Ч.Айтматовдун чындыгы, анын чыгармаларында көтөрүлгөн глобалдык маселелер

Адабият айдыңында аты ааламга таанымал болгон Ч.Айтматовдун өмүр жолуна, ой-чабытына, адамдардын руханий дүйнөсүнүн тазалыгына кошкон салымына саресеп салып карасак, анын чыгармаларында козголгон маселелер глобалдык масштабга ээ болгондугу менен өзгөчөлөнөт.

(Башталышы өткөн сандарда)
Учурдун боосун бек кармап, өзү жашаган доордун оң-терс жактарын таразалап, аны философиялык өңүттө караган Чыңгыз агабыз адам табиятынын бузулуу коркунучун алдын-ала сезип, анын дагы бир себебин ачык-айрым белгилеген. Айрыкча, ичимдиктен жана баңгизаттардан алыс болгон, жан дүйнөсү баео, чындыкты пир туткан, жүйөөлүү сөзгө жыгылып, ошол жаңылыш айтылган сөзү үчүн башын ажалга байлай билген, кеп баккан улуу кыргыз элинин келечегине көңүлүн ооруткан ушул инсан миң толгонуп, адамзаттын жан дүйнөсүнүн бузулушунун түпкү сырын жүрөгү менен сезген. Ошол туюмун аркылуу “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” романдарында терең талдоо жасоого жетишкен.

Алып көрөлүчү, “кызыл көз” Таңсыкбаевдин ак жеринен айыпталган Куттубаевди түнкүсүн ичимдик ичип, мыкаачылык деңгээлге жеткенде суракка алышы, “Кыяматта” облустун чоңдору бөкөндөрдү кырып, эт планын толтуруу үчүн араккечтердин тобунан турган “хунтаны” аңчылыкка жибериши, аларды аракка тойгузуп койсо, бардык кылмышка барууга даяр экендиги, Базарбайдын арактан көзү ачылбай, аялын такай көгала кылып сабашы, Жалпак-Сазда кара куурай чогулткан жаштардын баңгизатка болгон кумарынын күчөшү, алардын кыйраган рухий дүйнөсүнүн ынанымдуу ачылышы, ал эми “Ак кеме” (“Жомоктон кийин”) повестиндеги Орозкулдун зөөкүрлүгүнүн кеңири панорамада чагылдырылышы эле ошол кезде калкыбыздын түбөлүк кайгы-муңу, азап-тозогу коомдук түзүлүштүн айыкпас ылаңга учурагандыгынынын кесепети экендигин ачып берген.

Бүтүндөй бийлик бир гана партиянын колунда туруп, бир идеология гана өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүп, бийлик мунарасындагыларга сын айтуунун артында куугунтук күч алып турган ушул оор шартта жазуучунун чыгармаларында ушул көрүнүштү тайманбай калк алдына алып чыгышынын өзү эле көзү жок эрдик экенин эч ким тана албас. Жогорудагы көргөзүлгөн каармандардын терс кыял-жоруктарынын өнүгүшүнө ошол доордун өзү да күнөөлөнүшүн күчтүү цензурадан өткөрүп, аны дүйнө элине алып чыгууга Чыңгыз агабыздын жигердүүлүгү, чечкиндүүлүгү гана эмес, ошол эле учурда нечен бут тосууларга, кыйынчылыктарга, түрдүү тоскоолдуктарга тынымсыз каршы күрөшүү вазийпасын аткаруу тагдыры туура келген. Адамзаттын рухий дүйнөсүн байытуу аркылуу асыл наркты көтөрүү зарылдыгын туура түшүнүп, өзүнүн милдетин так аткарып, автор өлбөс-өчпөс чыгармалары менен кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй дүйнө элинин улуу агартуучусу болуп калган.

Жазуучунун дагы бир артыкчылыгы дүйнөлүк уламыштарды терең билиши, өткөн мезгил менен өзү жашаган доорду чеберчилик менен айкалыштырып, болуп жаткан ар бир окуяны жеке көз карашы менен, ошол эле учурда аны философиялык көз карашта терең талдоого алгандыгында. Адам баласы менен табигаттын ортосундагы бузулбас байланышка доо кеткенде, жаратылыштан мурда адамзаттын өзү экологиялык жактан кыйроого дуушар болоорун бүтүндөй чыгармаларында чагылдырып, өзүнүн философиялык концепциясын толук иштеп чыккан.

