Кыргызпатент Улуттук жазуучулар союзуна көмөк көрсөтөт

Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги менен Улуттук жазуучулар союзунун жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү. Иш чарага Кыргызпатенттин жетекчиси Улан Мелисбек, Улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган төрагасы Абдрахман Алымбаев жана жаңы шайланган катчылар Мамат Болот, Кален Сыдыкова, Абдумамбет Сариевдер катышты.

Жолугушуунун максаты – эки уюмдун өкүлдөрүнүн таанышуусу жана ведомстволордун келечектеги иштерин белгилөө.

“Союздун ишине Кыргызпатент ар тараптуу жардам берет жана жаңы жетекчилик биздин жазуучулардын жыргалчылыгы үчүн иштеп берет деп ишенем”, – деп билдирди Улан Мелисбек. Жооп катарында Абдрахман Алымбаев Кыргызпатенттин интеллектуалдык эмгек адамдарын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызпатенттин жетекчилигин Улуттук жазуучулар союзу, анын иштери менен таанышууга чакырды.

Жолугушууда, мындан тышкары, эки ведомствонун өз-ара аракеттери боюнча маселелер талкууланган.

«Кабар» МА, 25.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.