Эртең жаш кинематографистер менен жолугушуу өтөт

Эртең Республикалык кино үйүндө Кинематография департаментинин жетекчилигинин жана Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн жаш кинорежиссерлор менен жолугушуусу болот. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигинин кабарчысына департаменттин башчысы Абибилла Пазылов билдирди. Анын айтымында, жолугушуунун максаты ишин жаңыдан баштаган кинорежиссерлор менен иштөөнү жандандыруу болуп эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаш кинематографистердин 23-майда өткөн биринчи улуттук фестивалынын жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу да пландаштырылган.

А.Бенгард, ЖТ, «Кабар» МА, 20.07.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.