Сагынбек Момбеков: мага же аялыма эстелик коюш керек

Белгилүү ырчы-аткаруучу, обончу Сагынбек Момбековдун гитар кармап ырдап чыкканына 40 жылга жакын убакыт болду.

Сагынбек Момбеков биринчи жолу 17 жашында гитар менен акын жана дарыгер Кубанычбек Адамалиевдин “Тоолордон башталат жолдорум” аттуу ырын обон салып ырдап чыккан. Андан бери ырчы коомдогу ар кандай өзгөрүүлөргө жараша айрыкча саясий, социалдык, маданий темалардагы ырларга көп кайрылып келатат. Сагынбек Момбеков айрым ырларынын сөзүн өзү жазат. “Курултайга келип бер” аттуу ырдын сөзү да, обону да автордуку. Эмесе алгач мына ушул ырдан үзүндү эшители:

– Сатмакөй бийлик күч алды,
Алкымын тыяр эл барбы?
Үлүшүн сатып жаткансып,
Калтырбай элге, бүт алды.
Каякка катып коялам,
Казакка берген мисалды,
Кытайга берген мисалды?

– Сагынбек мырза, шайлоо өнөктүгү менен Кыргызстанды кыдырып келдиңиз, алгач ушул сапарыңыз тууралу ой бөлүшүп берсеңиз.

– Ооба, шайлоо деген дайыма болуп турат. “Падышаны шайлоо элге буйрат” деген сөз бар. Андыктан шайлоого үгүттү калыс өткөрүп коюш өкүмдарлардын милдети болчу. Анан бул сапарымда будамайлоого, кагыштырууга аракеттерди көп байкадым. Өзгөчө менин жүрөгүмду ооруткан нерсе – кыргыз жерлеринин сатылып кетип жатышы. Бийлик элге айтпай иш кылганды, жер сатканды койсо. Менин ырларымды эл жакшы кабыл алды. Мен ошол ырларымды ырдап, элиме кызмат кылып келдим деп ойлойм.

Сиз мурдатан акындар Шайлообек Дүйшөевдин, Кыялбек Урмамбетовдордун сөздөрүнө жазылган ырларыңызды ырдап жүрөсүз. Өзүңүз да жазып жүрөсүз. Башка акындар менен да иштешип жатасызбы?

– Ооба. Мисалы Качкынбек Саралатегин деген акын көп айтылбай жүрөт. Бул бир топ кур-мурч жазган акын. “Сат-сат”, “Кайип заман” деген ырлар уккан элди бир топ бейпанага салат. Өзгөчө кийинки учурда Тургунбек Бекболотовго сүңгүп кирдим. Анын саясий ырлары айрыкча мага дал келип жатат. Анан Анархан Дөөлөтказиева менен да иштешип жатам. Өзүм да жазып жүрөм.

Сизди көбүнчө саясий темадагы ырларды аткарган ырчы катары билет эл. Лирикалык ырларга да кайрылып жатасызбы?

Мен жаш кезимде лирикалык ырларды көп эле аткарчумун. Азыр деле лирикаларга кайрылып калам. Мисалы Тургунбек Бекболотовдун “Чарчап кеттим” деген ырын аткарып жүрөм.

– Угармандарга дагы бир ырыңыздан аткарып берсеңиз.

Жакшы болот, акын Кыялбек Урмамбетовдун сөзүнө жазылган “Мекениң – жалгыз Кыргызстан” аттуу ырды аткарып берейин.

Таарыныч арбын чоңдорго,
Таратты жерди оң-солго,
Ала-Тоо бийик, карачы,
Акың жок жапыс болгонго.

Мындайда досум ойлонсоң,
Мыйзамды салсаң оң жолго,
Ажайып жерде жашасак,
Акың жок кедей болгонго.

– Сагынбек мырза, маегибизди аяктап жатып мен сизге суроо узатпай эле, ырчы катары угармандарыңызга айтчу кандай бир сөзүңүз бар, айтсаңыз деп турам.

Андай болсо, бир ыймандай оюмду айтайын. Биринчиден ушинтип саясий ырларды аткарып, элдин намысын ойготуп жүргөнүмдү эл унутпаса керек деп ойлойм. Экинчиден талаа-түздө жүрүп, үй-бүлөмө кайдыгерирээк болуп, өтө жакшы багалбай, чарбагер ата болгонго жетишалбай калганыма өкүнөм. Аялымдын ачуусун дайыма угуп жүрүп, ырларым да анын ачуусуна жуурулушуп калгандай. Ушул аялыма чыдап жүргөн Сагынбекке эстелик тургузуш керек го деп ойлойм. Же болбосо мага чыдап жүргөн аялыма эстелик коюу керек го… ха-ха-х-а-х-а…

– Маегиңизге ырахмат.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.