Кайран тил

УТРК жетекчилерине “Браво” деген аталышты жоготсоңор болбойбу, илгери казак туугандар “чыгармачылык” дегенди “творчестволук” деп сүйлөгөндөй кылбай, же “браво” дегенди түшүндүрүп бералбай калгыдай кыргыз тили ошончо эле байкуш беле? Өз эне тилибизди өзүбүз мазактаганды качан токтотобуз? – дей берип тил тешилди…

Өткөндө мына ошол “Браво” берүүсүнүн алып баргыч жигити ырчы Расул Маматкуловдун Айгерим аттуу бешкөкүл кызы баш болгон бийкечтерди маңдайына тизип алып, “урматтуу айымдар, мындан ары карай бизге мейманчылап келип-кетип туруңуздар” деп кайрылып турду. Ошентип “айым” жана “мырза” деген сөздөр бүгүн көрүнгөн жерде, ыгы келсе да, келбесе да айтыла баштады.

Азыр шым кийгенди да, шымы жогунун да баарын эле “айымдар” жана “мырзалар” деп атаганга өтүштү. Кыргыз бойго жеткен кыздарды “бийкечтер” же “селкилер” деп койгон. Күйөөгө чыгалек кызды эч качан “айым” деп атаган эмес. Күйөөгө тийген, төрөгөн аялдарды, алардын ичинен жалпы кыргыз элинин урмат-сыйына татыган аялзатын гана айым деп атаган. “Айым”, “мырза” дегендер өзүнчө бир “титулга” тете даража да болгон. Кыргыздар “даткайым” деп Курманжан датканы бекеринен айтпаган. Аялзатынын баары эле Каныкей, Айчүрөк же Курманжан датка болалбаган. Азыр мына ушул “айым” менен “мырза” деген сөздөрдүн маани-маңызын түшүнбөгөн журналисттер тушкелди колдоно берип, элдин башын маң кылып бүтүрдү.

“Заман Кыргызстан” гезити өткөн жылдын 26-декабрындагы санында: “Камбарата ГЭСинде бүгүнкү күндө 3 миң киши иштеп жатса, алардын ичинен элүүсү аялдар. Ал жерде айымдар негизинен ашкана жана тазалоо иштерин аткарышат” деп жазды. Дагы бир жолу эскерте кетели. “Айым” менен “мырза” өтө бийик даража. Мындай наам мансап, кызматтагы орду үчүн эмес, эл, жер үчүн жасаган эмгеги үчүн берилген. Үзөңгү-Куушту Кытайга бергенде колу-буттарынан бери көтөрүп колдогон ошо кездеги 40 депутатты кантип “мырза” деп атайсың? Каркыраны бергендерди кантип “мырза” деп атайсың? Качып кеткен президентти кантип “мырза” дейсиң? Мындай “мырзалардан” көрө Аксыдагы балдарды автоматтан аткылап атканда жолдон чыга калып бирөөлөрдү калкалап, төшүн окко тосуп жан кыйган Бозпиектеги эшек алда канча өйдө турат го!

Ушу сыяктуу эле ак жоолук салынгандардын баары эле “айым” боло берген эмес. Кыргыз ар бир сөзүнө алтын уюткан эл болгон. Сөздүн кунун кетирген элден касиет качат деп айткан. Ошон үчүн ойлоп сүйлөйлү. Жок антпесек, жакында ОБОНчу деген “аты” бар бет тыткыч, абийирсиз аялдардан бери “айым” деп калабызбы? Ансыз да кайсыл бир радионун диджейи оозу-мурду кыйшайбай туруп: “Бомж айымдар көбөйүп баратат” деп бежиреп жатканын угуп калгам. Өз элинин “Баракелде! Эң сонун!” деген сөздөрү турса “Браво!” деп жетиналбай, кол чапкылап отурган жаштарга ушуну айтар элем.

Илгери кыргыздарды жер үстүнөн жексен кылгысы келген Жаныбек деген хан:
– Кыргыздын бул дүйнөдөн жок болуп кетпей узак жашоосунун сыры эмнеде? – деп сурайт.
– Анын сыры Ырысы менен Ыйманында, ал эми Ырысы менен Ыйманы – Ынтымагында дешет.
– Биз анда кыргыздын Ырысын чачып, Ыйманын тепсеп, Ынтымагын ыдыратабыз, – дейт Жаныбек.

Бирок кантип ыдыратарын билбей айласы куруйт. Ошондо калмактын жугундусуна сатылган саткын кыргыз ордого келип:
– Ханым! Биздин кыргыздарда ат таптаган саяпкер, куш таптаган мүнүшкөр, журт таптаган билишкер, кара кылды как жарган калыстар, калк сынаган алыстар, ак таң дай акындар, жез таңдай чечендер, күү черткен нечендер деген болот. Элге Ыйман таратып, Ырыс чачып, Ынтымак ыроолоп жүргөн ушулар. Ушулардын жүрөгүн сууруп, жүлүнүн үздүртсөңүз эле кыргыз эл болуудан калат, – дейт.

Жаныбек так ошондой кылат. Калк каймагын калпыйт. Сынчы Толубайдын эки көзүн ойдуртуп, ырчы Токтогулду кырк кулач зынданга салдыртат. Акыл Карачач менен Жээренче Чечендин оозуна от куйдуртат. Асан Кайгы абабыз желмаян минип, жер кезип кетет…

Мына ушул сыяктуу кыянаттык элди элдигинен ажыратып, кулга айландырган. Кулга айланган эл рухий дөөлөттөрүн чанып, карайлап, көрүнгөндү туурап калат. Канча жылдан бери карай карыштап жашагандын ордуна карыздап жашап келебиз. Боогачы менен Казыбекти, Карамолдо менен Ниязалыны, Жеңижок менен Барпыны, Атай менен Мусаны, Мыскал менен Асекти, Болот менен Рыспайды берген элдин жандүйнөсү жайдакталып баратканы жан кейитет.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, “Агым”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.