Медреселер мектептерди басып өтөбү?

Акыркы мезгилде өлкөбүздө дин чоң таасирге ээ болуп, атеист адамдардан өспүрүм кыз-уландарга чейин өзүнө оп тартып жатат. Атургай азыр балдарын мектепке эмес, мечит, медреселерге окутууну каалагандар аз эмес. Ата-эне баласын кайда окутса өз эрки дечи. Бирок, куран, хадистен башканы билбеген, шалбыраган араб кийимин кийген устатынын жүрүм-турумун туура деп кабыл алган, кесиби жок бала эртең кантип жанын багат? Улуттук калпак, чепкендин ордуна араб кийимин кийген, арабча тили бурулган, дили кыргыз каада-салтынан алыстап, дин фанаты болуп калган кыргыздардын келечеги кандай болот? Диний окуу жайларга мамлекет кайсы бир талаптарды коюшу керекпи, же жокпу? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп тиешелүү адамдарга, мекемелерге кайрылдык.

Абдулбасир МАТРАИМОВ, Кыргызстан ислам университетинин мугалими, жалпы бөлүм башчысы:
– Абдулбасир ага, сиздердин окуу жайда кандай багыттагы билимге басым жасалат?
Биздин окуу жай 2003-жылы Кыргызстан Ислам университети болуп кайра түзүлгөн. Азыр 300дөй студент окуйт. Университет диний окуу жай болгондуктан кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө топ болуп окушат.

Студенттер кандай адистиктерде окушат? Ошол алган адистиги менен кийин жанын бага алышабы?
Азырынча араб тили жана ислам шарияты адистиги боюнча диплом алышат. Бул адистиктер менен медреселерде, окуу жайларда араб тили мугалими болуп иштесе болот.

Медреселер кимдин уруксаты менен ачылат?
Медреселер Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен күбөлүк алгандан соң ачылат. Эки мекемеден кээде бизге суроо-талап түшөт. Биз аларга даяр мугалимдерди жөнөтөбүз. Студенттерибиз медреселерге практикага жиберилип турат.

Өспүрүм балдардын медресе, мечиттерге алынып жатышы туурабы?
Медресеге 1-2-класс окуган балдарын алып келип жатышат. Бул туура эмес. Балдар мектеп билимин алышы керек. Ошол себептен азыр медреселер 9-11-классты бүткөндөрдү гана алып калышты. Биздин окуу жайда дагы ушундай талап бар. Биздин окуу жайга атайын кесиптин ээси болом деп келүү туура эмес. Ислам динин окуп үйрөнүү ар бир мусулман үчүн парз. Бирок, биздин дипломдор менен деле иштесе болот. Мисалы, биздин студенттерден Улуттук университетте араб тилинен сабак бергендер бар.

Окуу жайга Билим берүү министрлигинен лицензия берилгенби?
Жок. 2004-жылы аракет кылганбыз. Бирок эки тараптын талабы дал келишпегендиктен лицензия берилбей калган. Биздин окуу жай диний болгондуктан, окуу программаларыбызды башка адистер даярдап бере албайт. Өзүбүз даярдашыбыз керек. Министрлик өз программасын сунуштап, биз өзүбүздүкүн сунуштап, бир ыкка келе алган жокпуз. Бирок, окутуунун 70%ын диний, 30%ын светтик кылсак жакшы эле болмок.

Сиздердин окуу жайда шалбыраган араб кийимин кийүү талабы барбы?
Бизде мындай-тигиндей кийимдерди кий деген талап жок. Ал ар бир адамдын өзүнөн. Болгону кийген кийим таза болуш керек. Костюм-шым, калпак кийип деле исламга үгүт жүргүзсө болот. Азыр биз дин адамдарына улуттук чепкендерди тиктирип, мечитте, даабатта кийүүнү жайылталы деп жатабыз.

