Кыргызстандык пианист Италияда өткөн эл аралык фестивалда эки сынактын жеңүүчүсү болуп таанылды

Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков дүйнөнүн мыкты пианисти деп таанылды. Ал Италияда өткөн эл аралык фестивалда биринчи орунду алып, фестивалдын Гран-присин жана Алтын кубогун жеңип алган. “АКИpress” маалымат агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу 30-июлда өткөн пресс-конференцияда Ж.Бакиев атындагы коомдук фонддун башкармалыгынын төрагасы Рыскулбек Жумабаев билдирген.

29-майдан 8-июнга чейин Италиянын Корато-Бари шаарында өткөн 11-Пианисттердин эл аралык фестивалында А. Сыдыков жеке аткаруу жана камердик-вокалдык музыка номинацияларында алтын кубок, алтын дипломдордун ээси болгон.

«Бул жыл мен үчүн жемиштүү болду, – дейт аткаруучу. – Мен мыкты баалар менен Москвадагы мамлекеттик консерваторияны бүтүрдүм, ушул эле жылы консерваториянын алдындагы аспирантурага өттүм. Дүйнөдөгү эң абройлуу музыкалдык жогорку окуу жайы болуп эсептелген бул консерватияга өткөнүмө мен өтө ыраазымын. 2009-жылы эле Лондондогу Королдук музыкалдык колледжге өткөнүм тууралуу кабар келди».

А.Cыдыковго Ж.Бакиев атындагы фонддун атынан айына $100 стипендия берилип турат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.