Ырларына жараша мүнөзү

Рамис Рыскулов

… Генийлер алкаштардан сабак алат.
Ошон үчүн турмуш жыттуу чыгармалары.
Чегирткедей чекилдейт.
Кандай күндү алар баштан кечирбейт…

Бул Рамис Рыскуловдун “Генийлер” деген поэмасынан үзүндү. Рамис агайды калемдештери “Ыр аке” деп коюшат. Айткандай эле турган турпаты, сүйлөгөнү, басканы – кудум эле өзүнүн ырындай. Жашоосу да ыр, сүйлөгөнү, ойлогону да ыр. Ыракеге дарак да, көчө да, адамдар да ыр болуп көрүнүшөт. Ал турмак сүйлөшүп аткан адамын да ырларындай кабылдап, ырларына жасаган мамилени жасайт. Ырына бир калп кошо албаган сыяктуу жашоодо да жасалмасыз, төгүлүп – чачылып жүрөт. Ырларынын саптарына окшоп, Ыраке түз баспайт. Учуп – күйүп, бирде оңго, бирде солго баштап… “Ырларымды терип берчи”, деп чоң-чоң тамгалар менен жазган баракчаларын көтөрүп келет. Бир баракка төрт сап ыры араң сыят. Өзү да чоң тамга менен жазылган инсан, жашоого сыйып-сыйбай… Анан ырын кимге бергенин унутуп коёт. Кыялынан сепил куруп, анын ичинде жашаган адам да. Эстетип берсең “мен сага карызмын”, дейт. Жөн эле терип бердим деп түшүндүрүүнүн кереги жок. “Карызсыз дебесең ооруп, уктай албай калам”, дейт. “Карыз болдуңуз”, дейм. Оорубасын, тынч уктасын дегеним да. Заматта кабагы жарк дей түшөт. Кээде биртке акча сунат. Албайм десең таарынат. Алып койсоң заматта кабагы жарк ачыла түшүп, ырларын кыңылдап окуп, карызынан кутулганына кудуңдап жөнөп кетет. Өгүнү жаңы бут кийим кийип келиптир. “Аялым алып берди, бул музейге коюла турган бут кийим”, дейт. “Батинкам жөнүндө поэма жазам”, дейт анан.

Жөнөкөй турмушту ыр кылып жөнөкөйдөй көрүнгөн бир адам жүрөт. Аткан таңын ыр менен тосуп алып, кечти ыр менен батырып. Өзү айткандай кези келгенде кийип жүрүп жырткан батинкесинен бери музейге коюп, кийинки муунга таберик болгон инсанга айланар. Ал күндү кечинен берсин, батинкеси дагы көп жылдар бутунда жүрө турсун дейли…

 

Гүлжамила Шакирова

Оо, эжени жакындан билгендер профессионалдардан ашып түшкөн ырчы дешет. Бийик, тунук үнү менен элдик ырларды созгондо ыйлаган бала да элейип тыңшап калат дешет. Мындай мүнөзүнөн кабары жок адам да эженин ырларын окуса мукам кайрык каптап турганын сезээр. Анан, компаниянын жүрөгү дешет. Жанындагы адамдарды күлкүгө маарытып, чукугандай сөз тапкан да жайы бар. Байкасаңыз, капалуу мүнөттөрүндө көңүлдүн караңгылыгынан сууруп чыгып, жашоонун сол беткейинин добулбасын кагып турган ырларында да көңүлдү муунтуп жибертпей, кайра сергилең тарттырткан айдарым жел оюн салып жүргөнсүйт. Ал айдарым жел – эженин жашоону ошол турушунда сүйгөн, капалыкка оңою менен алдырбай күлкү менен коркуткан шайыр мүнөзүнүн бир сыры…

Бактыгүл Чотурова

… Сагыныч сарыгып санааңдан,
Сапары өмүрдүн жай алган.
Башынан күрөшчүл адамзат,
Бактысын издөөгө жаралган.

… Жашоодо өзүңдү күткөн күн,
Келерин тапкын да, түздөнгүн.
Жазмышка балким, биз себепкер,
Изденгин, изденгин, изденгин…

… Уйкаштык боюнча Бактыгүл эже алдына адам салбаса керек. Ал турмак жөнөкөй айтылган сөзү да уйкашып калат. Мүнөзү да ошондой – күлкүсү менен капалыгы уйкашып катар келет. Бирде жарк этип күлсө, кайра муңая калат, анан кайра күлкү… Ырларынын сабында сагыныч жатат кылтыйып, “Сагыныч” деп китеп чыгарды. Көзүндө да, сөзүндө да сагыныч бар эженин. Басканы да, караганы да сагынычтын бир учкунун ала жүрөт. Кусалык менен куралган өмүрдө жандүйнөсүндө сагыныч менен кошо жакшы нерсесин жоготуп таппай жүргөндөй. Чындап эле эже жашоодо да баарын издейт – калемин, ачкычын, барагын… Кабинетин тинтип, бир нерсесин издеп жүргөнү жүргөн. Анан… ырларындай салмактуу, таасирдүү… Капа болуп урушканы да ырдай сезилет, күйүп – бышып сүйлөп атса, катуу тийбейт, жакшы ыр уккансып муюп отура бересиң.

 

Жыпар Исабаева

Күндү көрдүм түшүмдө!
Демек менин,
Күнүм тийет экен деп сени эстедим.
Күмүш күлкү тагынып добушуңа,
Күлүп келген кезиңди элестедим.
Айды көрдүм түшүмдө!
Демек менин,
Айлап күткөн адамым келет дедим!
Азаптарды арт жакка таштап эми,
Алдың тосуп чуркашым керек менин!..

