Ч.Айтматовдун чындыгы, же анын чыгармаларындагы көтөрүлгөн глобалдык маселелер

Адабият айдыңында аты ааламга таанымал болгон Ч.Айтматовдун өмүр жолуна, ой-чабытына, адамдардын руханий дүйнөсүнүн тазалыгына кошкон салымына саресеп салып карасак, анын чыгармаларында козголгон маселелер глобалдык масштабга ээ болгондугу менен өзгөчөлөнөт.

Анын улуу инсандыгы – өзү жашаган доордон ондогон жылдар алдыга озуп чыккандыгында. Адамзаттын эртеңки келечегине назар салып, кечээги кан күйгөн каардуу Улуу Ата Мекендик согуштан, термоядролук согуш коркунучуна чейин чабыт салып, адам табиятынын бузулушу менен экологиялык чоң катастрофага багыт алгандыгы, анын натыйжасында саясий-укуктук, экономикалык теңсиздиктин күч алышы тууралуу кеңири панораманы Ч.Айтматовдой эч бир адам көркөм анализ жасай электигин баса белгилегим келет.
Айрыкча Ч.Айтматовдун глобалдык маселе көтөргөн чыгармаларынын бири – “Кылым карытар бир күн” романындагы козголгон курч окуяларды беш аспектиде карасак болот. Адамзаттын ондогон кылымдар бою башка жан-жаныбарлардай жок болуп кетпей, тетирисинче, кайрадан өнүгүп-өсүүсүнүн сыры эмнеде? Жазуучунун күчтүү ой өрүшү буга так жооп берет. Чыгармада Эдигей менен Казангаптай рухий дүйнөсү таза жана күчтүү, адал эмгеги менен күн сүрүп, жашоодо адилеттикти туу туткан, ушуга окшогон карапайым адамдардын улуулугу гана азыркы цивилизацияга алып келгени изилдөөгө алынгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошол эле учурда адамзаттын өнүгүүсүнө бийлик ар түрдүү жолдор менен тоскоолдук жасоого аракет кылаарын, аракет кылып келгенин жана аракет кыла берээрин ачык көргөзөт да, дүйнөнү жан дүйнөсү таза, баладай баео, бирок адамгерчилик дүйнөсү улуу Эдигей, Казангап сыяктуу карапайым адамдар гана сактап калганын жана сактап калаарын белгилейт.

Жашоонун өктөмдүгүн карачы! Адам баласынын жашоосу карама-каршылыктарга толгон. Ак менен каранын, жарык менен караңгынын, адам менен ажалдын ортосундагы күрөш түбөлүк экен. Ушул карама-каршылыктар адам баласын улам чыйралтып, улам жаңы күрөшкө көтөрүп чыгат тура! Бирок, ушул күрөштө адамзаттын улам бир зор ийгиликке жетишине, адам баласы өзү ойлоп тапкан “бийлик” деген “илдет” тушоо болуп келгендиги, Абуталиптин оор трагедиялуу тагдыры, Казангаптын көзү өткөндө, анын сөөгүн эл ыйык деп эсептеген “Эне-Бейитке” коюуга бийликтин тыюу салышы, жайнаган бош жерден ушул көрүстөндү космодромго айландырышы менен эле бийликтин зомбулугун да, зөөкүрлүгүн да ачып көргөзгөн.

Бирок, бийлик муну менен гана чектелип калган эмес. Күчтүү эки державанын (АКШ менен СССРдин) ортосунда космосту да өздөрүнүн “аскердик-согуштук плацдармына” айландырууга, ошол кезде жасалып жаткан аракеттерин сынга алып, бул державалар эртеби-кечпи, өз максаттарын ишке ашыраарын, бул максаттар менен алар ааламга өз үстөмдүгүн жүргүзүүгө умтулаарын, автор фантастикалык “Токой-Төш” планетасынын акыл-эстүү өкүлдөрү менен Жерден барган космонавттардын жолугушуусу аркылуу жыйынтык чыгарып, өзүнүн баасын берет.

