Сулуулук жана тагдыр

Сулуулук дүйнөнү сактап калабы, же сулууларды дүйнө сактайбы? Сулуу айым жандүйнөсүндө ар дайым жалгыз. Анткени, сулуулукка дос эмес, көралбастык менен бут тосуу көп табылат. Кыргыздын кылымда маңдайына бүтчү периштелерин, бир гана периштелери эмес орошон таланттарынын катарын санаганда көкүрөккө чаңырып бир суроо келет: “Бул сулууларды кыргыз сактай алды беле?..”

Бакен Кыдыкеева
Төкөлдөштүн төрт кызынын бир кызы. Бакен ким? Ал – классика, “Добулда” Катерина, “Отеллодо” Дездемона, “Курманбекте” Айганыш, “Саманчынын жолунда” Толгонай…

Жүзүнөн тамган нур эч бир аялзатына окшобойт эле, дешет бир кезде ал менен аралашып жүргөндөр. Жараткан сулуулукту берди, талантты берди, Таттыбүбүдөн айырмалап талантына жарашкан баркты, сыймыкты берди. Бирок, бир нерседен куру жалак калтырды. Аялзаттык бакыттан… Сахнада классикага айланып, келберсиген актриса ички дүйнөсүндө, үйүндө жалгыз эле. Жанында күчтүү тоосу турбаса атакка аралашкан берегидей аялзаты үчүн турмуштун кара чүмбөт чүмбөттөлгөн тарабына аты ооп кетиши оңой. Азыркы кезде сулуу менен таланттуулардын айтканы эки болбойт, а ал кезде тескерисинче, Бакен Кыдыкеевадай талант менен сулуулуктун ээлери ашыкча кыймыл жасоодон да корккон чийиндин ичинде камалышкан. Алардын жанында бар – жоктон калкалап туруучу эркектин калдайган карааны болгон эмес. Убагында сахнада ажайып ролдорду жаратып, канчалаган кыргыз кинотасмаларынын бактысын ачкан акриса карыганда көчөлөп калганы улуттун намысынын сынганы эмей эмне. Жубайы жөнүндө айланасындагы ар кандай кептерге туруштук бере албай жолдошунун эки чемоданын көтөрүп үйдөн чыгып кетиши, ага жашоодогу эң оор сокку болгон. Сыртынан, сахнадан сүрдүү, катуу көрүнгөн бул аялзаттын ички дүйнөсү назик эле, борпоң эле…

Туруштук бере алган жок. Кадыр – баркы, сыйлык – сыймыгынын көбөйгөнү бир тең, аялзаттык бакыттын кармалбаганы бир тең болду окшойт. Аялзаты жалгыздыкты көтөрө албайт. Таттыбүбүнүн трагедиясы көралбастык менен өзүнө тиешелүү сыймыгын алалбай калганы болсо, Бакендин трагедиясы дал ушул жалгыздыкта жаткан. Драмтеатрдан жумуштан кеткенден кийин, жалгыз жашоосу сахна болгон акртисага жашоо калбай калды. Анын акыркы ролу көчө селсаягы болду…

… Келди да, кетти бир сулуу. Сахнанын, талантынын өтөөсүнө чыкты, бирок, дал ошол эки өзгөчөлүгү аялдык нагыз бакытына жолтоо болду…

Таттыбүбү Турсунбаева
Бул айым жөнүндө ким эмнени билбейт. Жаман да, жакшы да айтышат. Бирок, жаман айтып аткан адам да жүрөгүнүн тереңинде айжаркын таланттын теңдешсиз сулуулугуна тооп кылып тураары талашсыз…

Анын ички дүйнөсү да сырткы сулуулугундай кооз, ошондой үлбүрөк болгон го дейм. Сулуулукка кызыгып, шилейкейин агызган атактуусу да, атагы жогу да ары – бери калчашып, сулуунун сулуулугун өзүнө душман кылып беришти. Мындан бир гана жыйынтык чыгарууга болот: Таттыбүбү жашоого өз убагынан өтө эле эрте келип калган…