… Мына ушундай. Ырларынын баш каарманы – ырларынын өзү. Жаңы ырын жазып атып да кийинки келчү ырын сагынып жолун утурлап тосуп жөнөйт. Ырларындай назик, анан бала кыял. Кытылдап күлүп атып эле, жоош боло калат. Берилип сүйлөп атсаң кулак төшөгөндөй башын ийкеңдеткени менен бир саамда эле сени тиктеп турган көздөрү бопбош болуп калат. Бул – жаңы ыры келе жатканын кабарлап, аны тосуп алууга камылга көрө баштаганынын белгиси. Андайда жанынан жылып эле жөнөбөсөң… сүйлөөнүн пайдасы жок.
“Алдың тосуп чуркашым керек менин”, деп атып эле “бактылуу кылдым сени сүйбөй коюп”, деп тетири бурулгандай кээде эргип ыр окуп берсе, кээде сурансаң да окубай коёт. Бу да көкүрөктөгү поэзия жашоонун табышмагы болсо керек.

 

Сагын Акматбекова

… Эч ким баса албайт. Поэзиядагы тагдырын айтам. Өзүнүн жүзү менен үнүнөн тапталган чыйырын айтам… Чыйырына баш багып ырларына үңүлгөн адам жандүйнөдөгү оор кара таштан айрылат, кадимкидей өрөпкөөнү, жеңилденүүнү сезет. Кыйналып – кысталбай оңой түшкөн саптар… Күчтүү адам өмүрдү жеңил басып өтөт. Күчтүү аялзат… Ырларындай терең, ырларындай түпсүз, ырларындай сүрдүү… Ырларында көңүлгө жат нерсени какмалагандай жашоодо жалкоолук менен келише албай жалкоолорду какмалап жибермей жайы бар дешет. Аш – тойго көп барбайт, эл алдына көп чыкпайт. Ошондонбу, ырларында да курулай кыйкырык менен “дежур” сөздөр жок. Ким бирөөгө арноо жазганын эч ким билбейт экен. Ырды баарынан бийик койгону го, жакшы адам жаман болуп чыгышы мүмкүн, бирок поэзия ар дайым тунук, ар дайым улуу бойдон калышы керек дегенидир.

… Алмустактан аян кылбай, үн катпай
Мени гана күтүп жаткан болучу.
… Мен басаармын. Менден башка ким басат?-
Тагдырымдын жалгыз аяк жолу ушул.

 

Алик Акималиев

Ырлары жазууга үлгүртпөй шаштырып көңүлгө келет болуш керек. Анткени, өзү шамалдай удургуп, буюгуп, учуп – конуп жүрө берет. Бир орунга турбайт, кайсы редакцияга барсаң Алик байкенин башы көрүнөт. Кайсы редакциядан жолуксаң сурай берет: “Ушул жерде иштеп атасыңбы?” Жок деген жообуңду кулактын сыртынан кетирет, башка редакциядан кайра сурайт: “Ушул жердесиңби?” Берешен адам, талантын аябай арноо ырларын төгүлүп – чачылып жазат. “Срочно” керек болуп калса, башка бирөөгө арнаган ырындагы ысымдарды өзгөртүп кийинкисине деле арнай салат… Жашоодо да бир сөздү беш – алты адамга катарынан кайталап салат да, аягында ал сөздү чын дилинен кимге арнаганын өзү да унутуп калат. Кыргыз деп ураан чакырып, улутка күйүп – бышкан патриот, кыргыз десе кырынан жата калат. “Поэзия азгырбаганда президент болуп кыргызды кыйын күндөн алып чыгат элем”, дейт. Сиз президент болсоңуз, чырактай болгон “Чыракты” ким жазат эле да, кыргызга “Чырак” болуп ким жагылат.

 

Венера Бөлөкбаева

… Кечир курбум, уруксатпы,
Бала мышык колумда.
Көзүм таштай албай койду,
Жатыптыр дал жолумда.
Энеси аны неге таштап,
Неден азап чекти экен.
Азык издеп чыкты бекен,
Кокус өлүп калдыбы?…

“Обондун “мындан он эки жыл мурун чыккан санынын саргайган барактары дал ушул ыры менен дагы деле менде сакталуу. Венера эжени биринчи ушул ыры менен тааныгам. Өтө борпоң, өтө боорукер адам болсо керек деп ойлогом. Чындап эле эженин мүнөзү дал ошондой экен. Тараканды да өлтүрбөй, көрүп калса акырын гана эшикке чыгарып коёт. Эже менен басканда жерди тиктей берип желкең ооруп чыгат – кокус кумурсканы байкоосуз тебелеп алсаң да жүрөгү ооруп калат. Айнек жандүйнөлүү. Капыс чыккан бир ооз сөз да жандүйнөсүн талкалап жибериши мүмкүн. Айта турган сөзүңдү он жолу ичиңден кайталап, анан чыгарасың. Бирок… ошондо да бир жолу таарынып алат. Бат жазыла турган таарынчаактан. Ырларында да ошондой, капаланган саптарында да жашоого болгон сүйүү жайгашкан. “Бул жандыкты жаман көрөм”, дегенин укпайсың. Кумурскадан баштап чочкого чейин Венера эженин достору, сырдаштары. Коркпой көңүлүндөгү сырларды айта бересиң. Кудук. Ага сыр кылып куйган нерсе кайра чыкпайт. Анча – мынча кемчиликтерди чукуп отурбайт, эжеге кайырчыбы, ханбы айырмасы жок. Жүрөгүндө адам болсо ал пенде, ырдашып, сырдашып жүрө берет.

Гүлмайрам Турусбекова,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.07.2009-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Ырларына жараша мүнөзү

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.