Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн “Желание творить” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Бул тууралуу көргөзмөнүн уюштуруучусу Лилич Когай билдирди. Анын айтымында rөргөзмө файесинде бардыгы болуп жети сүрөтчүнүн 95 эмгеги орун алган. “Тартылган сүрөттөрдүн тематикасы ар түрлүү – импрессионизм, плакаттык, жарнамалык сүрөттөр. Жаш сүрөтчүлөр өз эмгектеринде архитектуралык ансамблдерди, жаратылышты, элдерди тартышкан. Көргөзмөнүн негизги максаты жаштарга эгерде чын жүрөктөн бир нерсени кааласаң ал сөзсүз түрдө ишке ашаарын жеткирүү. Көргөзмө үч күнгө созулат.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 27.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.