Борбор Азия кол өнөрчүлөрү Ысык-Көлдө чыгыш базарын өткөрүшөт

6-августа Бишкекте IV эл аралык “Оймо 2009” фестивалы башталып, Чолпон-Атада улантылат. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына Борбор Азия кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу боюнча ассоциациясынын башкы менеджери Айнура Бозгунчиева билдирди. Иш чараны маданият жана маалымат министрлиги, Ысык-Көл областынын мамадминистрациясы, Борбор Азиялык маданият жана искусство тармактары уюштурууда.

Иш чаранын жүрүшүндө – кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү, Борбор Азия дизайнерлеринин этномода көргөзмөсү, прикладдык искусство боюнча мастер-класс, улуттук маданиятты өнүктүрүү темасына арналган семинарлар, тегерек столдор уюштурулат.

Борбор Азия кол өнөрчүлөрү Ысык-Көл автомагистралын жээктей чыгыш базарын өткөрүшөт. Бул жерден туристер, жергиликтүү тургундар, эс алуучулар кылымдан бери белгилүү болгон Маргеландын шайы жоолуктарын, тарыхта белгилүү болгон өзбек карапачыларынын идиш аяктарынан, кыргыздардын кийизден жасалгаланган буюмдарын, зергерчилик аземдерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Көргөзмөнүн негизги максаты Кыргызстан аймагын регионалдар аралык маданиятты камтыган, эл аралык туризмге жол ачуу”-деди А.Бозгунчиева.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 3.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.