Таттыбүбү акыркы сапарга узаганда Сүймөнкул Чокморов мындай деп айткан экен: “Биз Таттыбүбүнү аялзат катары эмес, улуттун байлыгы катары кабыл алышыбыз керек эле”. Чогуу жүргөн замандаштары Таттыбүбүнүн жеке жашоосуна аралашышып, ичкенин, ким менен эмне алакада болгонунан бери саймедиреп, ошол үчүн сөгүш жарыялап отурушкан. Ал турмак чачын кыркып койгону үчүн канча сөз угуп, чогулуштан буркурап ыйлап чыккан да учуру болгон экен. Ар бир адам өзүнүн чачынын кожоюну да. Кыркабы же, такыр алдырып салабы жумушка тиешеси канча. Таттыбүбүнүн бир дагы эмгеги бааланган эмес. Бир гана мисал, “Уркуя” кинотасмасы үчүн режиссер жана башкалар сыйлыгын алышып, сыймыгын тагынышкан да, ал тасмага көрк кошуп, сыймыгын арттырган актриса четте кала берген. Баскан жеринен бут тосуу чыгып атса, жандүйнөсү байчечекейдей назик болсо, тигинтип таланты бааланбай калса, анын адамдык беделине эмес, айжаркын кебетесине гана суктанып, талант катары эмес, алардын кумарын орундатуучу курал катары караган эркектер максатына жетиш үчүн арак ичиргенге аракеттенип атышса… акырындык менен организми ага көнүп, буулуккан бугу менен көкүрөгүнөн сыртка чыга албаган ыйын ошентип басууга ыңгайлаша баштаган.

Кыргыз эли, кыргыз эли болгондо, элдин ишенген эр азаматтары өздөрү улуттун баалуулугун сактабай, тескерисинче, аны митаам турмуштун курмандыгы кылып беришти. Актрисанын талантына таазим этип, сулуулугуна баш айланып сүйүп, аны терс турмуштун сормо сазынан бошотуп алууга аракет жасагандар да болгон экен. Антип аракет жасаган деп Сүймөнкул Чокморов менен Чыңгыз Айтматовду айтып жүрүшөт. Бирок, алардын аракети Таттыбүбүнүн баарынан көңүлү калып, аялдык назы тебеленип, сулуулугу өзүнө душман болуп, жеңил жашоонун кызыгына сүңгүп бараткан учуруна туш келгендиктен, кечигип калышты. Аныгы ага жашоонун ылайланбаган таза да тараптары бар экенинен кабар берип, жашоону кайра баштан сүйдүрүүгө дараметтери да, чыдамдары да жеткен жок.

… Айтор, кыргыздын асманына кылымда бир жанган жылдыз өз сулуулугуна өзү чалынып, өз талантынын курмандыгына өзү айланды…

Бүбүсара Бейшеналиева
“Ак куу”, дешет. Ак куудай койкойгон кыргыз кызы кыргыз көлүнүн ак куусунун образын алып жүргөнсүйт. Улуттан биринчи болуп буттун учу менен чимирилип бийлөө өнөрүнө ээ болду. Толкуду эл, таңшыды талантты. Алаканга салышты. Сыйлыгын беришти, жылуу кебин айтышты. Дагы эмне керек эле?.. Эмне муңкуратты бул асыл айымды?.. Бактылуу болдубу?..

Көралбастык… Бүбүсарага ачыктан ачык бут тосуп, көралбастык кылгандар болбогондой. Балким, буга себеп анын ичкилик менен достошпой, адам катары да, аял катары да, талант катары да жогорку баага ээ болгондугу болсо керек. Бийчинин бир арманы махабаттан болду. Көңүлү сүйгөн адамына чечкиндүү кадам таштап бара албай, же махабатты, же эл алдындагы кадыр – баркты тандай албай чарпылма кандай оор экенин андай тагдырда жашаган жан билер. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун он үч жыл жашыруун аялынын милдетин аткарып, аялдык толук эмес, жарым бакыттын ээси болду. Он үч жыл оңой өмүр эмес. Бийчи оорусу өтүшүп, о дүйнөгө узаганда Чыңгыз Айтматовдун мүрзө башында туруп алып буркурап ыйлаганы да жөндүүдөй.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык жашоодогу акыркы мүнөтүнө чейин чейин атактуу бийчиге болгон армандуу махабатын жадымынан чыгарбай, Бүбүсара тууралуу сөз болгондо ойлуу тарта үшкүрүнүп калчу дешет.