Бийлик ааламдын жеткен цивилизациясын өздөштүрүп, алардын ийгилигин жашоого кеңири колдонууга, жаңылыштыктарын кайталабоого аракет жасаган жок. Тетирисинче, мурда жаңжуңдар душмандын колго түшкөндөрүн шири кийгизип, акылдан ажыратып келсе, эки күчтүү держава “Токой-Төш” планетасындагы, илимий ачылыштардын оң жана терс жактарын Жердин жашоочуларына жеткирбөөгө чечим кабыл алат. Натыйжада эки держава тарабынан бир мезгилде, көптөгөн ядролук курал жүктөлгөн космос кораблдери учурулуп, “Жерге темирден шири” кийгизгени автор тараптан катуу сынга алынат. Ч.Айтматов өзүнүн ушул чыгармасында “Жерге салынган шири” бүтүндөй ааламга жана адамзаттын бүтүндөй акыл-эсине салынган кишен экендигин ачык көргөзөт.

Доордун улуу инсаны жана көрөгөч жазуучусу Ч.Айтматов өзү жашаган мезгилден ондогон жылдар алдыга чыккандыгын турмуш өзү тастыктабадыбы? Жарыша куралдануу мезгилинде СССР (аны мурас катары Орусия кабыл алган) жана АКШ космосту “аскердик-согуштук плацдармга” айландырып, “шпион-ракеталар” космоско чыгарылса, бул багыттан бири-бирине аесуз сокку берүү үчүн, “Ракетага каршы коргонуу” (ПРО) 1985-жылдан бери негизги коргонуу каражаты катары аскердик-согуштук бөлүк болуп түзүлгөн эле. Ал эми “акыл-эске кишен” салынган ушул мезгил биздин Кыргыз Республикасынан да кыйгап өткөн жок. Азыркы күндө адамзаттын өнүгүүсүнө салым кошкон демократия түшүнүгүнө каршы, бийликтин каршы күрөшү күч алып, “батыштык цивилизациянын” өлкөгө киришине тоскоолдуктар күч алган.

Албетте, биз батыштын цивилизациясы бүтүндөй колго аларлык көрүнүш дегибиз келбейт. Бирок, анын жакшы жактарын, илимий-техникалык жактан ийгиликтерин, мамлекетти башкаруудагы демократиялык мүмкүнчүлүгүн колдонуудан неге коркобуз? Ошол эле мезгилде СССРдин эл чарбасын өнүктүрүүдөгү пландык чарба жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүп, пайдаланбайбыз? Тетирисинче, коомдун өнүгүүсүндөгү жакшы жактарын жээрип, жалаң бийликтин үстөмдүгүн, үй-бүлө жана кландык башкаруунун орношун камсыз кылып отурабыз. Көрсө, доордун акылманы Ч.Айтматов өзүнүн фантастикалык ой-туюму менен акыркы мезгилде адамзаттын “майдаланып” баратканын, эртеңки келечегибизге кайдыгер мамилебизден жана бийликтин бизге кийгизген “ширисинен” улам, “Жоломан – маңкурттан” да коркунучтуу “Сабитжан – радиомаңбаштардын” көбөйгөнүн эскертип, коркунуч коңгуроосун каккан тура!

Алып көрөлүчү! Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгонуна 18 жыл өтсө да, авторитардык режимден арылбай келе жатабыз. “Демократиялык аралчабыз” – деп мактанган менен, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруу гана өркүндөлүп, бийлик мамлекеттин жана кыргыз улутунун (башка элдердин өздөрүнүн деле улуттук мамлекети бар, эмне үчүн алар эң алгач өз улутунун гана кызыкчылыгын коргойт? Биз гана өлкөбүздү “жалпы үйгө” айландырганбыз), кызыкчылыгын коргоодон коркушат. Жер жана мамлекет кыргыздыкы экендигин ачык айтуудан тайсалдашат. Ошол эле учурда кыргыз эли же улуту өз жерине ээ – дегендерге бийлик тарабынан мурда даярдалган “маңкурттар” жана “радиомаңбаштар” аларга каршы “жумуртка согушун” башташат. Аларды “ОБОНдун ажаан аткаруучулары” менен күчтөндүрөт. Бийликтин зомбулугу да, сокурдугу да ушунда экендигин мындан 20-30 жыл мурда эле Ч.Айтматов айтып да, жазып да койгонун кантип моюнга албайбыз?

