“Кыргыздын Гиннесс китеби” чыкты

ysmaylМамлекеттик тил жана энциклопедия борборунан “Кыргыздын Гиннесс китеби” аттуу китеп басылып чыкты. Бул эмгектин автору Ысмайыл Кадыров.

Ысмайыл мырза, мындай китепти басып чыгаруу сиздин оюңузда сиз Мамлекеттик энциклопедияда иштеп жүргөн мезгилиңизде эле пайда болсо керек го?
– Туура мен энциклопедияда көп жыл иштебедимби. Анан ошол жылдары неге “Кыргыздын Гиннессин” чыгарууга болбосун деген ой келди. Ошентип маалыматтарды чогулта баштадым. Маалыматтарды чогулта баштаганыма 20 жыл болду. Бул өзү кичинекей китеп болду. Мындан чоңураак чыгарсам болмок. Батпай калган маалыматтар бар болчу. Өзүмүн каржыма чыгаргандыктан, кыскартууга туура келди.

Бул китепте кандай кызыктуу маалыматтар бар? Мисал келтире аласызбы?
– Мунун ичиндегинин баары эле кызыктуу го деп ойлойм. Адеп баштаганда эле Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалыматтарды бердим, эң ысык, эң суук, эң бийик, эң чуңкур жери дегендей. Андан кийин атрибуттары тууралу, кыргыздын башкаруучулары жөнүндө маалыматтар кетти. Андан ары рекорддор: эң чоң, эң кичине, эң узун, эң көп, эң аз, эң узак дегендер. Экинчи бөлүгүндө биринчилер кетти. Булар да мындай караганда рекорддор да. Мисалы жүрөккө биринчи операция жасаган хирург, алгачкы илим доктору же кандидаты жөнүндө жаздым. Аягында сыйлыктар боюнча алгачкы лауреаттар жазылды.

– Элдин бул китепке кызыгуусу кандай болуп жатат сиздин баамыңызда?
– Мен муну аякка-быякка жарыялаган деле жокмун. 500 нуска менен Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунан басылып чыкты. Чыгаары менен эле билгендер алып кетип, дээрлик китеп дүкөндөрдө калган жок.

Учурда дагы жаңы маалыматтарды жыйнап жаткан турбайсызбы?
– Албетте, келечекте сүрөттөрү менен, дагы башка маалыматтарды толуктап чыгарууга болот. Мен муну өзүм жалгыз чогултуп чыгардым да. А негизи муну бир канча киши тынымсыз иштеш керек. Мен кызматтагы кишимин. Жетишалбай да калат экем. Бирок маалыматтарды жыйноону улантып жатам. Ар бир 5 жылда чыгарып туруу оюмда бар.

Китебиңиз менен таанышкандар пикир айтып кайрылып жатабы?
– Албетте.

Мисалы кандай ойлорду айтып жатышат?
– Эми кайрылгандардын арасында басымдуу – “мен да кыйын адам элем, мен биринчи болчумун, мен кирбей калыпмын” дегендер көп болуп жатат. Кээсинин чындыгы бар. Илинчеги жок киши кайрылбайт деле да. Маалыматтарды текшерип көргөнүбүздө айрымдарыныкы туура болуп чыгып жатат. Кийинки чыгарылышында буларды такташ керек.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 28.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.