Ошто I-Орто азиялык Ч.Айтматовдун элесине арналган кинофестивалды өткөрүүгө даярдыктар жүргүзүлүүдө

Сентябрда Ош шаарында I-Орто азиялык Ч.Айтматовдун элесине арналган кинофестиваль өтөт. Бул тууралуу «АКИpress-Фергана» маалымат агенттигине Ош облустук киновидеобирикменин директору Адыл Сарыбаев билдирген.

Анын айтымында, кинофестивалда орто азиялык өлкөлөрдө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм тасмалар жана ошондой эле улуу жазуучу тууралуу документталдуу тасмалар элдин назарына сунушталмакчы.

“Кинофестивалдын негизги көрүүчүлөрү жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары болмокчу”, – дейт А.Сарыбаев.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.