Кайрылуу

“Кыргыз маданият борбору” түптөлүп иштей баштаганына аз эле убакыт болду. Бирок ага карабай блогубуз өз окурмандарын тапканга үлгүрдү. Буга бизге келип жаткан ыраазычылык каттар жана “Kloop.kg” блог платформасындагы рейтингде алдыңыкы орундарда жүргөнүбүз күбө.

Блогубузду мындан да кызыктуурак, маалымдуурак кылсак болоор эле. Бирок убакытыбыздын тардыгынан көп нерселер көңүлүбүздүн сыртында калып,  көптөгөн пландаштырган нерселерибизге кол жетпей да жатат.

Ушуга байланыштуу биз сиздерге кайрылып жатабыз: эгер сиздерде кыргыз маданиятына байланыштуу кандайдыр бир кызыктуу маалыматтар, материалдар болсо биз менен бөлүшсөңүздөр, блогубуз тууралуу көбүрөөк адамдарды кабардар кылуу мүмкүнчүлүктөрүнүз болсо бизге көмөктөшсөңүздөр. Биздин электроднук даректер: jirgalbek@mail.ru, tokoevm@gmail.com.

Кайрылуубуз жоопсуз калбайт деген үмүттө, блогдун алып баруучулары.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.