Маңкуртчулук – бул жеке адамдын гана трагедиясы. Ал – жеке адам, бирок акылынан адашса да, өз ээсинен башканын буйругун аткарбайт. Анда ата-эне да, үй-бүлө да, тукум да жок. Ал өзү жашаган коомго таасир көргөзө албайт, коомдун таасирин да кабыл албайт. Демек, ал чөйрөгө белгилүү таасир бере албагандыктан, башкалардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүүгө жөндөмсүз. Тактап айтканда, тамактанып, курсагы тойгон соң, башы оогон жакка кете берген маңыроо курт. Ал коомго жана адамзатка коркунучтуу күч боло албайт.

Ал эми “Сабитжан – радиомаңбаштар” эң коркунучтуу тип. Алардын өздөрүнүн белгилүү чөйрөсү бар. Үй-бүлөлүү, балалуу-чакалуу. Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, дагы балбандыгын айт. Адамдарды сөз менен жайгарып, алардын ичинде жогорку билимге ээ болгондору бар. Мындай карасаң акыл-эси деле ордунда. Бирок, бийлик аларга төөнүн терисинен “шири” кийгизбесе да, идеологиялык “каргыны” моюнуна таккан. Аларга ит жеминдей каражат берип, эгер өзүнө каршы сөз айтса, ачка калаарын эскерткен. Алар жугунду куйган ээсине шыйпаңдагандай, бийликке кошомат кылганды, жагынганды гана өздөштүргөн. Кыргыз эли аларды: – “Күн тийген жердин чоросу” – деп аташат. Алар мансапка да ынак келишет. Булар коомдо коркунучтуу күчкө да ээ.

Мунун да башка себептери бар. Бийлик төбөлдөрү түбөлүккө турбайт да. “Сабитжан – радиомаңбаштар” муну жакшы билишет. Бийликтин күнү бүтүп баратканын элден мурда сезип, бийликке келер тарапка өтө качат. Азыр аларды, адатта, “дүжүрлөр” – деп атап калышкан. Булар тымызын айлана-чөйрөнү булгап жүрүшөт. Алардын чыныгы жүзүн көпчүлүк учурда байкабай каласың. Булар кимдир-бирөөлөрдү “жөөлөп”, экинчисин “көөлөп” жүрө беришет. Байкабаган адамдар ишенип, качан, кантип? – алардын курмандыгы болгонун билбей калышат. Демек, булар кадимки маңкурттардан коркунучтуу, коомдун айыкпас илдетинин вирустарын алып жүрүүчүлөр болуп саналышат. Демек, “Сабитжан – радиомаңбаштар” – жалпы адамзаттын трагедиясы.

Ч.Айтматовдун чыгармасында артыкчылык – “маңкурт” менен “радиомаңбаштардын” айрым сырткы окшоштугу гана болбосо, алардын ички дүйнөсү эч качан бири-бирине окшошпостугун даана, так ачып бергенинде. Бирок, Ч.Айтматов агабыз биздин өлкөдө, Кыргыз Республикасында мындай радиомаңбаштардын басымдуу бөлүгүн интеллегенциябыздын түзгөнүнө күйүп, мурдатан эле буга бекеринен каңырыгын түтөткөн эмес экен. Анткени, алар бийликтин былыңгыт, балит иштерин көрүп-билип турса да, өз пикирлерин ачык айтуудан коркушаарын, алар ар-намыстын ордуна “кучактаган столун” сактап калууну максат кылаарын сезип-туюп, аларга өзүнүн рухий дүйнөсү менен каршы чыккан эле…

