Эми Сарман аганын ордун ким толуктайт?

Элибизге белгилүү искусство жана театр таануучусу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сарман Асанбековдун келбес жайга кеткенине үч айдын жүзү болуптур. Көзү тирүү кезинде элине кылган кызматы, адабият жаатыбы, көркөм сүрөт жаатыбы же театр жааты болобу, майын чыгара иштегени жалпы журтчулукка маалым болчу. Турган турпаты боюнча жандуу энциклопедия эле. Мындай уникалдуу, ары сырдуу адамдар жашообузда аз кездешет эмеспи. Үчөөнүн бири десем жаңылышпасмын. Сарман агай жөнүндө азыноолак кеп сураганымда, кызы Гүлмира Асанбекова төмөндөгүлөргө токтолуп, кеп салып берди.

Башат
Айтылуу Талас жергесиндеги Арал айылында атамдын балалык күндөрү өтүптүр. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан чоң апам мындай эскерчү: “Сарман айыл боюнча жалгыз билимдүү эле, жазганды, окуганды билчү. Согуштан келген каттарды элге окуп берчү. Кайра аларга жооп жазар эле”. Ошо кездеги жарыкка чыккан адабият китептердин баарын изин калтырбай бүт окуган. Кийин шаарга келип улуттук университеттин филология факультетине кириптир.

Атам – лирик, апам – физик
5-курса экенинде №5 мектепке практикага барат. Ал жерде 10-класстын окуучу кызын жакшы көрүп, кийин ал университеттин физмат факультетинде 2-курста окуп атканда үйлөнүшөт. Бул жөнүндө апамдын эскерүүсү бар: “көзү жылчык, мурду барбайган… көп нерселерди дилгирленип айта баштаганда, оозум ачылып, башка дүйнөгө жетеленип кетер элем. Уккандан тажачу эмесмин. Ички дүйнөсүнүн кеңдиги менен сүйүүсүнө арбалып калдым” дейт.

Ломоносов окуу жайынан курчуган
Табияттын кызыгы ушу экен. Апабыздын көзү бакырайып, бүгүнкү күнгө чейин сулуулугунун мизи кайта элек. Акжуумал адам. Атабызды болсо апам сүрөттөп берди. Турмуштары бир нукка түшүп, атам андан ары окуусун улап, МГУдагы аспирантурага тапшырат. Эки жылча окуп, аны бүтпөй калган. Ал кезде мен катуу ооруптурмун. Москвадан келе берген. Бирок, Ломоносов атындагы окуу жайы атамдын көп кырдуу таланттарына жол ачып, түрткү берген. Чоң шаардагы жайгашкан көркөм-сүрөт музейлери, классикалык музыка угулуп туруучу концерттик залдар, атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучулардын чыгармалары коюулучу театрлар – бүт баары кошул-ташыл атама эргүү алып келиптир.

Эх, Мадонна!
Үч жашымдан тарта мени ээрчитип жанына ала жүрчү. Спектаклдерге, музейлерге чогуу барчубуз. Эсимде, “Эрмитаж” музейи, андагы картиналар, шедеврлер, “Мадонна” полотносу мен үчүн жомок, айтып түгөтө албайсың. Өзүнчө бир керемет. Мага чоң таасир калтырган. Атам ар бир тартылган сүрөттөн өзгөчөлүктү көрө алчу. Купуя сырларды чечмелеп, катылуу сыр сандыктарды жипке тизген шурудай айтар эле. Өзү да сүрөт тартчу. Көргөзмөсү болуп, коомчулукту бир таңгалдырган.

Сүймөнкул Чокморов экөө кезиккенде…
Досторунун көптүгүн айт. Кадам сайын жолугуп, амандашып бүтө алышчу эмес. Мейли артисттер болсун, мейли адабиятчылар болсун, эзилишип калар эле. Өзгөчө Сүймөнкул Чокморов менен кезиккенде, үйдөгүлөр бир жарым күн таппай калчубуз. Экөө жолугуп, кең дүйнөнүн алкагында чаң сапырып аткандай түр көрсөтүшчү. Албетте, сын-пикирлери да жүйөлүү болуп, экөөнүн талаш-тартышы сүрөт дүйнөсүнөн кирип, актерлук, кино дүйнөсүнөн чыкчу.

Жалгыз студентке бир жарым саат
Мугалимдик кесипти дагы аркалады. Алгач көркөм сүрөт окуу жайында мугалимдик тепкичтен көтөрүлүп отуруп, директорлугуна чейин жеткен. Бир топ сүрөтчүлөрдү тарбиялап, Кыргыз Эл сүрөтчүсү наамына татыган окуучулары бар. Алардын сүрөттөрүн бүткүл дүйнө музейлери сатып алып, көргөзмөлөрүнө илип коюшкан. Искусство институтунда театр таануу жагынан сабак берип жүрдү. Сабакка кылдат, маңыздуу даярданып, окуучуларына жан дили менен түшүндүрчү. Бир жолу атам айтат: “сабакка барсам, жалгыз студент келиптир. Менин ордумда башка мугалим болгондо, ал студентти кол шилтеп кетирип иймек. А биз экөөбүз бир жарым саатча, эзилишип, абдан сонун сабак өттүк. Эч качан ошол көз ирмем эсимден кетпейт” деп.

Үйбүлө жана атам жөнүндө даректүү тасма
Эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойтту. Эч качан үйбүлөгө катуу айтып, тарбия камчысын көтөргөн эмес. Жалгыз уулу жаңы үйлөнгөндөн кийин эле жол кырсыгынан каза тапты. Андан Керээз аттуу кыз небере калды. Бир жылча кабыргасы кайышып жүрдү. Аз өтпөй жакшы силкинип, чыйралып алып, чыгармачыл дараметин жөнгө салып, орошондоп иштей баштады. Жетимиш төрт жашында катуу ооруп атканда да колунан китеп түшпөй жүрдү. Бир нече китебин жазганга үлгүрдү. Анын ичинде проза, поэзия, эскерүүлөр, сын пикирлер камтылган. Ал оорунун аркасынан ушул жылдын 31-мартында көз жумду. Мен өзүм медик катары атамдын рух-духуна баа бердим. Акыркы көз ирмемдерине чейин жанында болдум. Кичине эле жакшы боло калганында китепти ала коюп, үнүн чыгарып окуп, анан: “орус тилин тереңдетип биле албадым” деп кете берди. Эми жеке оюмда атам Сарман Асанбеков жөнүндө чакан даректүү тасма тартууну ойлонуп отурам. Ал күндөр да келер.

“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.