“Ата-Түрк” багында фонтандар аллеясы ачылды

fontanБишкектеги “Ата-Түрк” багындагы фонтандар (оргума) аллеясы россиялык эстрада ырчыларынын катышуусунда ачылды.
Оргумалар аллеясы Бишкекти өнүктүрүү максатында кабыл алынган “Сүйүктүү шаар” программасынын алкагында курулган. Анда 48 түстүү оргума жайгашып, ортосунда диаметри 10 метр болгон башкы оргума орун алган.

Алар демөөрчүлөрдүн жардамы астында курулгандыгын шаар башчысы Нариман Түлеев белгилеп кетти. Андан сырткары, отуруучу орундуктар, балдар үчүн аянтча жана гүлүстөн жасалган.

Демөөру Рустамбек Тагаевдин айтымында, оргумалар жалпысынан 7 млн. сомго курулган. Бул анын ишканасынын колдоосу астында курулган эки оргуманын бири. Биринчиси “Сүйүшкөндөр багында” атылууда.

“Биз буларды шаарыбыздын кооздугу жана ыңгайлуулугу үчүн жайгаштырдык”, – дейт Р.Тагаев.

Салтанаттуу ачылыш аземине шаар башкармалыгынын жетекчилиги жана орус эстрада ырчысы Стас Пьеха катышты. Кечинде С.Пьеха жана Жанна Фриске “Спартак” стадионунда бишкектиктерге концерт тартуулашты.

«Zpress.kg» МА, 22.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.