Жазуучу өзү жашаган доорго жана анын келечегине күчтүү туюму менен иликтөө жүргүзгөн. Ошол замандын эртеңки тагдырына “балта чабуучулар” эл эмес, ошол кезде бийликтин ишенимине кирген, заты эмес, аты эле коркунучтуу үч тамга КГБнын “Сабитжанына” айланган Таңсыкбаевдер, “кайыш курткачан” Сегизбаевдер “саясатты чемичкедей чаккан”, интеллектуалдуулукту жана принциптүүлүктү башкалардан талап кылган, бирок адамгерчиликтин асыл наркын күнүмдүк мансап үчүн курмандыкка чалган партиялык уюмдардын катчылары болоорун өзүнүн күчтүү чыгармалары менен бийликке эскерткен жана сындаган Чыңгыз агабыз болгонуна сыймыктансак болот.

Азыркы күндө айрым демагог “сынчылар” улуу инсандын Нобелдик сыйлыкты албай калышынын себебин, анын Лениндик сыйлыктын жана СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгын алгандыгы менен байланыштырып келди. Алар бул адамдын чыгармачылык көрөңгөсү Совет бийлигин даңазалаганга жана КПССтин (партиянын) камчысын чабышканга багытталган деген жарнакты тагууга умтулушту. Ошол эле учурда социалисттик реализм – бул бир саясий партиянын түзгөн “адабий агымы” катары баалагандыгы да, менимче, бир беткей жалаа. Бул пикирди далилдөө үчүн айрым тарыхый кырдаалга кайрылалы.

Социалисттик идеологиянын айрым терс көрүнүштөрүнө сын-пикир айтылганы менен, аны бир беткей кароо оңолбос жаңылыштык экенин СССР жоюлгандан кийин дүйнөлүк аренадагы кырдаал аныктады. Айыгышкан карама-каршы эки лагердин тирешүүсү атаандаштыкты күчөткөндүгүн, бул саясий, экономикалык жана идеологиялык артыкчылыкка ээ болууга умтулууга мажбурлаганын азыр күчтүү державалар да моюнга алууга мажбур болду. Ушул кырдаалда Ч.Айтматов өзүнүн чыгармачылык ишин баштаган жана өркүндөткөн учур эле. Күчтүү цензуранын шартына карабастан, жазуучу өзү жашаган доордун кемчилигин түпкүрдөн “кашыктап алып чыгып”, чындыкка суусап турган элге тартуулап турганын орус адабиятынын сынчысы жана окумуштуу З.Кедрина бекеринен белгилебесе керек.

Мамлекет тарабынан берилген сыйлыктан Ч.Айтматовдун баш тартуусу мүмкүн эмес эле. Али дүйнөгө толук тааныла элек талантты бийлик сындырып коюучу деңгээлде болчу. Анын үстүнө атасы Төрөкул Айтматов “саясий айыпкер” катары бааланган ошол кезде, “эл душманынын уулу” Совет өлкөсүнө каршы чыккандыгы үчүн аеосуз жазаланмак.

Демагог “сынчылар” Ч.Айтматовго каршы окумуштуу-физик Сахаровдун атын каршы пайдаланып келишти. Кептин чынына келели. Алар “идеал” туткан бул адамдын СССРдин ядролук куралга ээ болушуна кошкон салымын, ал дагы өз учурунда Лениндик, Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты болгонун, ал эми бийликке каршы “үнү” өмүрүнүн акырында башталганын билишпейт көрүнөт. Менимче, булардын сын пикирлери (эгерде бар болсо) орус тамсилчиси И.Крыловдун “пилге үргөн кандектей” болуп калаарын айта кетсек артыкпаш болбос. Ч.Айтматов социалисттик реализмге кошкон салымы зор экендиги талашсыз, бирок анын чыгармаларында окуялар турмуштун чындыгын кеңири чагылдырып, көтөргөн проблемаларын эч ким ойлобогон өңүттө чечип бергенин, ал эми жогорудагы “кыргыз сынчыларынын” жоромол пикирлерине, дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө салым кошкон башка өлкөлөрдүн улуу инсандарынын Чыңгыз агабыздын талантына таазим кылганы эле аларга каршы берилген жооп катары эсептесек болот.

Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта ээлеген орду – кимдир-бирөөлөрдүн көрө албастыгын пайда кылганы талашсыз көрүнүш. Жазуучу өзүнүн ар бир чыгармасында кичинекей окуяны философиялык аспектиде карап, анын түпкү себептерин коом менен тыгыз байланышта кармайт. Ошол эле учурда чакан аңгемелеринен тарта романына чейинки чыгармаларында доордун актуалдуу маселелерин көтөрүп чыгып, көркөм деңгээлде чечкендиги менен өзгөчөлөнөт.

Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Касандра эн тамгасы” жана “Тоолор кулаганда” романдары өз ара гармониялык байланышта турат да, ошол эле кезде дүйнөлүк глобалдык маселелерге сүңгүп кирип, анын кандай кырдаалда пайда болгонун, анын оң-терс жактарын жеткиликтүү тил менен жеткирип, окурмандарды анын чечүүчү жолун ойлонууга аргасыз кылат. Каармандардын кулк-мүнөзү, психологиялык абалы, ой жүгүртүүлөрү ынанымдуу берилип, окурман алардын жан-дүйнөсүнө өзү кандайча аралашып калганын сезбей калат. Айрыкча, өтүп жаткан окуялар тарыхый бир мезгил менен шайкеш келиши аркылуу, учур чечүүнү талап кылган маселелрди камтып, окурманды терең ойго салат, ошол эле мезгилде адамдын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салат да, сезимин тазалоочу катализатордук милдетти аткарат. Айрыкча, автордун чыгармаларындагы каармандар Танабай, Толгонай, Эдигей, Казангап, Авдий, Бостон сыяктуулардын кыял-жоруктары, мээнеткечтиги, жан дүйнөлөрүнүн аруулугу менен катар, ошол эле кезде өз принциптерин бекем тутушу, адамдык асыл сапаттары, өздөрүнүн кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгондугу, эң негизгиси – алардын элдин эң жөнөкөй чыныгы өкүлдөрү болгондугунда. Алар мансапкорлорго каршы күрөштө бийликти же байлыкты пайдаланышкан жок. Анткени, алардын кызмат даражасына туура келмек эмес, бирок алар бийликтегилерге караганда өздөрүнүн (жогорку билимге ээ болбосо да) интеллектуалдуулугу, калктын ой-мүдөөсүн терең билиши, чындык үчүн өздөрүн аябай курмандыкка чалышы жана эң бийик адамгерчиликтери менен “кайыш курткачандардан”, Таңсыкбаевдерден, Сегизбаевдерден, тактап айтканда, “бийлик элитасынан” канчалык бийик турарын Чынгыз агабыз зор чеберчилик менен ачып көргөздү.

“Бийлик элитасы” азыркы күндө да ошол адаттан арылбай келе жатат. Алып көрөлү, автордун “Кыямат” романында диний гимназиядан билим алган, ошол эле учурда теология илиминдеги догмага каршы күрөшкө чыккан Авдий Калистратов өзүнүн аруу жан дүйнөсү аркылуу башкаларга таасир көргөзүүгө жасаган аракети максатына жеткен жок. Анын максаты ишке ашмак эмес, анткени ал жашаган коомдун өзү ыплас болчу. Атеизм күчтүү өнүккөн бул өлкөдө эч качан диний ишеним менен ошол кездеги коомдук аң-сезим бир идеологияга биригиши мүмкүн эмес эле. Мындан тышкары, бийлик тарабынан сулуу жана жылуу чечимдер кабыл алынган менен, бүтүндөй иш-аракеттери адамзатка жана табигатка каршы багытталганын автор билгичтик менен чеберчиликте сынга алган. Аны цензура туура түшүнө алдыбы, же жокпу, аны айтуу кыйын. Бирок, бир гана чындык бар, ал Чынгыз Айтматовдун СССРдин эң жогорку сыйлыктарына ээ болгондугу жана ал аркылуу дүйнөлүк аренага таанымал болушу “бийлик элитасын” автордун чыгармаларына “бут тосууга” мүмкүндүк бербегендигинде турат.

