Алтаистика шеринеси Хух-Хотодо өз ишин баштады

Бүгүн Кытайдын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хото шаарында Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын 52-жылдык отуруму ишин баштады.

Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын (PIACтын) быйылкы отурумуна дээрлик 17 өлкөдөн 90го жакын окумуштуу келди. Хух-Хото шаарынын жана аймактын климаттык шарты, жер угуту тим эле ала-тоолук айрым бийик тоолуу өрөөндөрдүкүнө окшоп кетет.

PIACтын быйылкы отурумунун жалпы темасы – “Алтай дүйнөсүндөгү уламыштар жана сырдуу окуяларга арналган баяндар” деп аталат. Ага жергиликтүү ханзу, монгол, уйгур жана башка окумуштуулардан тышкары, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн, АКШдан, Орусиядан, ошондой эле кыргыз, казак, өзбек илим чөйрөлөрүнөн да өкүлдөр катышууда. Түркиядан болсо тээ 9-кылымдагы Түндүк Монголиянын Сужийн-Даван жергесинде кыргыз колбашчысы калтырган руна сымал жазма эстеликти жана башка орхон-энесай жазма мурастарын иликтеген профессор Осман Фикри Серткайа баштаган жоон топ окумуштуулар келишти.

Быйылкы отурумдун президенти, Хух-Хото шаарындагы Ички Монголия университетинин Монгол тилдерин иликтөө институтунун өкүлү, монгол таануучу жана түрколог профессор Хужилту бул эл аралык жыйын тарыхый тамыры бир ички азиялык жана жалпы эле түндүк евразиялык элдердин тарыхын, тилин, ой-мурасын, этнографиясын жана маданиятын мындан ары да ынтымакташып иликтөөгө салым кошот ко деген үмүтүн билдирди.

PIACтын Баш катчысы, таанымал немис түркологу, берлиндик профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле болсо быйылкы алтаистика жыйынында алгачкы ирет монгол таануучу адистер көпчүлүктү түзүп жатканын белгилеп, Ички жана Борбордук Азиядагы көчмөн калктардын байыркы орток тарыхый барактарын Ички Монголиядагы илим борборлору менен мындан ары да тыгыз байланышта иликтөө зарылдыгын айтты.

Алтаистика жыйынына тээ алмустакта орток алтай тили болгон, ал түпкү тилде азыркы түрк, монгол, жапон, корей, тунгус-манжур элдеринин эӊ байыркы бабалары сүйлөгөн деген теорияны колдогондор да, аны сынга алгандар да баш кошуп, жыл сайын улам жаӊы илимий табылгаларын сунуштап келишет.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 27.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.