Улуу бир генийдин айтканы бар: “Сүйүүдө бир мыйзам бар, ал-сүйгөн адамын бактылуу кылуу”.

Бүбүсара Чыңгызды эт жүрөгү менен сүйгөнүн ушундан билиңиз, өзүн эмес, өзүнүн аялдык бактысын эмес, сүйгөн адамынын аты булганып калышына кабатырланган, ойлонгон.

Келечеги кең жигиттин үйбүлөсү бузулуп, кеп-сөзгө калуусунан корккон. Жакшы көргөн адамын калкалап, коргоп атып, өз бактысын колдон учуруп жиберди. Залкар жазуучунун жүрөгүнө түбөлүк от таштаганынан улам бийчинин аялдык деңгээли канчалык бийик болгондугун жоромолдоого болот.

… Өзү да, бийи да ак куу болгон бийчинин бир арманы – махабаты…

Асель Эшимбекова
“Махабат дастаны” кинотасмасын тартууга даярдана баштаган кинотоп башкы ролго акриса караштыра башташканда, Д. Садырбаевдин кулагына бирөө: “Имаш Эшимбековдун он алты жаштагы кызы бар”, деп шыбырайт. Он алты жаштагы айчырайлуу кыз легендага айланган Таттыбүбү менен актер Имаш Эшимбековдун кызы эле. Энесинин таланттык тагдырынан кабардар болуп, көкүрөгү күйүп калган кыз алгач каршы болот да, анан барып киного тартылмай кызыгуусу жеңет. “Махабат дастанынан” соң “Сүйүү закымдары”, анан “Сен кимсиң, Элли?” кинотасмалары… Башында актриса болууга каршы болгон кыз акырындан сахна кумарына тартылып, окуп жаткан окуусун таштап коёт. Балким, Аселдин тагдыры энесинин тагдырына тартып кетет беле, өз убагында куткаруучу жетип келбегенде. Татынакай кыз кимдин назарын түшүртпөйт өзүнө, ач кулаалыдай айланып учкан жаман ниет адамдар Аселдин тушунда да жоголуп кетишкен эмес. Кулаалыдай шукшуңдашып, энесин курмандыкка айлантып ийгендер, кызын аёону ойлошпогондур. Көпчүлүгү Аселди Урмат Барыктабасов кандай абалдан сууруп, үлбүрчөк ханбийкеге айлантып койгонун жакшы билишет. Балким, Таттыбүбүгө да дал ушул Барыктабасовдой эрктүү, чечкиндүү бирөө керек эле. Тообо кылалы, Жараткан бир сулуубузду адамдардын карөзгөйлүгүнө жем кылып берсе, анын урпагы болгон экинчи сулуубузду жакшы адамдын колуна салып берди. Урмат Барыктабасов менен Асель Эшимбекова да он үч жыл тааныш катары мамилелеш болуп жүрүшүп, он үч жылдан кийин үйбүлө түтүнүн булатышкан. Ошол жылдардын аралыгында Урмат Аселди айланасы кандай кабыл алып жатканын, кандай абалга алып келүүгө аракеттер жасалганын көргөн, билген. Ал Сүймөнкул Чокморов айткандай Аселди сулуу аял эмес, улутка бир келчү таберик катары кабыл алды. Кана эми, жогоруда биз кеп кылган үч таланттын тагдырына да Урматтай адамды буйруганда…

… Аселдин алдында эки жол турган: актрисалык оомалуу – төкмөлүү, бирок, атактуу жашоо, же таза аялдын ак никеден курулган төрт дубалы, аруу энелик. Асель экинчисин тандады, а көкүрөгүндө буюккан таланты калды сыртка чыкпай. Мына ушундай, сулуу таланттардын тагдыры… же ары, же бери…

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.