Эртең “Оймо-2009” эл аралык фестивалы башталат

Бишкекте эртең, 6-августа, “Оймо-2009” 4-эл аралык фестивалы башталат, ал 11-августа Ысык-Көлдөгү Чолпон-Атада аяктайт. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигинин кабарчысына кол өнөрчүлүгүн колдоого Борбордук-Азия ассоциациясынын көргөзмө иши боюнча менеджери Айнура Бозгунчиева билдирди. Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун кол өнөрчүлөр Ысык-Көл жолунун боюнда чыгыш базарын ачышат, ал жерде келүүчүлөргө Маргалаңдын таза жибектен жазалган кездемелерин, өзбек жана кыргыз карапачыларынын керамикасын, Кыргызстандын ар түрдүү райондорунан келген кийиз буюмдарынын, казак зергерлеринин күмүш буюмдарын сунуш кылышат. Фестивалдын максаты маданияттар аралык диалогду жана маданий эл аралык туризмди өнүктүрүүнүн региондук аянты катары Кыргызстанды алга жылдыруу болуп эсептелет.

А.Бенгард, ЖТ, МА, “Кабар” МА, 05.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.