Орус драма театрында “Эки коёндун артынан түшүп” деген жаңы спектакль даярдалууда

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын актерлеру М.Старицкийдин бир аталыштагы пьесасы боюнча “Эки коёндун артынан түшүп” деген жаңы спектакль-комедиянын репетициясына киришти. Бул туурасында 7-августта “КАБАР” агенттигинин кабарчысына театрдын басма сөз кызматынын жетекчиси Владимир Трофимов билдирди.

Режиссер-коюучу – Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Самарканддагы А.Чехов атындагы Орус драма театрынын башкы режиссеру Вячеслав Бродянский, сүрөтчү-коюучу Юлдаш Нурматов, кийим боюнча сүрөтчү Зухра Мукамбетова. Режиссер жаңы спектаклди кокусунан тандап алган эмес. Бүгүнкү күндө көрүүчү драматургиянын башка жанрларына караганда комедияны жакшы көрүшөт,- деп эсептейт ал. – Пьесанын сюжети көңүлдүү жана кызыктуу, эң ар кыл курактагы театралдарды кайдыгер калтырбайт. Мен жаңы спектаклдин ийгилигине ишенемин”.

Комедиядагы ролдорду театрдын көрүнүкүтүү актерлору, эл артистери Анатолий Адали, Владимир Москалев, Татаьяна Стрельцова, эмгек сиңирген артистер Зинаида Петренко жана Лариса Любомудрова, актерлер Валерий Крайнов, Елена Амираева, Галина Кетова, Александр Марусич жана башкалар, ошондой эле мектеп-студиясынын студенттери Марк Гликман жана Евгений Романов аткарышат.

Спектаклдин премьерасы 5-сентябрда болот.

Бенгард, ЖТ, “Кабар” МА, 07.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.