“Адамды сулуулук сактап калат” – деген сөз бар эмеспи. Бирок, айрым адамдар сулуулукту тышкы көрүнүшү боюнча баалап келсе, чыгаан жазуучу адамдын чыныгы сулуулугу жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен аныкталаарына зор маани берген, ага каармандардын психологиялык абалы аркылуу аныктама чыгарган. Ал эми ошол сулуулукту аныктоодо жан бүткөндүн баары көз менен эмес, жүрөгү менен сезээри көркөм баяндалган. Ошол ааламдагы сулуулукту жүрөгүнө махабат уялаган жан гана аруу сактап калууга умтулаары Ташчайнар менен Акбаранын, Жамийла менен Даниярдын, Эдигей менен Заринанын өз ара мамилелери, ички сезимдери менен аныкталган жокпу? Алар башкалар сыяктуу “сүйөм, күйөм” – деген ташпиши чыккан сөздөрдү бири-бирине айтпаса да, бири-бирине болгон арзуусун көз караштарынан сезе билгендигинде. Махабат түбөлүктүү, ал эч качан жаш курагына баш ийбейт. Сезимди уялаган кезде, “жер көчкүдөй” акырындык менен жылып отуруп, алдыдагы тоскоолдуктарга карабай, аларды кайра өз кучагына ороп, жыла берген күчтүү стихия болуп саналат. Ааламды кыйроодон сактап, жан бүткөндүн баарынын укум-тукумунун сакталып калышынын бирден-бир себепкери болоорун, ал эми биз суктанган сулуулук махабат менен өлчөнөөрүн Чыңгыз агабыздын чыгармаларын окуганда ынанабыз.

Эмне үчүн Орозкулдар, Таңсыкбаевдер, Сабитжандар, “кайыш курткачандар”, “хунтанын” өзөгүн түзгөн араккечтер, кара куурай чогултуп, ири суммада акча табышкан наркобарондор өлчөмсүз байлыкка жана чексиз мансапка ээ болушса да, Эдигей, Казангап, Танабай, Момун чал, Бостон сыяктуу карапайым адамдардын, ал гана эмес “бийлик тарабынан өлүмгө өкүм кылынган бөкөндөр” массалык кыргынга учураганда, анын капшабы менен бөлтүрүктөрүнөн ажыраган бөрүлөр Ташчайнар менен Акбарадай “бакыт” – деген эмне экенин сезе алышпай турганын алаканга салып ачып берип отурат.

Албетте, бул макалада агабыздын чыгармаларына адабий талдоо максатын көздөгөн жокмун, аны элибиздин нечендеген окумуштуулары талдап келишти, талдап жатышат, талдай берет. Ошого карабастан, Чыңгыз агабыздын бир окурманы катары анын чыгармалырындагы чындыкты жана ал көтөргөн дүйнөлүк глобалдык маселелер боюнча жеке пикиримди билдирип отурам. Себеби, айрым кесиптештерибиз Чыңгыздын улуулугуна шек келтирген айрым макалаларына кеч да болсо жооп жазууну туура көрдүм.

Баарын турмуш өзү таразалайт, тактайт эмеспи. Глобалдык маселелер азыркы күндө эң курч мааселелердин жыйындысы болуп отурат. Анын себеби руханий жакырчылык адамзатты деградацияга, өлүк маданиятка, жапайы цивилизацияга, экологиялык кыйроого алып бара жаткандыгын кең-кесири иликтөө жүргүзүп улуу инсан жана дүйнөнүн феномени болуп таанылган Чынгыз Айтматов агабыз эң алгачкылардан болуп, адамзаттын табиятка каршы күрөшү ааламды кыйратууга багытталгандыгын жүрөгү менен сезгендигинде эле. Ал термоядролук коркунучтуу куралдын космоско чыгарылышын токтотууга, экологиялык катастрофага каршы күрөштү күчөтүүгө, адам табиятын бузулуу коркунучун токтотууга, дүйнөдө тынчтыкты сактоодо түрдүү маселелерди сүйлөшүү жана түшүнүшүү жолу аркылуу чечүү маанилүү экендигине жана адамзаттын жүрөгүнө аруу сезим уялаган учурда гана демографиялык маселе чечилерине басым жасагандыгына жана көтөрүп чыкканына сыймыктануу менен жогорку баа берсек болот.

Кантсе да, Ч.Айтматовду кыргыз элин дүйнөгө тааныткан инсан катары ага таазим кылуу парзыбыз экендигин дагы бир ирет кайталап койсок артыкпаштык кылбас…

Эртабылды Аттокуров, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.