ММК өкүлдөрү арасында К.Ашымовдун ысымындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Маданият жана маалымат министрлиги астындагы кинематографистер департаменти ММК коллективи, жеке авторлор арасында белгилүү киноизилдөөчү Каарман Ашымовдун ысымындагы сыйлыкка сынак жарыялады. Иш чарага кыргыз киноискусствосунун бүгүнкү турмушун, жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн чыгылдырган материалдар катышат.

Бул тууралуу департаменттин коом менен байланыш бөлүмүнө билдирди. Жазуучулар, кинематографистер, журналистерден турган комиссия мүчөлөрү жеңүүчүлөрдү аныкташат. Жеңүүчүлөргө сертификат менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылат. ММК өкүлдөрү үчүн 1-орунга – 25 миң сом, экинчи – 15 миң, үчүнчү – 10 миң сом. Ал эми жеке авторлор арасындагы сыйлыктар 15 миң, 10 миң жана 5 миң сом. Улуттук тасмаларды жайылтуу максатында департамент маалыматтык-публицистик “Жаңы кино” журналын жана “Кыргызкино” интернет сайтын ишке киргизет.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 28.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.