Асан ОРМУШЕВ, профессор, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университетинин ректору:
– Асан Сулайманович, сиздердин окуу жайда диний окуулар, факультеттер барбы?
Бизде дин таануу, теология сыяктуу диний сабактар жок. Араб тилин окутуу, үйрөтүү, тарыхы, грамматикасы, адабияты боюнча адистиктер бар. Университет илгерки коммунисттик идеологияны бекем туткан мусулмандарды ичкиликке, баңгиликке, сойкулукка азгырылтпайлы деген ниетте ислам адебин, маданиятын окутууну колго алган. Муну негедир кыргыз коомчулугу, өкмөт тескери түшүнүп, мунун артында бир нерсе бар деп шекшингени өкүндүрөт.

Диний сабактар жок деп жатасыз. Университетте куран, шарыят окутулат эмеспи?
Окуу жайда атайын багыттагы диний программалар жок. Болгону араб тилин үйрөтүүдө ыйык Курандан мисалдар келтирилет. Ал мугалимдин өз эрки. Бул окуу жайды буга чейин билим министрлиги, ИИМ, УКК текшерип, лицензия беришкен.

Окуу жайдын негизги максаты ислам адебин окутуу деп жатасыз. Демек, мусулман эместер бул жерде билим ала албайт турбайбы?
Биз кааласак да бир диндин идеологиясын университетте жүргүзө албайбыз. Себеби бизде 13 улуттун, христиан, буддизм, ислам диндеринин өкүлдөрү окуп, иштешет. Биз ошол ар башка диндеги студенттерибиз менен ийгиликке жетишип, алдыга жылып келатабыз. Ошентсе да ислам дининдеги маданиятты, илим-билимди биз эч качан танбашыбыз керек. Азыр батыш окумуштууларынын “ислам терроризмдин, караңгылыктын ачкычы” деген исламга каршы атайын аракети жүрүп жатат. Ошол себептен көп жерде исламга байланышкан нерселерди түшүнүп-түшүнбөй эле кыя чапканга аракеттер күч. Бул чоң жаңылыштык.

Анда медреселердеги динден башканы билбей караңгы калып жаткан балдарды кантебиз?
Буга толук кошулам. Азыркы медреселерде билими начар мугалимдер сабак бергендиктен ата-энелери “балабыз жазганды, окуганды билбей калыптыр” дешип бизге алып келип жатышат. Буга Муфтият менен Дин иштери боюнча агенттиги жол берип, медреселерди ачууга лицензия берип жатат. Лицензия бергенге жараша ал окуу жайлар мамлекеттик болушу керек. Мисалы, Казакстан, Өзбекстандын медреселеринде мамлекеттик күбөлүк, аттестация берилет. Анткени алар мамлекетке иштеши керек. Айрымдар Кыргызстанда дин мамлекеттен четтетилген деп айтып жүрүшөт. Дин өлкө ичинде жашап жатса аны кантип четтетебиз? Динди бөлүп койсок алар эртең мамлекетке каршы турган чоң күчкө айланат. Ошондуктан динди жерибей, айрым саясый иштерге диний мекемелер кийлигишпейт деген чектөө киргизиш туура болот.

Мамбетасан ИБРАЕВ, муфтийдин орунбасары:
– Мамбетасан ага, азыр өлкөдөгү исламдык диний окуу жайлардын саны канча?
Кыргызстанда 16-17 жыл ичинде 60 медресе, 7 институт, 1 университет ачылды. Бул окуу жайлар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан каттоодон өтүп, устав, программаларды алып, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин күбөлүгүнө ээ болгон.

Медреселерде окуган балдар куран, шарыяттан башканы окубаса кийин кантип жанын багышат?
Аракет кылгандар жанын багып кетишет. Алар биздеги 9 казыятта, райондук мечиттерде имам же араб тилинен котормочу болуп иштешсе болот. Анүстүнө азыр дин эркиндиги боюнча жаңы мыйзамдын негизинде медреселерде 9-11-классты бүтүргөн кыз-уландар кабыл алынат. Алар мектепте математика, география, химия, физика сабактарын окушкан.

