Акын, жазуучу Жыпар Исабаева: “Жакшы жазылган төрт сап ыр чоң романга тете”

Көңүлүңүз кирдеп турганда кантип тазарасыз?

– … Ырлар менен… Капаланып, кирдесем, көңүл борборума айлампадай айланып ыр саптары келет. Биринчисин айтам капалуу, экинчисин маанайым аздан көтөрүлүп кайталайм, үчүнүсүндө көңүлдү баскан оордук жоголот да, төртүнчүсүн айтканымда капалыгымдын учугун таппай калам. Таене болгондон бери депрессия калкалоочу таблеткам – неберем Камилия болду. Үйдө ачуулана баштасам эле балдарым неберемди жетелеп келишет. Анан ага айланып – кагылып атып эле ачуумдун кандай тараганын билбей калам.

– Ыр жазылган саатындагы маанайга жараша чыгат дешет…

– Ар кандай болот… Кээде, каршыңдагы адам менен жашоонун терс көрүнүштөрү тууралуу сүйлөшүп, кейип атып эле көңүлүңө жагымдуу ыр саптары уруна калат. Андайда жалгыздыкты самап, кулагың анда болгону менен көңүлүңдө ыр токуп, ыр дүйнсүндө каалгып жүрө бересиң. Ыр күндүн, айдын нурунан түшчүдөй сезилет мага. Ар бир ыр Кудай Тааланын буйругу менен көңүлгө куюлса керек.

– Акын өзүнүн алдыдагы тагдырын эрте эле ырына көчүрүп алат дегенге кандай карайсыз?

– Бир гана акын эмес… “Титаник” жөнүндө билесиңби? Жазуучу бул темада чыгарма жараткандан кийин, чыгармадагы окуя болуп өткөн жерден төрт кеме чөгүп кеткен экен. Бул да болсо Жаратканды бир аяны болсо керек. Чыгармачыл адам сезимтал болот, балким алдын ала туюп туруучу сезими күчтүү өнүккөнү үчүн калем кармоо бактысына туш келишкендир. Ошон үчүн да “элчи менен акынга өлүм жок”, деген кеп чыккандыр. А менин чыгармаларым менин жашоомо тиешеси жок. А бирок корком… кайсы бир чыгармамды баштаарда Кудай Тааладан “бул тагдырдын мага тиешесин жок кыла гөр”, деп анан баштайм.

– Чыгармаларыңызда өз башыңыздан өткөн кичинекей бир эпизод да жокпу?

– Менин башымдан да көп эле кызыктуу окуялар өткөн. Жазсам болмок… бирок, негедир өзүм тууралуу таптакыр жаза албайм. Чыгармаларымда оң да, терс да каармандар бар, мыкаачыны да, жакшы адамды да түзүп көрсөтүүгө туура келет. Кээде мыкаачыны жүрөгүм менен берилип жазып атып, өзүмдөн өзүм корком: “Менде ушундай да сапаттар барбы?” деп. Бирок, ал кейипкеримди түзүп бүтөөрүм менен ал коркунуч житип жок болот.

– Прозага көбүрөөк дит коёсузбу, же поэзиягабы?

– Мен адабиятка поэзия менен кирдим деп жүргөм. Ойлоп көрсөм, проза менен калемимди шилтеп баштаган экемин. Мектепте окуп жүргөнүмдө күндөлүк жазчумун. Анан да аны “бардым, келдим”, деп эмес, өзүнчө эргүү менен көркөм чыгармадай жазчу элем. Кайда бекитпейин эжем таап алып окуп койчу да: “Сенин күндөлүктөрүңдү окуганды жакшы көрөм”, дечү. Окуткум келбей бекиткеним менен антип айтканы көңүлүмө жага түшчү.

– Чыгармаларыңыз китепке айлангандан кийин окуп чыгасызбы?

– Окуюн дейм… бирок даабайм. Китепке айланып чыккандан кийин оңдой албайсың, көңүлүмө жакпай калчу жерин окуп алыштан корком. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, ал китеп жөнүндө сын – пикирлер айтылып бүткөндөн соң кээде кээ бир барактарына көз жүгүртүп коймоюм бар. Ал кезде китепти мен эмей эле, башка бирөө жазгандай сезилип калат.

– Прозага жакынсызбы, же поэзиягабы деп сураган себебим – кара сөз чыгармаларыңыз биринин артынан бири жарык көрүштү, ал эми ырларыңыздан куралган бир гана китебиңиз бар?

– Прозага суроо көп болот. Китеп чыгарып сатуу менен бизнес кылгандар элдин талабы кайсы жазуучунун чыгармаларына көбүрөөк түшүп турганын байкап турушат. “Китебиңизди чыгаралы, чыккандан соң мынча китеп беребиз сизге, же мынча акча”, деген сунуш менен кайрылышат өздөрү. Анан чыгарасың. Гезитке сериал болуп кеткен чыгармалар элге кызыктуу болуп калса, “качан китеп болуп чыгат?” деп сурай башташат. Бир эсептен окурмандардын алдындагы карызыңдан кутулууну дегдейсиң. Бирок, жакшы жазылган төрт сап ыр бир романга тете. Көлөмдүү чыгармада айтайын деген оюңду төрт сап ыр менен берип коюшуң мүмкүн. Бир гана нерсе, поэзияга бизде суроо – талап азыраак. Китеп кылып чыгарууга спонсор табыла бербейт. Көңүлдү “качан ушул ырларымдын бактысы ачылар экен”, деген гана көксөө уялап жүрө берет. Болбосо, кара сөз да, ыр да мен үчүн бирдей орунда. Проза жазып атып келген ойдон жакшынакай төрт сап ыр жаралып калышы мүмкүн.