Дагы бир эске алынуучу нерсе. Дүйнө эли экологиялык маселе тууралуу жаңыдан дүрбөлөңгө түшүп жатканда жазуучу жаратылышты коргоодон мурда, адамдын жан дүйнөсүн тазартуу зарылдыгын “Асма көпүрө” алгачкы аңгемесинде козгоп, ал ойду “Ак кеме”, “Деңиз бойлоп жүгүргөн ала дөбөт” повесттеринде, “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасында тереңдетет. Ал эми романдарында адам менен жаратылышты гармониялык жактан бир бүтүн дүйнө катары карап, өзүнүн философиялык ой чабытынын кенендигин көргөзөт да, жаратылышка жасаган ар бир кадамыбыз үчүн, табигат эселеп өч алаарын кеңири панорамада ачып көргөзөт, түбөлүк “чечилбей келе жаткан” “адам уулу канткенде адам болот?” – деген курч маселени кыргыз элине гана эмес, дүйнө элинин алдында коюшу эле анын улуулугун, адамдын руханий дүйнөсүндөгү жана табиятындагы ар бир кичине өзгөрүүлөр өзүнүн назик жүрөгү аркылуу өтөөрүн, ааламдагы бүтүндөй окуяларга жеке жоопкерчиликти инсан катары көтөргөнүн, ошол эле учурда адамзаттын акыл-эс менен жасаган иш-аракеттери гана дүйнөнү сактап калаарын алдын-ала эскерткенин эч ким тана албас.

Атти-иң! Учурдун өктөм талабын Чыңгыз агабыздын көзү менен көрө албаган түркөйлүгүбүздү, биз жырткыч деп эсептеген жаныбарлардан да “ашынган жырткычтыгыбызды” автор “Кыямат” романында кичинекей эпизод менен эле сүрөттөп берди. Алып көрөлүчү, бул романда башкы каарман Авдий Калистратов наркомандардын турмушун өз көзү менен көрүп, ал боюнча облустук бир гезитке материал даярдоого келет. Наркомандар менен чогуу энеден туума жылаңач кара куурайды аралап чуркап баратып, карышкырдын бөлтүрүктөрүн көрөт. Көзү жаңы ачылган бөлтүрүктөр өздөрүнө коркунучтуу душманы “Адам” экенин кайдан билсин? Жан дүйнөсү таза Авдий алар менен жаш баладай ойноп отурганда, Акбара менен Ташчайнар келип калат. Ташчайнар атырылып Авдийди жара тартууга секирет, көз ирмемде бөлтүрүктөрүнө бейкүнөө ушул адам зыян келтирбегенин, тетирисинче, аларга мээрим төккөнүн сезе койгон Акбара жолун тороп, омуроосу менен Ташчайнарды жыга уруп, Авдийди ажалдан сактап калат. Жырткыч карышкырлардан аман калган Авдий акыры “адам” аттуу “эки буттуу жырткычтардын” колунан өлүмгө дуушар болот.

Карачы, адамдын денесин дүрүлдөткөн ушул эпизоддо эмне деген сыр жатат? Ушунун өзүндө эле азыркы доордун адамдарынын ач көздүгү, мансап жана байлык үчүн күрөштүн күчөп, анын натыйжасында, адамдык асыл насилдери кыйроого учураганын, асыл сапаттардын деформацияга дуушар болгонун, адам менен табияттын өз ара тыгыз байланышы үзүлгөнүн, натыйжада, адам табиятка гана эмес, “адам адамга – кас, адам адамга – карышкыр” принциби күчөгөндүгүн көркөм чечмелеп, бул зор глобалдык коркунучтуу көрүнүштү токтотууга дүйнө элине чакырык менен кайрылганы ачык көрүнөт.

(Уландысы бар)

Эртабылды Аттокуров, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17-24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.