Окутуучулар өспүрүмдөргө динди гана окутуп, балдар караңгы бойдон калып жатпайбы?
Светтик билим алган адам эле акылдуу, жакшы деп бөлгөнгө болбойт. Диний билимдин, ыйман сабагынын да пайдасы чоң. Бала эки билимди тең алганда гана жакшы кадр, толук мусулман болот. Медреселерди бүткөндөн кийин балдар башка окуу жайларда билимин улантып жатышат. Биз аларга чектөө койгон жерибиз жок.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору:
– Каныбек Осмоналиевич, өспүрүмдөрдү динге тартып, мектептен алыстатып жаткан медреселер боюнча агенттик эмне иш кылып жатат? Өлкөдөгү медреселер боюнча оюңуз кандай?
Азыр чынында мектеп менен медресе, мечиттерди карама-каршы коюуга тымызын аракеттер бар. Менимче, бул аракеттер атайылап жасалып жатат. Балакеттин баары ушул жерде. Ошол себептен биздин агенттик “мектеп менен медреселерге бирдей талап коелу, экөө тең жарышып иштей берсин” деген демилге көтөрүп, “Дин багытындагы окуу жана дин мекемелери” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке даярдап койдук. Азыр 2009-жылы январда күчүнө кирген “Дин эркиндиги боюнча мыйзамдын” негизинде кандай гана диний уюм болбосун 9-классты бүтүрө элек баланы окууга алса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Кесиби жок улан-кыздар медресени бүткөндөн кийин кайда барат?
Медреселерде хадис, куранды эле жаттатып, балдарды көчөгө чыгарып койбош үчүн жаңы мыйзам долбоорго медреселерде башталгыч кесип берүү маселесин камтыдык. Мисалы, илгерки ПТУдагыдай медресени бүткөн бала программист, уста же радиомастер болуп чыксын. Он күн мурун муфтийдин орунбасарын ээрчитип алып өлкөбүздөгү бардык медресе, мечиттерди кыдырып чыктым. Агенттиктин башталгыч кесип берүү сунушун казы, имам, молдолор, окутуучулар колдошту.

Медреселерге лицензияны муфтият менен сиз жетектеген агенттик берет экен го?
Биринчиден, азыр 60 медресенин бирөөнүн да лицензиясы жок. Лицензияны мындай коелу, алардын биринин дагы окуу программасы, пландары жок. Болсо дагы эптеп казыга, муфтийге кол койдуруп эле бекитип алышкан. Болгону биз аларды диний уюм катары каттайбыз. Бирок, каттап жатканда окутуу мындай болсун, жатакана, класс, компьютер болсун деген талаптарды коебуз. Туура, медреселерге лицензия бериш керек. Бирок аны мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы – Билим берүү министрлиги бериши керек. Медреселер мамлекеттин карамагында болгону дурус.

Диний билим берүү боюнча Билим берүү министрлигине кайрылдык. Анда Кыргызстандагы билим берүү светтик мүнөздө, диний институттардан көзкаранды эмес экендиги айтылган. Жана бул дин тутуу эркиндигин бузбайт. Мындан сырткары, министрлик эгер кайсы бир диний уюм, окуу жай талапка жооп берсе, ага Дин иштери боюнча башкармалыктын макулдугу менен лицензия берилерин билдирген. Андан ары лицензия албаган окуу жайларда окугандар аттестат, диплом албайт деп айтылат. Азыр өлкөдө 7 диний окуу жай билим берүү лицензиясын алган. Алар “Ак бата”, “Ырайым”, “Наристе” христиан мектептери, Христиан орто билим берүү мектеби, Улуу, ыйык князь Владимир мектеби, православдык “Светоч” мектеби, христиандык мурас мектеби экен. (Байкасаңыз, бир дагы мусулман медресеси жок). Бул диний мектептердин окуу планы мамлекеттик билим берүү стандартына жооп берип, диний сабактар окуудан сырткаркы убакта өткөрүлөт.

Диний билим берүү жагдайы бүгүн ар бир адамды ойлондурушу керек.

Мелис СОВЕТ уулу, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 31.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.