суктанса, мен анын ички сулуулугуна суктанар элем. Таттыбүбүнүн алдыга жулунбаган жөнөкөй, басмырт мүнөзү бар эле. Жадакалса сүрөттөрүндө да окчундап элдин артында же четте турат. Байкасаң, бир да сүрөтүндө «мен мына» деп чакчайып тиктеп түшкөн жери жок.

– Таттыбүбү менен Болот Бейшеналиевдин сүйүүсүн аңыз кылып айтып жүрүшөт. Ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Эми экөө тең жер алдында го. Кудай акы, экөөнүн ортосундагы байланышын билген жокмун. Бул тууралуу Таттыбүбү мага эч нерсе деп айткан эмес. Болот Таттыбүбү өлгөндөн кийин көп жылдан соң мага кайрылып: “Нуркан, Таттыбүбүгө арнаган ырым бар эле. Буга сен гана мыкты обон чыгара аласың. Карап көрбөйсүңбү”,- деди. Ошондо гана Болоттун сезимин билдим.

– А күйөө балаңыз Имаш Эшимбеков кандай адам эле?
– Экөө окуп жүрүп, бул жакка келип баш кошушту. Алгач жакшы эле жашачу. Кийин Таттыбүбүнүн даңкы чыкканда, күйөө балабыздын да таскагы чыкты. “Эмнеге менден биринчи “Заслуженныйды” аласың?” деп Таттыкеме көп кол көтөрчү тура. Кээде этин көгөртө уруп, эртеси эл байкабай калсын деп ваннага муздак сууга түшүүгө буйручу экен. Ошентсе көгала болгон жерлери билинбей калчу тура. Ошентип, он жыл ыйкы-тыйкы болуп жашашты. Акыры ажыраштырып алдым.

– Таттыбүбү эженин акыркы күндөрүнөн кеп салып берсеңиз.
– Ошол жылдары айылда жүрүп калдым. Азыр жок дегенде жанында өзүм болсом, мынчалыкка жетпейт беле деп ойлоп кетем. Таттыбүбү өзү деле мага эч нерсе деп айтчу эмес. Бир эле жолу телефон чалып мени үйүнө чакырды. Столдун үстүнө тамак-ашын, шампанын коюп коюптур. Ошондо кургурум минтип айтты: “Нукен, мен театрда иштеген он беш жылдын ичинде биринчи жолу женсоветтен быйыл түштүм. Ошону белгилеп коёлу деп чакырдым”,- деди. Көрсө, ушунчалык ур-тепкиге алып, моралдык жактан сындырып коюшуптур. Он беш жыл бою тынбай жаман жагын айта берсе, адам кантип чүнчүбөсүн… Кийин уксам, тигилер Таттыбүбү эртең менен келе электе аракты бөлмөсүнө чачып, кийимдерине сиңдирип коюшчу тура. Анан ары-бери өткөндө “тиги дагы ичип келиптир. Арак жыттанып жатат” деп артынан сөз кылышчу экен. “Жараксыз актриса, театрдан чыгарабыз” дешип, бирок Бакен Кыдыкееванын жардамы менен кайра калтырышыптыр. 30 жашында таланты ташкындап, башкы ролдорду ойноп, дүйнөгө таанылып жатканда “жараксыз” дегенге кайсы туз ургурдун оозу барды, билбейм…

– Эженин өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Сиз аны акыркы жолу качан көргөнсүз?
– Ошол эле жылы апам кайтыш болуп кетти. Эркектерге да анча эмес, кызга жаман болот экен. Таттыкемдин кыйналып жүргөнүн көрүп, кичине да болсо эс алсынчы деген ой менен курортко жолдомо алып берип жаткырдым. Жаткырган күнү эле мени командировкага үч күнгө айдап жиберишти. Азыр ойлосом, атайын ушундай кылышкан окшойт. Үч күндөн кийин келсем эле Таттыбүбү курортто жок. Дайынын эч ким билбейт. Врач же медсестралар да сөзгө келбей коюшту. Издебеген жерим жок, моргго чейин чалдым. Акыры психоневрологиялык ооруканадан таптым. Энтигип жетип барсам, “карантин” деп жазып коюшуптур. Таттыбүбүнүн жанында үч курбусу бар экен. Аларды коё берип, эмне үчүн мени коё бербейсиңер деп урушуп кеттим. Акыры Таттыбүбүнү чакыртып алып сүйлөштүм.
– Таттыке, эмне болду?- дедим. Көзү бакырайып, жашылданып калган экен. Ызаланганда ушинтип кетмейи бар эле.
– Билбейм Нукен, өзүм да түшүнбөй жатам. Сен кеткен түнү эле “Тез жардам” менен зордоп, ушул жайга алып келишти. Эмнеге экенин билбейм,- деди.
Эмне деп соороторумду билбей калдым. Көрсө, ошол биздин акыркы көрүшкөнүбүз экен. Репетициям бар эле. Бирок жүрөгүм элеп-желеп болуп кыйналганымдан, балдарды таратып жиберип үйгө жөнөдүм. Үйдө театрдын дөө-шааларынын баары отурган экен. “Таттыбүбүздөн ажырап калдык” дешти. Сөөгү да Ала-Арчага коюлбай калды. Ал жакка «Народный» сыйлыгын алгандар гана коюлат деген мыйзам бар эле. Таттыбүбүнү Орок айылындагы адырга койдук. Коштошуу учурундагы анын сулуулугун сөз менен айтып жеткире албайм. Эл сулуу дешкени менен, мен элес деле алчу эмес окшойм. Акыркы мүнөттөгү сулуулугу башкача эле. Апакай жүзүндөгү тарам-тарам кызылдар да өчпөптүр. Кирпиктери эми ачылып кетчүдөй, ууртунда күлкү ойноп турган экен, каралдымдын.

– Ооруканадан эмне деген диагноз коюшту?
– Таттыбүбүгө мен кеткенден кийин медсестра кыз тамчылатма дары куйган экен. Ошол боюнча кайра келбейт. Ал дары түгөнүп, мээсине аба чаап кетет. Диагнозун “башында шишик бар” деп коюшту.

– Эженин артында калган балдары тууралуу кеп салсаңыз.
– Кызы Асел турмушка чыгып, өз турмушу менен. Ал эми уулу Канат болсо, үйбүлөлүү. Кесиби боюнча стоматолог. Таттыбүбү өлгөндөн кийин анын эмгеги унутулбас үчүн көп мээнет кылдым. Театрдын жанындагы гүлбакча Таттыбүбүнүн атынан коюлсун деп чуркап, акыры мүдөөмө жеттим. Эми, буюрса, ал гүлбакчага быйыл эстелигин коюу максаты алдымда турат.

Ушундай, окурман, “сулуулук дүйнөнү сактап калат” дейбиз. Бирок сулуулукту биз сактап кала албаган экенбиз… Эмнеси болсо да, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элеси эч качан унутулбайт.

Сыйлыктары

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти.
  • Уркуянын образын мыкты аткаргандыгы үчүн «Советтик граждандардын эрдиги үчүн» дипломун алган.
  • «Кызыл алма» фильминдеги бейтааныш кыздын образы үчүн (Швейцариянын Локарно аймагында өткөн Бүткүл дүйнөлүк 28-ки­но­фестивалында) Ардак грамота менен сыйланган.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер-инфо” гезити, 10-16.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.