Ырларыңызда сагыныч, күтүү темалары үстөмдүк кылат?..

– Жашоонун өзү издөө, күтүү, сагыныч… Анын үстүнө чыгармачыл адамдар көңүлү тынч албаган, өзүн өзү кыйноону жакшы көрүшөт. Алар мүр бою издешет, күтүшөт, сагынышат. Ошон үчүн да барактары бош калбай, ар дайым калемдин сыясына булганып турса керек. Кээде издегениңди таап алгандай көңүлүң жай алып, оргуштаган сезимиң басаңдай түшөт. А бирок… жок! Кайра эле баягыдай жандүйнөң бөксөрүп, бөксөөнү толтурчу өзүңө да белгисиз бир нерсени издеп, өрөпкүп, сагынычың менен күтүүңдү барагыңа жомоктоп баштайсың.

– Ыр саптары көңүлгө кылт эткенде жалгыздыкты эңсеп калам дейсиз, үйбүлөдө мындай абалыңызды кандай кабыл алышат?

– Ыр – толгоо сыңары. Толгоо учурунда эне болочок наристесин жат көздөрдөн кызганып атып толгоосун качырып алат. Ал эмес, жаныбарлар да ошондой. Көңүлгө ээ-жаа бербей ыр сабы келсе, жалгыздыкта көз жарып алгың келет. Албетте, бир ирмем болсо да балама арнабай, өзүм үчүн ыр жаратып атканымды өзүмчүлдүк катары карап бушайман болуп кеткен да учурларым болот. Анткен менен ошол саптардан жылт эткен учкун бөлүнүп чыгып, көпчүлүктүн карегинен өтсө демек, бул өзүмчүлдүк эмес.

– Көпчүлүк ата – эне, өзгөчө чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөр уул – кызына өзүнүн түйшүктүү кесибин аркалатышкысы келишпейт. Сиз “акын болом”, деген балаңызга кандай аракет кылмаксыз?

– Күчтүү, чыныгы таланттын жолун бууй албайсың. “Алтынды дат баспайт”, “Айды этегиң менен калкалай албайсың”, дегендей эле кеп. Улуу уулум актерлук тарапка көп кызыгат. Көп жолу ал кесиптин канчалык оор экенин, эркек үйбүлөсүн каржылай турган табышкер болуш керектигин түшүндүргөнгө аракет жасадым. Сиңген жок. Чындап эле ошол тарапка ыктап калса, кесибине сүйүүсү күчтүү болсо жолун таап кетээр деп азыр тынч койдум. Кызым Мырзайым көз тийбесин, бардык жагынан шыктуу. Педагогдук күчтүү касиети бар, тили чыгалек балага сөз үйрөтүп коёт. Эч кимге баш бербеген жаш бала Мырзайымдын ыгына көнүп калат. Үйдө ар бирибизден интервью алып, журналист да боло калат. Байкап көрсөң суроолору да тың. Кичүү уулум Нурэл “Кыргыз Туусунун” редакторунун орун басары деген күбөлүктүн ээси. “Апа, мен акын болом”, деп калат.

– Биринчи бала менен биринчи неберинин окшоштугу бар бекен?

– Кызым толготкондо өзүм толготкондой, ичим ооруп чыккан. Неберемди көрүп алып, өзүм көз жаргандай кубанганымды сураба! Небере ширин болот деген чын экен, көзүмө неберемден башка эч ким көрүнбөй калган эле. Жолдошум “сен өзүбүздүн балабызды карабай небереңди карайсың да. Небереңе болушуп өзүңдүн балаңды урушасың”, деп таарынгандан кийин жолдошум барда неберемди көп эркелетпей турган болуп калдым.

– Балдарды тарбиялоодо кандай ыкманы колдоносуз?

– Кичинелеринен эле чоң ата – чоң энелерине жакын өстүрүшкө аракет кылгам. Биз жашпыз, алар деген улуу, көрөгөч адамдар, алардын да тарбиясын көрүп, сыйлоого үйрөнүшсүн дегем. Анан жүрөктөрүнө ыймандын бир бүдүрүн салганга аракеттендим. Кичинелеринен баштап “калп айтпа, ушак айтпа, ууру кылба, улууну сыйла”, деп айтып келдим. Жүрөгүндө ыйман бар адам эч качан жаман жолго баспайт.

– Балдарыңызга кол көтөргөн учуруңуз болду беле?

– Улуу кызым Нурайкамды он жашында бир ирет сабап койгонум бар. Аны ушул азыр да өзү эстеп калат. Анда “Кыргыз Караван” гезитинде иштечүмүн. Эртеден кечке тыным албай гезит чыгарасың, кайра аны сатасың, жазуучу да, сатуучу да өзүң. Чарчап үйгө келсем кайынсиңдим арызданганынан артына чапкылап, чымчып уруп койгом. Кийин көпкө жүрөгүм ооруп жүрдү, ошондон кийин балдарымды чымчыбас да болгом.

Жыпар Исабаеванын ырлары менен бул жерден таанышсаыздар болот.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.