Кыскаметраждуу фильмдерди тарткан жаш кинорежиссерлор арасында сынак жарыяланды

Кыргызстанда кыскаметраждуу фильмдерди тарткан жаш кинорежиссерлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу республикада кинематографияны өнүктүрүү боюнча фонддун продюсери Улан Исакбеков билдирди.

Анын айтымында, кыскаметраждуу тасмаларды тартуучу режиссерлордун сынагы ΙΙ автордук кино кинофестивалынын алкагында өтүүдө, иш чара 23-27-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Тандоодон өткөн эмгектердин авторлору фестивалда белгилүү кинорежиссерлор менен жолугат. Ал эми анын жеңүүчүсү фонддун эсебинен кыскаметраждуу фильм тартат. Сынак бүгүн башталып 30-июлда жыйынтыкталат.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 16.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.